Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:04

"Абактагы Махабатка боштондук". Эл аралык уюм петиция жарыялады


Камакта жаткан Махабат Тажибек кызы, 13-май, 2024-жыл
Камакта жаткан Махабат Тажибек кызы, 13-май, 2024-жыл

Amnesty International уюму абакта отурган журналист Махабат Тажибек кызын бошотууга, ишти кайра кароого чакырган петиция жарыялады. “Айт, айт десе” жана Темиров LIVE долбоорлорунун директору Тажибек кызына “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылып, былтыр алты жылга кесилген эле.

Бир катар эл аралык уюмдар соңку жылдары Кыргызстанда журналисттердин жапырт кармалып, сот жообуна тартылышын айыптап, бийликти аларга козголгон кылмыш иштерин токтотууга чакырып келет.

Алты жылга абакка кесилген Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызын бошотуп, анын ишин кайра кароого чакырган петицияны эл аралык Amnesty Internationalукук коргоо уюму жакында жарыялады. Анда журналист жетектеген өлкөдөгү белгилүү иликтөөчү маалымат каражаты коррупциялык фактылар тууралуу жазганы, мындан улам ал чоң тобокелчилик менен иштегени белгиленген.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров бул акциянын алкагында дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө журналисттер анын жубайынын ишмердүүлүгү жана соттун чечимдери тууралуу кеңири макалаларды жазып, маселени коомчулукка жеткирүүгө көмөктөшөрүн белгилейт:

Болот Темиров
Болот Темиров

"Биздин бийлик өзүнө гана ишенүү менен Махабат Тажибек кызы мыйзамдуу камакта отурат деп чечим чыгарбаса эле, калгандын баары, адекваттуу адамдар бул ишти көргөндөн кийин эле ал чечим мыйзамсыз болгонун, тергөө мыйзамсыз башталганын жана ал түрмөдө күнөөсүз отурганын жакшы түшүнөт. Ошондуктан бул уюм колдоп, Махабатты "Жылдын туткуну" деп атап жатат. Бул акциянын алкагында түрдүү иш-чаралар болот. Албетте, бул соттун чечимине кандайдыр бир таасир эте албайт".

Болот Темиров: Журналисттин куралы - чындык
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:03 0:00

Быйыл апрель айында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) негизсиз камакка алуу көрүнүштөрүн иликтеген жумуш тобу Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун мурунку жана ошол кездеги кызматкерлеринин кармалышы Адам укугунун жалпы декларациясынын, Жарандык жана саясий укуктар тууралуу эл аралык пакттын бир канча беренесин бузганын белгилеген.

Бийликти сындаган материалдарды жарыялап келген Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген, жетектеген жана буга чейин кызматташкан 11 журналист жана активист 2024-жылы январь айында кармалып, аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып тагылган. Кийин жетөө акталып, эки журналист абакка кесилсе, дагы экөө пробациялык сыноо менен бошотулган.

Абакка кесилгендердин бири акын жана журналист Азамат Ишенбеков президент Садыр Жапаровдун ырайымына ылайык, быйыл апрелде абактан бошотулуп, эркиндикке чыккан.

Ал эми Болот Темировдун аялы Махабат Тажибек кызы ушул тапта абакта жатат.

"Экөөнү тең көргүм келет". Болот Темировдун ата-энесин күткөн уулу
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:22 0:00

Адвокат Акмат Алагушев эл аралык уюм жарыялаган петициянын маанисине токтолду:

Акмат Алагушев
Акмат Алагушев

"Бул жөн гана петиция, ал көңүл бурдуруу үчүн жасалчу иш. Бирок кандайдыр бир күчү же таасири жок. Ал эми БУУнун тийиштүү комитети карай турган болсо ага жок дегенде үч жыл керектелет. Бирок ошенткен күндө да биздин өкмөткө, сот органдарына келген алардын бүтүмдөрү бир гана сунуш катары берилет. Маселен, биз дагы учурунда ошол кездеги президенттин Дина Маслованын үстүнөн жазган доо арызы боюнча да БУУга кайрылып, алардын бүтүмүн алганбыз. Биз аны көтөрүп алып сотко барганыбыз менен соттор аны канааттандырбай калтырып койду, аны караган да жок. Өкмөт же соттор деле буга маани бербейт".

Журналист жана медиа талдоочу Миржан Балыбаев эл аралык уюмдардын көз каранды эмес журналисттердин куугунтукка кабылып, камакка алынышына карата тынчсыздануулары, билдирүүлөрү бул маселеге коомчулуктун көңүлүн бурдуруу аракети экенин белгилейт:

"Бир эле Кыргызстандын тарыхында жалаң гана журналисттер эмес саясатчылар боюнча да "Чек арасыз журналисттер" уюму жана башка эл аралык мекемелер ушул өңдүү билдирүүлөрдү жасап, өз бүтүмдөрүн жарыялап келет. Албетте, бул эми архивде калат, түрдүү докладдарда айтылат сөзсүз түрдө. Андан тышкары билдирүүлөр да жасалат. Махабат Тажибек кызынын өмүр таржымалында бул факт катары калып, жазылып калат".

Медиа-эксперт Тамара Валиеванын айтымында, мындай петициялар юридикалык күчкө ээ болбогону менен демократиялык өлкөлөрдө бийлик коомчулуктан берилген мындай белгилерге тыкыр көңүл бурат. Ал петицияга кол коюу менен жарандар адилетсиздикке, соттун акыйкатсыз чечимдерине макул эместигин, нааразылыгын көрсөтөрүн, бирок буга азыр кыргыз бийлиги көңүл бурары күмөн экенин белгилейт.

Тамара Валиева
Тамара Валиева

"Тилекке каршы, биздин мамлекетте мындай аракетке азыр эч ким көңүл бурбайт го. Бирок бул мага, петицияга кол койгон кишиге маанилүү. Бул дагы да болсо кайдыгер эмес жарандар бар экенинин көрсөткүчү болуп саналат. Анткени коомубузда дагы да болсо өз пикири, көз карашы бар адамдар аз эмес. Бийлик муну менен коомубузда баары эле бирдей ойлоно бербеген, башкача пикирдеги адамдар да бар экенин көрүшү керек. Демократиялык коомдо мындай петициянын мааниси зор. Мен кайсы бир учурда коомчулук кагып жаткан коңгуроо угула турган күн келет деп үмүттөнөм, балким ошондо бул иш кайра каралаттыр".

11 журналисттин иши медианы кандай өзгөрттү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:20 0:00

Кыргыз бийлиги Кыргызстан демократиялуу өлкө экенин, сөз эркиндиги жана башка конституциялык эркиндиктер өлкөгө аба-суудай керек экенин белгилеп, журналисттерди жоопкерчиликтүү болууга чакырып келет.

Журналисттердин камалышы боюнча былтыр сентябрда президент Садыр Жапаров да пикирин билдирип, аларды “жасалма маалымат таратышкан” деп айыптаган.

Быйыл апрелде Amnesty International уюмунун Дүйнөдөгү адам укуктарынын абалына арналган баянмадасы жарык көрүп, анда Кыргызстанда жарандык коомго, көз карандысыз маалымат каражаттарына жана укук коргоочуларга кысым күчөгөнү белгиленген. Эл аралык уюм таянган укук коргоочулардын маалыматына караганда, 2024-жылдын тогуз айынын ичинде эле прокуратура журналисттерге, жарандык активисттерге жана блогерлерге каршы 70тен ашык кылмыш ишин козгогон. Көп учурда "улут аралык кастыкты козутуу", "массалык башаламандыкка чакыруу", "конституциялык түзүлүшкө шек келтирүү" беренелери колдонулган. Бирок укук коргоочулар бул иштердин көбү бийликти, коррупцияны, укук бузууларды жана социалдык адилетсиздикти сындаган материалдар менен байланыштуу болгонун белгилешет.

Шерине

XS
SM
MD
LG