Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:39

Орусияда жардыргыч жасалуучу заводдо кайрадан жарылуу болуп, дагы үч киши мерт кетти


Мурдагы Стерлитамак машина куруу заводу. Артиллериялык снаряддар. Архив сүрөт.
Мурдагы Стерлитамак машина куруу заводу. Артиллериялык снаряддар. Архив сүрөт.

Орусияда Башкырстандын Стерлитамак шаарындагы "Авангард" ишканасында 17-октябрдын кечинде кайрадан жарылуу болуп, үч кишинин өмүрү кыйылганын республиканын башчысы Радий Хабиров билдирди.

"Тилекке каршы, үч киши каза болду, үчөө тең аялдар. Арасында 2002-жылы туулган кыз да бар. Калган эки аялдын артында балдары калды", – деп жазды ал Телеграм каналына.

Соңку маалыматтарга караганда, дагы беш киши ооруканага түштү, алардын экөөнүн абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышат.

Жарылууга эмне себеп болгону азырынча айтыла элек. Аймактын башчысы тергөө жүрүп жатканын, окуяга учкучсуз учактар себеп эмес экенин билдирди. Кылмыш иши "өндүрүштөгү коопсуздук эрежелеринин бузулушу" деген негизде козголду.

"Авангард" заводунда мунай жана газ тармагына зарыл жабдык, тетик, шайман жасалат, бирок анын ишинин негизги багыты жардыргыч жасоо болуп эсептелет.

2024-жылы ишкана "курал-жарак жасоо, модернизациялоо иштери менен алектенүүдө" деген негизде Европа Биримдигинин санкциялык тизмесине кирген. Мындай санкциялар Орусия Украинага каршы согуш ачканы үчүн жарыяланып келет.

Былтыр 5-августта да ушул эле заводдо цехтердин биринде түтүк оңдоп жатышканда жарылуу болуп, үч кишиден турган бригада набыт кеткен.

Стерлитамак Башкырстандагы калкынын саны боюнча экинчи орунда турган шаар. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG