Он айдан ашуун убакыттан бери өкмөткө каршы акциялар тынчыбай келаткан Грузияда бийлик митингге чыккандарды чектеген кезектеги чечимин кабыл алды. "Азаттыктын" грузин кызматы билдиргендей, эми нааразылык акциясына чыккан адам бетин жапса же жол торосо 15 күнгө чейин камакка алынат.
Полициянын митингди токтотуу тууралуу талабына баш ийбегендер 60 суткага чейин камалат.
Эгер демонстрацияга чыгып, жаза алган адам ошондой эле айып менен бир жыл ичинде кайрадан кармала турган болсо анда ага каршы кылмыш иши козголуп, бир жылга чейинки мөөнөткө камакка алынышы ыктымал.
Мындай эскертүүсүн өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ТИМ) 17-октябрда жарыялады.
Ал тапта соңку бир күндө полиция 4-октябрдагы протестке катышкан дагы 16 кишини кармап кеткени белгилүү болду. Бул күнү митингчилер президенттин кеңсесине кирип барууга аракет кылышкан жана буга чейин да 62 киши кармалганы кабарланган.
Грузияда азыркы нааразылык акциялары 2024-жылы ноябрда башталган. Буга премьер-министр Ираклий Кабахидзе өлкөнүн Европа биримдигине мүчө болуп кирүүсү тууралуу сүйлөшүүлөрүн токтотуп койгону себеп болгон. Евробиримдикке кошулуу аракетин Грузия көптөн бери көрүп келаткан. Кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясы жетектеп турган парламенти жана өкмөтү Орусияныкындай оппозиция менен басма сөз эркиндигин чектеген “чет элдик агент” мыйзамын кабыл алып, ага каршы чыккан тынч демонстрацияларды күч менен баскандан кийин Батыштагы өнөктөштөрүнүн сынына кабыла баштаган. (RK)
Шерине