Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:56

"Балам үйдө эле отурсун". Чуулгандуу видео мектептерге дүрбөлөң салды


Бишкектеги мектептердин бири. 2025-жылдын 17-октябры.
Бишкектеги мектептердин бири. 2025-жылдын 17-октябры.

Бишкекте мектеп окуучуларынын коопсуздугуна коркунуч жараткан видео коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Күч органдары жана билим берүү башкармалыгы тынчсызданууга негиз жоктугун билдиргени менен 17-октябрда көпчүлүк ата-эне балдарын мектеп, бала бакчага жөнөткөн жок.

Коомчулукта коркунуч жаралган айрым жагдайларга мамлекеттик мекемелер канчалык даяр жана мындайды алдын алуу үчүн кандай эрежелер керек деген маселе талкууда.

Бишкектин чок ортосундагы мектептердин биринде 16-октябрда милиция кызматкерлери шектүү буюм бар-жогун издеп текшеришти. 17-октябрда ал жерде киши аз, мугалимдер жана чоң класстын окуучулары ишембилик өткөрүп жүрүштү.

Айрым ата-энелер интернетте тараган шектүү видеодон улам кооптонуп бул күнү балдарын мектепке жөнөткөн эмес.

Бишкектеги мектептердин биринде кызы окуган Майрам Уларбек кызы маалымат 16-октябрда кечинде саат сегиздерде түшкөнүн айтты:

"Менин үч балам окуйт. Группадан мугалимдерден түштү. Ушундай ыктымал болуп жатат, балким болуп калса, балдарды жибербей эле койгула деп. Жиберген жокпуз. Андан көрө балам үйдө тынч отурганы жакшы".

Бул мектептин жанындагы бир нече балдар аянтчасы дагы бош турду. Адатта жайнап жүргөн балдар дээрлик көрүнгөн жок.

"Бир аз эле коркуу болду, бирок өзүбүздү тынчтандырып, эч коркуу кереги жок деп... Азыр эми заман ушу да. Бирок, көпчүлүгү, мына, ойногон жерде да эч ким жок. Балдарды мектепке да, бала бакчага да алып барган эмес окшойт", - деп калды дагы бир маектешибиз Жийде Кабылбекова.

Бишкекте 16-октябрда кечке маал интернеттеги мессенжерлерде белгисиз бир адамдын видеосу тарап, анда ал балдарга кол салуу тууралуу айтып коркуткан. Бул маалымат интернетте ата-эне, балдардын топторунун арасына тез эле тарап, андан ары мэрия мектептер онлайн окууга өткөнүн жарыялаган.

Ошол түнү Бишкек шаардык милициясы жалган маалымат тараганын билдирип, балдар кайра мектепке келиши керектигин эскерткен.

Борбор калаанын Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Айбарчын Баатырбекова интернетте чуулгандуу видео тараткан адам аныкталганын айтты:

Айбарчын Баатырбекова
Айбарчын Баатырбекова

"102 кызматына билим берүү мекемелеринин Телеграм каналдарында ушундай коркутуу камтылган билдирүүлөр түшүп жатканы тууралуу телефон чалуулар болду. Факт маалыматты каттоо журналына түштү. Видеодогу жарандын ким экенин жана кайдан чыгып жатканын аныктоо үчүн кибер бөлүмдүн кызматкерлери оперативдүү аракет көрө баштаган. Жыйынтыгында ал Орусиянын Ички иштер министрлиги эл аралык издөөгө алган Овсюк Ярослав деген жаран болуп чыкты".

Милиция ушул эле Телеграм каналда сүрөтү табылган бишкектик өспүрүмдүн ал киши менен байланышы жок экенин кошумчалады. Баланын ата-энеси милицияга чакыртылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү маалымдалды.

Бул арада Ички иштер министрлиги 20 жаштагы Овсюк Ярослав буга чейин телефон терроризми үчүн издөөгө алынганын, ал мурда кийин Кыргызстанга келбегенин билдирди.

Милиция менен катар Бишкек мэриясы элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

"Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын аймагындагы муниципалдык мектептеринин баары кадимкидей режимде иштеп жатышат. Бардык балдар окуу процессине катышып жатышат. Кечээ күнкү маалыматка байланыштуу Ички иштер министрлиги өздөрүнүн иш-чараларын өткөрүштү. Эч кандай коркунучу жок", - деди Бишкек мэриясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Айсулуу Касмалиева.

Коомчулукта бул окуядан кийин коркунуч жаралган айрым жагдайларга мамлекеттик мекемелер канчалык даяр жана мындай учурларды алдын алуу үчүн кандай эрежелер керек деген маселе талкууланып жатат.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев ушундай кырдаалда көрүлө турган аракеттин стандарттарын жаңыртыш керек деп эсептейт:

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

"Чынында мындай окуя биринчи жолу эмес. Былтыр эле мектептерде "бомба жатат, бомба бар" деп бир топ эле билдирүү чыккан. Кечээ видео келди. Бул оңой иш – телефондук террорист деп коебуз. Паника кылбаш керек, негизи так инструкция болуш керек, ушундай учурда эмне кылуу тууралуу. Ата-энелер, мугалимдер, мамлекеттик органдар эмне кылыш керек деп так инструкция жазылышы зарыл. Керек болсо окутууларды уюштуруш керек. Мен азыр эл аралык тажрыйбаны окудум. Ал жерде кимдир бирөө ушундай билдирүү жасаса дароо мектепти жабуу, баарын үйгө таратуу деген жок. Биз бир топ каражатты жөн эле кетиребиз. Өлкөдө тийиштүү инструкциялар бар, менимче. Бирок "барып дароо эвакуация кылыш керек" деген советтик учурдагы эреже. Ал эми азыр 21-кылым. Маалымат бат эле таратылат. Дүрбөлөңгө түшпөө үчүн так инструкциялар түзүлүп, анда кандай учурда ким эмне кылышы керектиги даана жазылышы зарыл".

Укук коргоо органдары ушул тапта Ярослав Овсюкту издөө уланып жатканын билдирди.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматында, азырынча ал адамдын кайда жүргөнү белгисиз.

"Манас" аэропортундагы коопсуздук

17-октябрда Бишкектен 23 чакырым жерде турган "Манас" эл аралык аэропортунда террордук коркунуч тууралуу маалыматка байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

"Аэропорттун авиациялык коопсуздук кызматы аэробекеттин имаратын жана анын айланасын кылдат текшерүүдөн өткөрүүдө. Жарандардын жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо максатында бардык көзөмөл чаралары күчөтүлдү", - деп жазылган аба майданы тараткан маалыматта.

Өлкөнүн башкы аэропорту кадимки тартипте иштеп жатканы, коомдук тартипти камсыздоо жана көзөмөлдү күчөтүү үчүн кошумча кызматтар тартылганы белгилүү болду. "Кыргызстан Аэропорттору" ААКсы жарандарды тынчтыкты сактоого жана маалыматты расмий булактардан гана алууга чакырды.

Былтыр “Манас” аэропортуна бомба коюлганы тууралуу бир нече жолу маалымат түшкөн. Аэропорттун басма сөз кызматы кийин бул маалыматтын баары жалган болуп чыкканын билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG