Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте Евразия университети деп аталган жогорку окуу жайда коррупция аныкталганын, буга байланыштуу жалпысынан төрт киши кармалганын, арасында мурдагы ректору (С.М.А. атуу жаран) да бар экенин билдирди.
Атайын кызмат 18-октябрда тараткан маалыматта аталган окуу жайда "документтерди жасалмалоо" фактысы боюнча айрым окутуучуларына карата кылмыш иши козголгону, алар кээ бир студенттер системалуу түрдө сабакка катышпаганын билип туруп баа коюп келгени айтылды.
Шектүү катары жалпысынан 19 окутуучу аныкталган. Алардын арасынан кармалган төртөөнүн бири мурдагы жетекчи, азыркы тапта Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окутуучу болуп иштеп жаткан С.М.А. аттуу жаран Бишкектеги №1 тергөө абагына бир айга камакка алынды.
УКМК билим берүү мекемелеринде коррупцияга каршы күрөш уланып жатканын белгилеп, бир катар окуу жайга байланыштуу маалымат тараткан. Анда Бишкек шаарындагы, Нарын, Ысык-Көл, Баткен облустарындагы жогорку окуу жайлардан жүздөгөн студент чыгарылганын, алардын айрымдары бюджеттик орундарга мыйзамсыз кабыл алынганы аныкталганын айтып, “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон фактылар да бар экенин маалымдаган.
9-октябрда Иса Ахунбаев атындагы Мамлекеттик медициналык академиянын окутуучусу 150 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганы белгилүү болгон.
Шектелип кармалган окутуучулардын өкүлдөрү азырынча маалымат бере элек.
Жемкорлук аныкталды деген жогорку окуу жайлардын көбүндө чет жактан келген студенттер да билим алышат. (KS)
Шерине