Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:04

Трамп менен Зеленский жолугушту: "Томагавк" ракетасына такалган маселе


АКШ президенти Дональд Трамп менен Украинанын лидери Владимир Зеленский Ак үйдө, Вашингтон, 17-октябрь, 2025-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп менен Украинанын лидери Владимир Зеленский Ак үйдө, Вашингтон, 17-октябрь, 2025-жыл.

17-октябрда Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп Украинанын лидери Владимир Зеленский менен жолукканда Киевге "Томагавк" ракеталарын берүү тууралуу суроого так жооп болгон жок. Бул Украинанын согуштук стратегиясы жана эл аралык мамилелер үчүн маанилүү талкууну жандантты.

"Аларга бул ракеталар зарыл деле болбой калат го дейм. Биз согушту "Томагавктарсыз" эле токтото алабыз деп үмүттөнөм" - деди Трамп журналисттерге жолугушуу башталар алдында. Андай ракеталар АКШнын өз коопсуздугу үчүн да маанилүү экенин белгиледи.

"Томагавк" - олуттуу маселе. Бирок бизге да "Томагавктар" керек экенин айта кетейин. Биз өз өлкөбүздү коргоо үчүн зарыл нерселерди жөн эле берип салгыбыз келбейт", - деди Трамп.

Tomahawk ракетасы 1,5-2,5 миң чакырым аралыкка чейин уча алат. Ал өзөктүк дүрмөт менен жабдылат. Теориялык жактан алганда Украинанын аймагынан Орусиянын баш калаасы Москвага чейин жете алат.

Зеленский өз кезегинде АКШга узак аралыкка учуучу ракеталары үчүн украин дрон технологияларын сунуштаган келишим түзсө болорун белгиледи.

Ал Украина "миңдеген дрон" өндүрүп жатканы менен "Томагавк" ракетасы жоктугуна токтолду.

"Азыр - технологиялык согуш. "Томагавктарды" эле колдонбойсуң. Эгер бир аскердик максатты көздөсөң миңдеген дрон керек. Экөө бири-бирин толуктайт", - деди Зеленский.

Деги эле АКШны украин дрондору кызыктырабы деген суроого Трамп "Ооба, кызыгабыз", - деп жооп берип, Украина "эң мыкты дрондорду чыгарарын" кошумчалады.

Зеленский быйыл ушуну менен үчүнчү жолу Ак үйгө барды. Мунун алдында 16-октябрда Кремлдин өтүнүчү боюнча президент Трамп Орусиянын лидери Путин менен телефондон сүйлөшүп, Будапештте жолугушуу ыктымалдыгын талкуулашкан.

Зеленский менен кезиккенде дагы Трамп Путин "согушту токтотууну кааларын" айтты. Украин лидеринин оюнча Кремлди сүйлөшүү үстөлүнө отургузуу үчүн эл аралык коомчулук көбүрөөк басым жасашы керек.

Ошол эле маалда Путин согушту улантуу үчүн убакыттан утуп жатышы мүмкүнбү деген суроого Трамп "Ооба, мен ошого тынчсызданам", - деп жооп берди.

"Мен өмүр бою эң мыкты оюнчуларга алданып келсем дагы акыры жеңип чыкчумун. Андыктан, ооба, ал убакыттан утуп жатышы мүмкүн, бирок дагы деле жаман эмес" - деген Трамп орус лидери сүйлөшүүгө ыктап турганын кайталады.

АКШ менен Орусия президенттеринин бул маанайдагы сүйлөшүүсү Вашингтондо жүргөн украин делегациясына күтүүсүз болду. Киевдин делегациясы Орусиянын Украинанын жарандык жана энергетикалык инфраструктурасына урган тынымсыз соккусунан коргонуу үчүн америкалык ракеталарды, абадан коргонуу системаларын сатып алуу максатында барган.

Путин буга чейин Вашингтон "Томагавк" ракеталарын Киевге берсе, ал АКШ менен Орусия ортосунда "жаңы, кооптуу эскалация" жаратарын эскерткен.

Трамп да Украина Орусиянын ичиндеги объекттерге сокку урса, "эскалация" болорун белгилеп, маселени Зеленский менен талкууларын кошумчалаган.

17-октябрда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан дагы Путин менен сүйлөшкөнүн, Будапешт саммит өткөрүүгө даярдыгын жарыялады.

"Даярдык толук жүрүп жатат!" - деп Facebook баракчасына жазып, Венгрия Путин келсе Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун чечимин аткарбай турганына ишарат кылды.

Белгилүү болгондой, Орбан Украинада уруш башталгандан бери Москваны колдоп, Евробиримдиктин Киевге берилчү жардамы боюнча чечимдерине каршы чыгып келаткан саясатчы.

Еврокомиссиянын өкүлү Олоф Гилл Брюсселде журналисттерге шаркет "Украинада адилет жана туруктуу тынчтыкка жетүү жараянын илгерилетүүгө салым кошкон кандай гана жолугушуу болбосун кубаттайт" деп билдирди.

Трамп Будапешттеги саммитте Путин экөө гана "жолукчудай сыяктанарын" айтып, бирок украин президенти менен "байланышта болорун" белгиледи.

Америкалык лидер быйыл январда Ак үйгө экинчи ирет кызматка келгенде Украинадагы урушту 24 саатта токтотууну убада кылган. Бирок андан бери ок атышууну токтотуу боюнча да жылыш жоктугуна бир нече жолу нааразы болгон.

Августта Трамп Аляскада Путинге бетме-бет жолуккандан тышкары Кремль менен телефондон кеминде сегиз жолу сүйлөшкөнү маалым. Ошондой эле Ак үйдүн өкүлү Стив Уиткофф Москвада Путин менен бери дегенде беш жолу кездешкен.

АКШнын Tomahawk ракетасы Москваны чочулатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:07 0:00


Шерине

XS
SM
MD
LG