Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:54

Кара-Кечеде күн сайын 300-400 машинеге көмүр жүктөлүп жатканы маалымдалды


Көмүр.
Көмүр.

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы Кыргызстандын бардык аймактарын көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Кара-Кече кенинде көмүр күнү-түнү казылып жатканын билдирди. Ишкананын Фейсбуктагы баракчасында күн сайын аталган кенден 8-9 миң тонна көмүр жүктөлүп, социалдык отун базаларына жиберилип жатканы маалымдалды.

"Аймактардагы жана Бишкектеги социалдык отун базаларга күн сайын 300-400 жүк ташуучу унаа менен көмүр ташылууда. Бизге келген унааларга колуна талон алгандан тартып бир сутканын ичинде көмүр жүктөп, аймактарга жиберип жатабыз", - деп билдирди ишкананын өкүлү.

Ноябрдын башында суук түшүшү менен көмүрдүн жетишсиздигине жана кымбаттыгына нааразылык жаралган. Айрым аймактарда көмүрдүн тоннасы 10-11 миң сомго чыкканы айтылган.

Буга байланыштуу 7-ноябрь күнү Президенттик администрация менен Министрлер кабинети атайын отурумга чогулуп, бул көйгөйдү жоюу жолдорун талкуулашкан. Көмүрдү кымбаттаткандарга чара көрүү жана калкты арзан көмүр менен камсыз кылуу тиешелүү жетекчилерге жана "Кыргыз көмүр" ишканасына тапшырылган.

Өкмөттүн маалыматына караганда, Кыргызстанда жылына калк 1 млн 465 миң тонна, бюджеттик мекемелер 309,14 миң тонна көмүр жагат. Ушул тапта жалпы өлкө боюнча 720 көмүр саткан база иштеп жатат. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG