Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:26

Уран казууга каршы чыгып жүргөн активист Марат Акатовго өкүм чыкты


Марат Акатов
Марат Акатов

Уран казууга каршы чыгып жүргөн балыкчылык активист Марат Акатов Балыкчы шаардык сотунун өкүмү менен 15-сентябрда 2 жыл алты айга абакка кесилгени маалым болду. Бул маалыматты "Азаттыкка" анын жакындары ырастады.

Акатовду милиция быйыл 25-августта кармаган. Ага айып Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү боюнча (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) тагылган.

Активисттин кармалышына жана сот жообуна тартылышына анын Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрү негиз болгону айтылды. Ал шаардык соттун өкүмүнө каршы апелляциялык арыз берди.

Ишти караган сот органынан жана прокуратура мекемесинен бул боюнча расмий маалымат жарыялана элек.

Марат Акатов 2019-жылдан бери Ысык-Көлдүн аймагында урандын казылышына каршы чыгып келген активдүү жарандардын бири. Ал уран казуу элдин ден соолугуна олуттуу залал келтирерин, кесепети оор болорун ачык айтып, бийликтин аракеттерин сындап келген.

2019-жылдын аягында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салынган. Анын алдында Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы бир катар нааразылык акциялары өткөн.

Мындан улам өкмөт бул кенди казганы жаткан “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын лицензиясын токтоткон. Аталган компания ага чейинки жумуштарына 270 млн сомдон ашык коротконун, уранды коопсуз жол менен казып аларын билдирген.

Кыргыз өкмөтү 2021-жылы сентябрда өлкөдө уран казууга жол ачкан мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Энергетика жана өнөр жай министрлиги даярдаган долбоордо 100% үлүшү мамлекетке таандык ишканаларга гана уран жана торий иштетүүгө уруксат берүү шарты жазылган. Алар инвестор таап, биргелешкен компания түзсө болору көрсөтүлгөн.

Кызыл-Омпол кенинде титаномагнетит өндүрүү пилоттук режимде ушул жылдын июлунда ишке ашырыла баштаган.

Коомчулукта Кызыл-Омполдогу өндүрүш экологияга зыянын тийгизбейби деген чочулоо айтылса, өкмөт эч кандай кооптоно турган жагдай жок экенине ишендирип келет. Бирок өкмөт кенди иштетүүнүн техникалык-экономикалык негиздемеси менен айлана-чөйрөгө тийгизе турган таасири тууралуу документтерди азырынча жарыялай элек.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кызыл-Омполдо болжол менен 14 млн 757 миң тонна кен бар. Анын ичинен 95% титаномагнетит, 3% фосфор, 2% цирконий, 0,22% торий жана 0,17% уран.(KS)

Шерине

XS
SM
MD
LG