Украин президенти Владимир Зеленский өлкөсү кайрадан Орусиянын согуштук дрондорунун чабуулуна кабылганын, бул жолу анын кичи мекени Кривой Рог шаары да зыян тартканын 17-октябрга караган түнү, Вашингтонго АКШ президенти менен жолугушууга жөнөп жатып билдирди.
Украинанын түштүк-чыгышында жайгашкан шаарга урулган соккуну ал Орусия Украинага каршы террорун улантып жатканынын дагы бир көрүнүшү экенин белгилеп, "үстүбүздө дагы аткылоочу ондогон учкучсуз учак учуп жүрөт" деп айтты жана ракеталар да бар экенин кошумчалады.
"Негизи соңку апталарда бир дагы түн тынч эмес. Орусия Украинаны аткылоосун улантууда. Көбүнчө инфраструктура объектилери бутага алынууда", -деди Зеленский.
Ал Орусия Украинага каршы ачкан согушун токтотууга согушууга жөндөмү жок калганда гана аргасыз болорун, орус бийлиги тынчтыкты каалаган чыныгы ниети бар болсо анысын сөз менен эле айтып эмес, иш жүзүндө аткылоосун, адамдарды өлтүрүүсүн токтотуп гана көрсөтө аларын белгиледи.
"Андыктан абадан коргонуу системаларынын ар бири Украина үчүн маанилүү. Биздин мүмкүнчүлүгүбүздү бекемдөөгө багытталган кандай гана чечим болбосун, ал согуштун аякташын жакындатат эле. Ортодо макулдашылгандын, анын ичинде Вашингтондо сүйлөшүлгөндүн баары ишке ашса коопсуздуктун кепилдиги болот", - деди Владимир Зеленский.
Украин лидери Вашингтондо экенин, Ак үйдө АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушарын 17-октябрда Telegram каналына жазды. Ал энергетика жана коргонуу компанияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу, абадан коргонуу боюнча кошумча системалар маселесин талкуулоо пландалып жатканын билдирди.
Трамп менен Зеленскийдин бул жолку жолугушуусундагы талкууланары күтүлүп жатканы негизги маселе - Tomahawk канаттуу ракеталары. Дээрлик төрт жылдан бери Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы күрөшүп келе жаткан Украина АКШдан алыска атуучу куралдын мына ушул түрүн да алууга үмүттөнүүдө.
Соңку кезде Орусиядан көңүлү калганын, орус бийлиги согушту токтотпой жатканына нааразы экенин бир нече жолу билдирген Трамп 16-октябрда орус президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн, аны менен жолугушмай болгонун, бул үчүн Венгриянын борбору Будапештке чакырганын жарыялады. Эки жетекчинин жогорку кызматтагы кеңешчилери келерки аптада жолугарын, андан кийин "согушка чекит коё алар-албасын көрүү үчүн" эки президент өзүлөрү да кездешерин социалдык түйүнүнө жазды.
Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып АКШ президенти Путин менен жолугушуусу "эки апта ичинде" болот, аларды Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан кабыл алат деп болжолдонуп жатканын билдирди. Белгилүү болгондой, Орбан согуш башталгандан бери орус тарапты колдоп, Евробиримдиктин Украинага жардам боюнча чечимдерине каршы чыгып келе жаткан саясатчы.
"АКШ менен Орусиянын президенттеринин пландалып жаткан жолугушуусу дүйнөдөгү тынчтыкты каалаган бардык адамдар үчүн мыкты жаңылык. Биз даярбыз!", - деди Виктор Орбан.
Кремль да, Ак үй да 16-октябрдагы телефондук сүйлөшүүнү "жакшы", "натыйжалуу" деп баалашты.
Кремлдин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Юрий Ушаков сүйлөшүү "аябагандай ачык жана ишенимдүү" болгонун, эки өлкөнүн башкы дипломаттары Марко Рубио жана Сергей Лавров да жакынкы аралыкта телефон аркылуу байланышып, кененирээк сүйлөшөрүн айтты. Анын белгилешинче, Трамп менен сүйлөшкөндө Путин ага Украинага Tomahawk ракеталарын берүү согуш талаасындагы кырдаалды өзгөртпөй турганын, тескерисинче, "тынчтык аракеттерине зыян келтирип, Орусия менен АКШ ортосундагы алакага доо кетирет" деп айтты.
Зеленский Трамп менен боло турган жолугушуусу тууралуу:
"Террорду жана согушту бөгөттөө аракети Жакынкы Чыгышта жакшы натыйжа бере алгандыктан биз Орусиянын Украинага каршы согушун токтотууга да жардам берет деп ишенебиз", - деп билдирди.
Ошону менен катар Зеленский Москва Tomahawk тууралуу укканда эле "диалог баштоого шашылып каларын" белгиледи.
АКШ Украинага Tomahawk бериши ыктымал болуп калганы тууралуу талкуу башталган соңку күндөрдөн бери Трамп менен Зеленский эки жолу сүйлөштү. Трамп мындай ыктымалдыкты четке каккан эмес. Бирок 16-октябрда Кошмо Штаттарга курал-жарагынын бул түрү өзүлөрүнө да керек экенин, "запасын азайта албай турганын" билдирди.
Бул ракета 1,5-2,5 миң чакырымдык аралыкка чейин уча алат. Ал өзөктүк дүрмөт менен жабдылат. Теориялык жактан алып караганда Украинанын аймагынан Орусиянын борбор калаасы Москвага чейин жете алат.
Дональд Трамп бул куралды "катуу, чабуул коё алуучу жана абдан кыйратуучу" деп мүнөдөп, анын бутасында калууну эч бир жан каалабай турганын кошумчалады. Путин менен сүйлөшүүдө Tomahawk тууралуу айтканын, бул идея аны кубандырбаганын билдирди.
16-октябрда Ак үйдө өткөн пресс-конференцияда Кошмо Штаттардын президенти Орусиянын Украинага каршы согушу глобалдуу конфликте ырбап кетишине жол бербей турганын айтты.
"Үчүнчү дүйнөлүк согушка алып келмек деп ойлойм. Бирок андай болбойт", - деген Трамп азыркы согуштун тутанып кетишине туура эмес саясат себеп болгон деп өзүнө чейинки президент Жо Байденди айыптады.
Шерине