Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

Reuters Индия Орусиядан мунай импортун эки эсе кыскартып жатканын жазды


Индия.
Индия.

Reuters маалымат агенттиги АКШ администрациясындагы булактарына таянып жазгандай, Индия Орусиядан мунай азыктарын сатып алууну 50% азайтууда. Мындай чечимге Индия өкмөтү ушул аптада Вашингтондө өткөн жолугушуулардан кийин келгени, америкалык тарап сүйлөшүүлөрдү натыйжалуу болду деп баалап жатышканы кабарланды.

Бирок индиялык мунай иштетүүчү заводдор өкмөтүнөн Орусиядан импортту 50% кыскартуу тууралуу буйрук албаганын айтышты.

Агенттиктин маалыматына караганда, индиялык эки ишкана Түштүк Америкадагы Exxon Mobil компаниясынан 4 миллион баррел чийки мунай сатып алуу тууралуу келишимге кол коюшту. Буга чейин Индия аталган аймактан мунай сатып алчу эмес.

АКШ президенти Дональд Трамп Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен сүйлөшкөнүн, ал Орусиядан мунай азыктарын сатып алууну токтоторун айтканын билдирген. Бирок Индиянын Тышкы иштер министрлиги ал күнү эки лидер сүйлөшкөнү тууралуу маалыматы жок экенин кабарлаган. Ошол эле күнү Индиянын мунай министри өлкөдөгү ишканалардан Орусиядан мунай сатып алуу көлөмү, ноябрь жана декабрь айларына пландары тууралуу маалыматын чогултканы белгилүү болгон.

Президент Трамп Индияга, Кытайга жана Орусиядан мунай сатып алган башка да өлкөлөргө ачык кайрылып, Кремлдин Украинадагы аскердик аракетин бекемдөөгө шарт түзүп жаткан мунай сатып алууларды токтотууга чакырган. Августта Трамптын администрациясы индиялык импорт үчүн алымдарды 25тен 50% чейин көтөрүп, Делиге орусиялык мунайдан баш тартуу шартын койгон. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG