Орусиянын Волгоград жана Вологда облустарында эки энергетикалык станция Украина аскерлери аткылаган дрондордун чабуулуна кабылды. Волгоградда бир катар айыл-кыштактар бутага алынганы кабарланды, кишилер арасында жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Вологда облусунда 3 гигавольт-ампер кубаттуулуктагы "Белозёрская" электр станциясы чабуулга кабылды. Ал облусту гана эмес, жакынкы Череповец шаарын, бир нече өнөр жай ишканаларын электр менен камсыз кылган ири борбор.
Волгоград облусунда жогорку чыңалуудагы "Балашовская" электр станциясына чабуул жасалды. Ал Волга ГЭСинен Орусиянын борбордук аймактарына электр энергиясын транзиттеп берет. Аталган станция бул айда экинчи ирет украин аскерлеринин бутасына алынууда.
Курск облусунда да Жылуулук электр борборлорунун бири бутага алынганын аймактын губернатору Александр Хинштейн маалымдады. Анын сөзүнө караганда, чабуул майнапсыз болуп, объект кадимкисиндей иштеп жатат.
Акыркы жумаларда Украина Орусиянын энергетикалык объекттерин бутага алууда. Бул президент Владимир Зеленскийдин чабуулдардын географиясын кеңейтүү убадасынан кийинки чабуулдар. Түнкү соккуларда ракеталар колдонулганы тууралуу маалымат жок.
Орусиянын Коргоо министрлиги 8-ноябрга караган түндө 7 аймактан 82 украин дрону атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Шерине