Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:37

Апрель окуясына 15 жыл: Бишкек, Таластагы эскерүү, Бакиевдер маселеси


"Азаттыктын" коллажы. Бишкекте 2010-жылдагы Апрель окуясы учурунда тартылган сүрөт жана окуялар учурунда курман болгондордун элесине арналып орнотулган эстелик.
"Азаттыктын" коллажы. Бишкекте 2010-жылдагы Апрель окуясы учурунда тартылган сүрөт жана окуялар учурунда курман болгондордун элесине арналып орнотулган эстелик.

Кыргызстанда 80ден ашык адамдын өмүрү кыйылган, бийлик алмашуу менен аяктаган Апрель окуяларына туура 15 жыл толду.

Ошол кездеги президент Курманбек Бакиевди үй-бүлөлүк, кландык-криминалдык башкарууга айыптаган нааразылык акциялары алгач Нарын менен Таласта башталып, Бишкекте Ала-Тоо аянтына чогулган элге каршы ок атылган.

Апрель окуяларынын 15 жылдыгына карата иш-чаралар Бишкек, Талас шаарларында өттү. Бүгүн Бишкекте Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана маданият министри Мирбек Мамбеталиев элдин эркиндиги үчүн курман болгондорго арналган эстеликке гүл коюп, Апрель окуясынын курмандыктарын эскеришти.

"Быйыл биз 24-марттагы элдик революциянын 20 жылдыгын жана 7-апрель окуясынын 15 жылдыгын белгилейбиз. Бул даталар мамлекетибиздин тарыхына түбөлүккө кирди, бүгүн биз алардын элесине таазим этип жатабыз. Элибиз адилеттүүлүк, эркиндик жана бийликтин тазалыгы үчүн күрөшкөн. Кубанычтуусу, учурда эл менен бийликтин ортосундагы биримдикти көрүп жатабыз. Бүгүнкү күндө элдин бардык үмүт-тилеги ишке ашууда, - деди Эдил Байсалов иш-чарада.

7-апрель, 2025-жыл. Бишкек
7-апрель, 2025-жыл. Бишкек

Жекшембиде 15 жыл мурда нааразылыктар башталган Талас шаарында митинг-реквием уюштурулду. 15 жыл мурда ушул күнү Таласта башталган элдик толкундоо бир күндөн кийин Бишкекте уланган.

Талас облустук драма театрынын фойесинде Апрель окуясынын курмандыктарына арналган сүрөт көргөзмөсү өтүп, документалдык тасма көрсөтүлдү.

Апрель окуясынан кийин 2011-жылы бийлик тизгинин колго алып, өлкөнү алты жыл башкарган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 7-апрелде элге кайрылуу жасады. Апрель окуяларынан кийин Кыргызстан бүтүн дүйнөгө эркин адамдар өлкөсү деп таанылганын белгиледи.

"Апрель революциясынан кийин Кыргызстан бүтүн дүйнөгө эркин адамдар өлкөсү деп таанылып калган. 15 жыл өттү. Бирок, мезгил өткөн сайын мамлекет эркиндик менен жарандар укугун өз эгемендүүлүгүндөй коргоп, сактаганга милдеттүү экендигин абдан так түшүнүп жатабыз. Бул элдин жана өлкөнүн өнүгүүсүнүн эң негизги шарты экендиги талашсыз. Азыркы татаал заманда, бүтүн дүйнө олкуп-толкуп турат. Кыргызстандын жетекчилери региондун коопсуздугу үчүн, өлкөнүн инфраструктурасын жакшыртуу үчүн бир топ иштерди жасап жатат. Бирок, бул орчундуу маселелердин катарында, а балким алардан да маанилүү орунда - элибиздин эркин рухун, адилеттүүлүккө ишенимин сактап калуу, жарандык коом, саясий күчтөр, ишкерлер жана массалык маалымат каражаттары менен тил табышуу маселелери туруш керек. Бул иш оңой эмес, бирок, башка жол жок", - деп жазылган Атамбаевдин кайрылуусунда.

Марттын башында президент Садыр Жапаров Беларустан Курманбек Бакиевди алып келүү тууралуу сүйлөшүүлөр болуп жатканын ачыктаган.

"Кабар" маалымат агенттигиндеги соңку маегинде ал расмий Минск 15 жылдан бери бул өлкөдө баш калкалап жаткан Кыргызстандын мурдагы президенти камакка алынбаса өткөрүп берүүгө даяр болуп турганын айткан. 2005-жылдагы Март ыңкылабынын 20 жылдыгы, 2010-жылдагы Апрель окуяларынын 15 жылдыгын утурлай чыккан бул маек Бакиевдер тууралуу талаш-талкууну кайра козгоду.

Апрель окуясынын таржымалы

2010-жылы ошол маалдагы президент Курманбек Бакиевдин башкаруусуна, бийлигине каршы нааразылык акциялар 6-апрелде Нарын жана Талас шаарларында башталган. Күч органдары аянтка чогулгандарга күч колдонгон. Таласта 6-апрелде ошол кездеги ички иштер министри Молдомуса Конгантиев (ред.: Конгантиев 2022-жылы февралда 64 жашында кайтыш болгон) катуу сабалган.

Бишкекте Ала-Тоо аянтында 7-апрелде чогулган элге каршы ок атылып, 80ден ашык адам ажал тапкан. Калайман башаламандык Бакиевдин бийлигинин кулашы менен аяктаган.

Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болгон Бакиев ошондон бери үй-бүлөсү, жакындары менен Беларуста жашайт.

Апрель окуясына байланыштуу жалпысынан 30га жакын кишиге кылмыш иши козголуп, сот бир канча жылга созулган.

Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Ал эми Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим, иниси Жаныш, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою кесилген. Бакиевдин тун уулу Марат 30 жылга соттолгон.

Бакиев ошондон берки бардык маектеринде дооматтарды четке кагып, күнөөсүн мойнуна албай келет.

Ал үй-бүлөсү менен Беларустун башында турган Александр Лукашенконун жеке калкалоосунда экени айтылып келет. Расмий Минск Бакиевди экстрадициялоо тууралуу кыргыз бийликтеринин кайрылуусун такай четке кагып келген.

Бакиевдер маселеси

Быйыл марттын ортосунда президент Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган учкай маегинде Курманбек Бакиевдин уулу Максим менен иниси Жаныш Кыргызстанга келсе камаларын билдирген. Мурдагы президент тууралуу Беларус бийлиги менен сүйлөшүү жүрүп жатканын, Минск эгер камакка алынбаса өткөрүп берүү шартын койгонун белгилеген. Ошол эле маалда Бишкек ЖЭБин оңдоо иши боюнча камалып, кийин өлкөдөн чыгып кеткен мурдагы премьер-министри Сапар Исаков тууралуу дагы ушундай эле сүйлөшүү жүрүп жатканын айтып берген.

Садыр Жапаров 2023-жылы февралда Дубайда Кыргызстандын мурдагы президенттери менен жолуккан.

Ал Фейсбуктагы баракчасына бул кадам эл-жердин ынтымагы үчүн жасалганын жана бул демилгени өлкөнүн мурдагы башчылары да колдогонун жазган. Ал жолугушууга Курманбек Бакиевдин дагы катышканы сынга кабылган. Апрель окуяларынан кийин түзүлгөн "Мекен шейиттери" уюму оор кылмыштарга айыпталып, соттолгон адам жазасын алышы керектигин айтып, бийликке кайрылуу жолдогон.

Былтыр жайында Садыр Жапаров Апрель окуяларында жабыр тарткан адамдар ага Курманбек Бакиевден кун төлөтүп алууга жардам берүүсүн суранып кайрылганын айткан. Бакиев аларга "200 киши иштечү тигүү фабрикасын куруп берүүгө убада кылган" деп билдиришкенин, буга байланыштуу бир гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп бергенин билдирген.

Көп өтпөй 2010-жылы бийлик алмашуу менен аяктаган окуялардан кийин түзүлгөн "Айкөл Ала-Тоо","Мекен шейиттери", "Апрель элим Кыргызстан", “Апрель байрагы” жана “Эр теги” коомдук бирикмелеринин жетекчилери Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Бакиевдин Кыргызстанга келишине каршы экенин айтышкан. Андан тышкары мурдагы президент "апрелчилерге тигүү фабрикасын куруп берет"деген сөздөргө түшүндүрмө берип, фабриканын курулушуна, Бакиевдин акталышына каршы экенин билдиришкен. Учурда бул фабриканы куруу иштери аяктай элек.

Былтыр жыл аягында Курманбек Бакиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Конституциялык сотко кайрылып, мурдагы президентти сыртынан соттоо үчүн колдонулган беренелерди "Баш мыйзамга каршы келет" деп таануу тууралуу арыз жолдогон. Эгер сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырса, анда мурдагы мамлекет башчынын соттук ишин кайра кароого жол ачылышы мүмкүн. Адвокат айыпталуучу жок болсо тергөө иштери анын жүргөн жери аныкталганга чейин токтотулуп турарын, Бакиев жок болсо дагы иш сотко өтүп, айыптоо өкүмү чыгып калганын мыйзамсыз деп эсептеген.

Конституциялык соттун басма сөз кызматы иш кароого даярдалып жатканын билдирди. Мындан улам процесс качан башталары азырынча белгисиз.

Шерине

XS
SM
MD
LG