Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Кыргызстанда дары-дармек эмнеге тартыш?


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Эмне себептен Кыргызстанда дары-дармек таңкыстыгы жаралды? Айрым дарылардын баасы кескин кымбаттап кетти? "Азаттыктын" ушул жана башка суроолоруна Фармацевтикалык бирикменин аткаруучу директору Алмаз Алтыбаев жооп берди.

Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаттары дары-дармектердин тартыштыгы тууралуу маселе көтөрүштү. Маселен талма оорусу бар жарандар дары таппай жатканы, ушундай эле абалга онкологиялык оорулуулар да кабылганы айтылды. Азыр дары-дармектерге байланышуу абал кандай?

Кырдаал кыйын. Биз, фармабирикме бул тууралуу 2022-жылдан тарта эле билдирип келе жатканбыз. Анын негизги себептеринин бири - Кыргызстан ЕАЭБге киргенде бирдей эреже менен иштеген базарыбыз болот деген келишимге кол койгонбуз. Ошон үчүн ЕАЭБ бул биримдиктеги базарлардагы товарлар, дары-дармектер белгилүү бир эрежелер менен каттоого алынсын деген талап койгон. Тилекке каршы, бул өтө жогору стандарт болуп калды. Маселен, 2024-жылдын аягына чейин бардык дары-дармектер кайра каттоого алынышы керек болгон. Бирок өндүрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү муну кыла албады же ага же көңүлдөнгөн жок.

2016-жылдан бери бир топ эле убакыт өтпөдүбү?

2016-жылы 2024-жылга чейин дары-дармектер каттоодон өтөт деген келишимге кол коюлган. Ири өндүрүүчүлөр ушундай чечим кабыл алган. Алар дары-дармектерди Орусияда каттай алышкандан кийин Кыргызстан өңдүү кенедей өлкөдө муну жасоого кандай зарылчылык бар дешкен. Кийин мунун ЕАЭБдин жалпы аймагына дагы таасири тийген. Өлкөдө тизмеде 6 миңден ашык дары-дармек бар, бирок анын ичинен ондогону гана катталган. Казакстанда мисалы 7 миң дарынын арасынан 659у гана катталганы тууралуу маалыматтар чыккан. Аларда деле ушул көйгөй.

Демек дары-дармек тартыштыгына алардын айрымдарынын катталбаганы себеп деп айтса болобу?

Ооба. Андан сырткары тилекке каршы, азыр Дары-дармек департаментинде каттоого узун кезек бар. Мыйзамга ылайык, ал 180 күндүн ичинде катталышы керек. Бирок тажрыйба көрсөткөндөй аны өтө тездик менен жүргүзгөндө деле ал бир жылдай убакытты алат. Мен мындан эки жыл мурун эле каттоого арыз берген компанияларды билем. Ошондуктан айрым өндүрүүчүлөр 7 милилон калкы бар Кыргызстанда каттоодон өткүсү келбейт. Анан калса жол-жобонун баары эле ачык-айкын эмес. Биз бул же тиги процесс эмне себептен четке кагылганын көрүп турушубуз керек!

Дагы бир себеп – кайсы бир жерде монополия орносо, анан калса ал мамлекеттик монополия болсо – базар катып, ийкемдүү болбой калат. Мисалы буга чейин ооруканаларды дары-дармек менен бардык эле дистрибьюторлор камсыздай алган, мындан улам атаандаштык болуп, базар механизмдери иштеген. Кийин ооруканаларды “Кыргызфармация”, тактап айтканда мамлекеттик компания гана камсыздайт деген токтом чыккан.

Бирок ал ишкана дары-дармекти өндүрүүчүлөрдүн өзүнөн, ошол баада, түз жана ылдам алып келүү түзүлгөн да. Мунун баары ишке ашып жатабы?

Ооба, дары-дармектердин айрым бөлүгү ошондой болду. Кайсы бир бөлүгү болсо такыр келбей калды. Калганы болсо ошол эле дистрибьюторлодон сатылып алынып, “Кыргызфармацияга” келип жатат.

Анан дары-дармектер арзандадыбы?

Баары эмес. Айрымдары өтө кымбаттады. Дагы бир жагдай, мамлекет баа саясатын көзөмөлдөөнү чечти. Алар келип, “биз ушул дары силерде кымбат сатылып жатат деп эсептейбиз” дешет. Айрым дары-дармекти азыраак көлөмдө экинчи дистрибьютерден сатып алган болосуң. Албетте баасы көрсөтүлгөндөй болбой калган. Айрым бир дары-дармектер алынып келбей калган, дарыканаларда жок болуп калган.

Мурдагы саламаттык сактоо министринин айрым дары-дармектердин баасы 100% же андан дагы жогору болгон деген билдирүүсү тууралуу эмне айта аласыз?

Фармацевтикада бааны асмандатып алышкан деген нааразылыгы тууралуубу? Бизде дарыканаларда 6 миңдей дары-дармек сатылып келген. Ооба, айрым дарылардын баасы кыйла жогору болгон, бирок ал мыйзамдуу болгон. Эгер ошол дарыны бир гана киши алып келсе, анда аны ошол гана жогорулатылган баа менен сата алат. Бирок калганын – 80% жакынын төмөндөтүлгөн баа менен саткансың, Калган 10% болсо атаандаштык өтө чоң болгондуктан өз баасынын дагы ылдый саткансың. Эсиңерде болсо керек, коронавирус маалында фармкомпанияларды кимдер гана текшерген жок. Финполиция, Салык кызматы, УКМКдан келип текшеришкен. Эгер чынында эле бааны асмандатып алышканы аныкталса кимдир бирөөлөр камалмак да.

Алмаз Алтыбаев менен орус тилиндеги маектин шилтемеси төмөндө:
Эмне себептен дары-дармек таңкыс болуп жатат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:55 0:00


Шерине

XS
SM
MD
LG