Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев “Азаттык” менен болгон маегинде 2027-жылкы президенттик шайлоого катышууну четке какпай турганын айтты. Саясатчы президенттик шайлоо алдындагы өлкөдөгү кырдаал, бийликтин убадалары, оппозициянын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу пикирлери менен бөлүштү.
2027-жылдын башына белгиленген президенттик шайлоодо атаандаш шартта өтүшү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Бир бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов “Азаттыкка” маегинде билдирди.
Мурдагы ички иштер министри, саясатчы Өмүрбек Суваналиев 2027-жылда өтчү президенттик шайлоого талапкер болуу ниети бар экенин билдирди. Бул тууралуу саясатчы “Азаттыкка” маегинде айтты.
Казакстанда Каспий деңизиндеги атайын машыгууда ондой аскер каза болгону кабарланды. 25-сентябрда аза күтүү жарыяланды. Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылы 27-январда өтөт. Кытайдын лидери 11 жылдан бери биринчи жолу АКШга мамлекеттик сапар менен барды.
11-сентябрда Таласта Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдыгы расмий белгиленип, ондогон социалдык жана өндүрүш объектилери ачылды. Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү белгилеп, акыркы кезде айтылып жаткан сын-пикирлерди "шайлоо алдындагы кара пиар” катары бааларын билдирди.
Бийликтин жетишкендиги жана кемчилиги, алдыдагы шайлоо, АКШ менен алака тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов “Азаттыкка” маек курду. Интервью 29-августта "Азаттыктын" Бишкек студиясында тартылган.
"Кумтөр голд компани" ишканасынын мурдагы директору Теңиз Бөлтүрүк ал кызматка келгенге бир ай калганда президент Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров жана “Центерра голддун” жетекчилери ишканадан 630 миллион долларды уурдап кетишкенин” айткан.
Бишкекте "Ырыс ордонун" ачылышына бийликти күч менен басып алууга шектелген саясатчылардан бери чакырылды. Бул кадам бийликтин бардык күчтөрдү биримдикке үндөө аракети катары түшүндүрүлдү. Мындай кырдаалда кыргыз саясатындагы жүрүштөр кандай болмокчу?
Биринчи май райондук соту УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон сегиз адамды төрт жылга кесип, бирок пробация менен эркиндикте калтырды. Сот “Бийликти күч менен басып алууга аракет” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Сот чечими эмнени билдирет жана анын саясий мааниси кандай?
«Жетимиш бешчилердин каты» аталган чуулгандуу иш боюнча окуя өнүгүп, жаңы жагдайлары ачыкка чыгууда. Бул боюнча парламент депутаттары реакция кылып, спикер Марлен Маматалиев ал иш алдын ала даярдалганын айтып чыкты.
Соңку күндөрү УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев баш болгон мурдагы сегиз кишинин соту коомчулуктун көңүл борборунда болууда. Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан иш жабык өтүп, "бийликти басып алууга аракет" беренеси боюнча айып тагылган аткаминерлер комментарий берүүдөн карманууда.
Мурдагы башкы прокурор, Кыргызстандын шахмат биримдигинин президенти Аида Салянова “Азаттыкка” маегинде президент Садыр Жапаров менен жолугушуусу, өлкөдөгү саясий кырдаал, шахматты өнүктүрүү пландары тууралуу айтып берди.
Өткөн аптада Европа Биримдиги Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетинин алкагында Кыргызстанга бир нече металл кесчү станок, модем сыяктуу бир нече байланыш каражатын сатып алууга чектөө киргизди. Европа өлкөлөрү мындай товарларды Кыргызстан сатып алып, Орусияга бериши мүмкүн деп күмөн санап жатат.
УКМК жана ИИМдин жетекчилери билдирүү таратып, ортодо тиреш жок экенин, чогуу тазаланып жатканын белгиледи. Укук коргоо органдарындагы тазалануу кандай жүрүшү керек? Талкууга мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев жана адвокат Бакыт Жумашев катышат.
Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш алкагында мамлекетке өткөнү жарыялаган мүлктүн мыйзамдуулугу боюнча талкуулар жүрүп жатат. Айрым саясатчылар УКМКнын өткөн беш жылдагы ишмердигин текшерчү комиссия түзүүнү сунуштап жатат. “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкуулайбыз.
Жогорку Кеңеште өз арызы менен мандатынан баш тарткан депутаттардын аягы тыйыла элек. БШК узаган апта соңу үч депутаттын мандатынан ажыратты. Парламент мүчөлөрүнүн массалык мандаттан баш тартуусунун аркасында эмне турат? Өткөн апта башында президент эске салган саясий интригага байланышы барбы?
АКШ менен Израил Иранга сокку уруп, Тегеран аларга жооп иретинде Кошмо Штаттардын аймактагы бир нече өлкөдөгү аскерий жайларына чабуул коюуда. Соңку жагдайда Ирандагы кыргызстандыктардын абалы кандай? Бул суроону учурда Тегеранда иштеп жаткан Кыргызстандын Ирандагы элчиси Акылбек Кылычевге жолдодук.
Тургунбек уулу баш болгон үч депутат мандатынан баш тартса, Чыңгыз Ажибаев биринчи вице-спикерликтен кеткени белгилүү болду. Бийликтин башка бутактарындагыдай эле парламенттеги соңку жүрүштөр эмнеден кабар берет? Бул өзгөрүүлөр Жогорку Кеңештин көз карандысыздыгына кандай таасир этет?
Кыргызстандагы соңку окуялардан соң жумшаруу тууралуу улуттук талкуу зарыл. Мындай пикирин Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев "Азаттыкка" курган маегинде билдирди. Ал соңку окуяларга, коомдогу талкууга, идеологияга байланыштуу суроолорго жооп берди.
Кыргызстандагы соңку окуялардан соң кандай улуттук талкуу зарыл? "Азаттык" бул суроону мамлекеттик катчы Арслан Койчиевге узатты. Мамкатчы ошондой эле адам укуктары, сөз эркииндиги, коомдогу талкуулар, улуттук идеологияга байланыштуу суроолорго жооп берди.
Дагы жүктөңүз