Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:10

"Даарат кагазы, газдалган суусундук геморройду күчөтөт"


Коллаж.
Коллаж.

“Сергек жашоо” подкастында бүгүн геморройдун сезгениши эмнеге алып келет деген суроого жооп издейбиз.

Дарыгерлердин маалыматында, Кыргызстанда жылына геморрой болгон эки миңге жакын адамга операция жасалат. Алардын көбү Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнө кайрылышат.

"Бетонго отурганда пайда болгон"

Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнүн босогосун аттаганыбызда байыркы Рим сенаторлоруна окшоп шейшеп оронгон эркектер коридордо басып жүрүшкөн экен.

Четтеги палаталардын бирине кирип, айрым бейтаптарга микрофон сундук.

Жашы кыркка чамалап калган Руслан ооруну жаш кезинде тапканын, акыркы айларда күчөп, кыйналганда келгенин айтып берди:

“Башында температура берген, анан жакшы болуп калдым. Бирок ириң агып токтобой койду. Интернеттен окусам, "свищ ракка айланып кетет" деп жүрүптүр, коркуп келдим анан. Жаш кезде суукта көп жүрдүк да. Жыйырма жашымда муздак бетонго отура коюп геморройду тапкам. Ал деле каначу, кийин ушинтип свищке өтүп кетти. Догдурга мурда көрүнгөн эмесмин, биринчи жолу келишим. Дароо эле операция кылышты. Жашыраак кезде жука кийинип, өзүңдү карабай жүрө берет экенсиң. Анан кыркка чыкканда оору кыйнайт тура”.

Геморрой операция кылгандан кийин диета кармабаса же суукка урунса кайра кайталанышы мүмкүн. Сүйүнтбек аттуу маектешибиз бул жерде экинчи жолу операция болуп жатканын айтты:

“Биринчи кезекте адам өзүн сакташы керек экен. Эки жыл мурда операция болгом. Кышында бир жакыныбыз өтүп кетип, тажияга баргам. Көчөдө көбүрөөк туруп катуу суук тийиптир. Кайра кармады. Уялганда эмне эми? Менин эсебимде калктын 40% ушунтип ооруйт. Көбү догдурга көрүнбөйт. Айрыкча, мага окшоп жашы 60тан өтүп калгандар туура тамактанбаса болбойт. Тамакты мүнөздөп ичип, жашылча, жер-жемишти көбүрөөк жеш керек”.

Дагы бир каарманыбыз Тимур 26 жашта. Ал дагы оорунун себебин суукта жеңил жүргөндөн көрөт.

“Жаш кезде ойноп-күлүп, ден соолукка маани бербей калдык окшойт. Эркек болгондон кийин эртең-бүгүн догдурга барам деп жүрө берет экенсиң. Акыркы жарым жылда аябай кыйналдым. Чыйкан, сыздоок деп коюшат го, ошол чыккан окшойт деп ойлогом. Айыкпай койгондо догдурга келдим, дароо эле операция кылышты. Свищ деген диагноз коюшту”.

"Эркек проктологдон уялып, көрүнбөй кеткем"

Дарыгерлердин айтымында, аялдарда көбүнчө толгоо маалында геморрой түйүндөрүнө күч келет. Төрөттөн кийин тыңыбаса, оор көтөрсө дарт өтүшүп кетиши мүмкүн.

Нурзат төрт баланын энеси. Ал бул дартка чалдыкканын 12 жыл мурда билген. Быйыл кан токтобой, айласы кеткенде догдурга келген.

“12 жыл мурда билгем геморрой бар экенин. Ошондо ушул жерге келип, эркек проктологдорго көрүнгөндөн уялып кетип калгам. Өз алдымча дарыланып жүрдүм. Бирок быйыл кан кетип, чыдабай калдым. Операция болдум. Аял кишилерде геморрой төрөттөн кийин кармайт экен, сууктан да болот дешти. Төрт балам бар, баарын өзүм төрөгөм. Өзүм тигүүчүмүн. Жумушта эртеден-кечке отурабыз да. Ошол деле себепчи болот экен. Үч ай иштегенге болбойт дешти. Оорунун белгилерин сезгенде эле келгиле, уялып кереги жок экен".

Дагы бир каарманыбыз, 65 жаштагы Гүлнара бул дарт менен көп жыл алышкан. Өз алдында дарылануу жардам бербей, оорусу өтүшүп кеткенде Ысык-Көлдөн борборго келүүгө аргасыз болгон.

“Убагында келиш керек экен догдурга. Меники отуз жылдан ашып кетти. Төрөт маалында ичегиде жарака кеткен дешти. Анан калса, жакшы тыңыбай калдык да биз. Оор жумушту көп кылдым. Туура эмес тамактанат экенбиз. Ичим катып кыйналганда ар кандай дарыларды ичип жүрдүм. Быштактын суусун да ичтим. Башка аялдарга айтарым, жылуу сууну, айран-сүттү көбүрөөк ичкиле. Салат жеш керек экен. Эң башкысы догдурга өз убагында кайрылгыла”.

"Проктологдор көп, жийиркенбей иштегендер аз"

Адистер геморройго маани бербөө акырындап онкологиялык илдетти пайда кылышы мүмкүн дешет. "Сергек жашоо" подкастында биз медицина илимдеринин кандидаты, доцент Сапарбек Турдалиев менен көтөн чучуктун илдеттери жана алардын алдын алуу тууралуу сүйлөшөбүз.

Сапарбек Турдалиев.
Сапарбек Турдалиев.

- Бизде көп адамдар геморройду уят оору деп эсептешет. Ал тууралуу айткандан уялып, жашырышат. Бирок азыр карасам, операция болгондор арбын экен. Адис катары айтсаңыз, геморрой эмне болгон дарт?

- Ар бир адамда геморрой түйүндөрү болот. Турмуштук жагдайлардан улам ал кээде сезгенет. Айрыкча төрөттөн кийин, көп отурганда, туура эмес тамактын айынан ичи катып же өткөндө ошол геморрой түйүндөрүнө күч келет. Ичеги сыртка түйрүлүп чыгып, канай баштайт. Ошол учурда көбү догдурга кайрылгандан уялат. Айрымдары коркот, заарканат, ошентип отуруп геморрой өтүшүп кетет.

Кээде жел менен кошо ичегидеги зат сыртка чыгып кетет, ал терини ачыштырат, кычыштырат. Ошол учурда уялбай эле бизге кайрылышы керек. Биз аны дароо эле баса калып операция кылбайбыз.Адегенде баарын түшүндүрүп беребиз. Келгендердин көбү “бычак тийгизбе деп айткан” дешет. Ал эскирген түшүнүк. 21-кылымда антип ойлонуу туура эмес.

Илгери ичинен кан өтүп өлгөндөр көп болуптур. Ал кезде проктологдор болгон эмес да. Бизде жылына 2 миңге жакын операция жасалат. Анын баары айыгып кетишет. “Бычак тийгизбе” дегенге бул каршы пикир десем болот. Геморройдун алдын алуунун эң жөнөкөй жолу даарат алуу. Бир чети таза, экинчиден массаж болот. Ошондо оору өтүшүп кетпейт. Колдон келсе күнүнө эки-үч жолу самыны жок эле жууп коюш керек.

- Интернеттен окуп көрсөм, май куйруктун бир катар оорусу бар экен. Бирок биз адиске ишенебиз, ушуну өзүңүздөн уксак...

- Элдин баары эле геморрой деп ойлошот. Бирок май куйруктун свищ, парапроктит ж.б. отузга жакын оорусу бар, булар сыз жерге отуруп, суук тийгенде пайда болот.

Геморройдун дагы ички жана тышкы түрлөрү бар. Биздин кыргыздар аны “эркек-ургаачы” деп тергеп алышыптыр. Андай жок. Кээде экөө тең кездешет, өтүшүп кеткенде канап кабылдайт. Мунун жаман жери былжырды сыртка тарта баштайт, кээде көтөн чучук 15-20 сантиметрге чейин түшүп кетет. Ошого жеткирбеш керек.

Туура эмес тамактануу да роль ойнойт. Ичи катып же өткөн сайын геморрой түйүндөрүнө күч келет. Күч келген сайын ичеги сыртка чыгат, канайт. Ошондой белги болсо эле дарыгерге кайрылуу кажет.

- Ички-тышкы геморрой деп жатпайсызбы, айырмасы эмне?

- Май чучукта кан айланууга жооптуу каверноздук бүртүктөр бар. Кан айлануу бузулганда ошолор чоңоюп кетет. Сырткы геморройдо жарылып, кан уюп калат. Ички геморройлор көзгө көрүнбөйт. Алар да жарылат. Былжырдын алдында болгондуктан мындай учурда адам кыйналат. Кимде сырткы геморрой болсо, ички геморрой да болот. Операция учурунда экөөнү тең алып салабыз.
Геморройдун 1-2-стадияларында оор операцияга жеткирбей, дары-дармек жана атайын жабдыктар менен дарылайбыз. Өтүшүп кеткенде, операция кылууга туура келет. Убагында тамак ичип, ажатканага барып, таза жуунуп жүрсө эле геморрой кыйнабайт.

"Эндоскопия рак шишигин эрте аныктайт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:10 0:00

- Онкология институтунда ичегини эндоскопия жолу менен операция кылышат экен. Сиздер да ошол ыкманы колдоносуздарбы?

- Андай ыкмаларды билебиз. Колоноскоп менен кээ бир өсмөлөрдү (полип), геморройду күйгүзүп дарыласа болот. Бирок биздин ооруканада андай жабдыктар жок. Буюртма берилди, эми келсе, көп илдеттерди операциясы жок эле дарылайбыз. Бизде андай жабдыктарды жеке ишкерлер өздөрү алып келип, иштетип жатат. Мамлекеттик мекемелерде азырынча салтуу ыкма менен эле дарылап жатабыз.

- Карасам, бул жерде көп адамдар, айрыкча эркектер шейшеп оронуп жүрүшкөн экен. Операциядан кийин жараат канча убакытта айыгат?

- Бул эми жалкоолук. Киши өзүн аяйт да. Кийип-чечкенден эринип, шейшеп оронуп жүргөндү оңой көрүшөт. Болбосо, операциянын эртеси эле шым кийсе болот. Ооруканада жараатты күндө тазалап, дарылашат. Жети күн жаткырабыз. Бир айда айыгат, бирок какыс сакаюу үчүн алты ай керек. Ошого чейин “дагы эле ооруп жатат” деп келгендер жок эмес. Анткени, операциядан кийин тырык калат, ал жумшарганга чейин сезилип турат. Сөөк сынып айыккандан кийин сезгич болуп калат го. Бул дагы ошондой, аба ырайы өзгөрөрдө оорушу мүмкүн.

- Кыргыздар нансыз тура албайбыз, этти камыр менен жегенди жакшы көрөбүз. Биздин тамактардын көбү ичти катырат го.

- Суу организмге ичеги аркылуу тарайт да. Камыр тамак ошол ичегидеги суунун баарын соруп алат. Анан ич катат. Ал эми күрүч, гречка, сулу өңдүү акшактар катырбайт. Майлуу этти кайнатып жесе да жакшы. Кара кесек этти көп жеп, суюктукту аз ичкенде да ич катат. Биз бейтаптарга анын баарын түшүндүрөбүз. Акыркы кезде газдалган суусундуктардын түрү чыгып атат, алардын ичти чойгондон башка пайдасы жок.

- Газдалган минералдык суулар, максым, бозочу?

- Минералдык суулар пайдалуу болушу мүмкүн, бирок газдалганын ичпеш керек. Анткени киши жеген тамак ичегиде ачыйт, анан газ пайда болот. Ал газ ичегини кыймылга келтирип, керексиз заттарды тышка чыгарганга жардам берет. Бул эми физиология. Газдалган суусундуктар ошол газды огобетер көбөйтөт. Анан ичеги чоюлат. Ичеги чоюлганда анын кыймылы да жайлайт. Анан ич катат. Көбү ага маани бербейт да.

- Бул жерде жаткандардын айрымдары жылбай отуруп ушул ооруну тапканын айтышты, тигүү цехинде иштегендер бар экен. Көп отуруу да геморройду пайда кылабы?

- Ооба. Көп отурганда кан айлануу бузулат. Кандын келиши жакшы болгону менен кайра жогору кетиши кыйындайт. Анан геморрой түйүндөрүнө күч келет. Кайсы бир убакта ары-бери басып, кыймылдап койгон деле жакшы. Бул көнүгүүлөрдү отуруп деле жасаса болот. Геморрой пайда болбошу, болсо да өтүшүп кетпеши үчүн сөзсүз кыймыл-аракет керек.

- Сиздерге негизинен кайсы курактагы бейтаптар келет?

- Азыр геморрой жашарып баратат. Ишке жарамдуу курактагылар келет. Анын себебин айтып коеюн, азыр фаст-фуд (тез татым) деген балээ чыкпадыбы. Ошону жеп, газдалган суу ичишет. Анан ичи катат. Көбү сууну аз ичет, кагаз колдонушат, убагында ажатканага барбайт. Геморрой болбош үчүн суюк тамакты көбүрөөк ичиш керек. Газдалган суусундук зыян экенин, ичегини чоюп саларын жогоруда айттык. Ачыбаган жарма пайдалуу, ошону ичиш керек. Шишкебек жегенден кийин сыра ичкенге болбойт, анын ордуна суу ичкен жакшы. Оор нерсени абайлап көтөрүш керек. Аялдар толгоо учурунда туура ыйынса геморрой түйүндөрүнө күч келбейт. Көпчүлүк канаганда гана көңүл бурат, ага чейин ооруса маани бербей жүрө беришет. Белги бердиби, дарыгерге көрүнүү шарт.

"Суудан өтөр дары жок"

- Бул жерде жаткан аялдар геморрой төрөттөн кийин пайда болгонун айтышты. Көбү элеттен келиптир. Өзү кышында төрөсө, анан ичи катса, ажаткана тышта болсо ооруну ого бетер өтүштүрсө керек?

- Ооба, колдон келсе ажаткананы жылуулаш керек. Азыр ага мүмкүнчүлүктөр жетиштүү. Баарынан жакшысы - унитаз. Отурганда күч келбейт, ичеги ылдый түшпөйт, ички органдар өз ордунда турат дегендей. Ажаткана үйдө болобу, сыртта болобу жуунуш керек. Жылуу суу жетиштүү. Май чучуктун тегереги жука болот, самын сүйкөгөндө кургап, жарылып кетет. Кагаздын кайсы түрү болбосун чаң. Чаң дагы терини кычыштырып, ыңгайсыздык жаратат. Тамакты туура ичпей ич катканда, аналдык бездер көбөт. Андай учурда ичегидеги заттар тышка чыгып, тери ачышат. Аналдык кычуу деген бар, бул аябай жаман оору. Киши ошону эле ойлоп, башка иш кыла албай калат. Ошон үчүн жуунгандан эринбеш керек.

Улуттук госпиталдагы проктология бөлүмү. 2025-жыл.
Улуттук госпиталдагы проктология бөлүмү. 2025-жыл.

- Даарат кагаздары кандай цехте чыгып жатканын албетте билбейбиз. Бирок илгери ажатканага китеп, гезит коюшчу эле го. Ага караганда даарат кагазынын зыяны азыраак болсо керек?

- Гезит, китептерди колдонгон жылдары онкологиялык оорулар көбөйгөн. Анткени кагаздын боёгун уулуу заттардан жасашчу. Ал териге сиңгенде, денеде өзгөрүү болот да. Негизи жылуубу же муздакпы суудан өтөрү жок. Колго куйгандан кийин суу дененин температурасындай эле болуп калат. Ушунча болду, дагы бир нерсени айтайын, сууну аттырбай, алаканга куюп жууш керек. Илгери ата-бабалар чапанына бир тамчы суу тийгизбей даарат алып койчу экен. Бул тууралуу эч жерде айтылбайт, жазылбайт дагы. Ушуну биз ачык айталы. Ар кандай суюк гелдер, нымдуу салфеткаларды колдонушат. Анын баары химия. Кудайга шүгүр, биздин суулар таза, бекер. Сатып алып кыйналбай эле коелучу.

- Геморройду дарылабай жүрө берсе, ракка айланып кетиши мүмкүн дешет. Андай учурларда эмне кыласыздар?

- Кандай оору болбосун адегенде сөөмөй менен текшеребиз. Бул биздин ишибиздеги эң негизги эреженин бири. Кандай шишик экени ошондо эле билинет. Залалдуу шишик болсо онкопроктологияга жиберебиз. Ал жактан биопсия алышат. Диагноз так болушу үчүн колоноскопия, ректороманоскопия ж.б. ыкмаларды колдонулат.

- Жана бул жактагы аялдардын бири 12 жыл мурда эркек проктологдордон уялып кетип калганын, кийин дарты өтүшүп кеткенин айтты. Ошондой болбош үчүн проктолог аялдар барбы?

- Дин жолунда жүргөн айрым аял кишилер "кан куйбаш керек, эркек врач көрбөш керек" деген талаптарды коюшат. Калп эле уялгандар да бар. Бирок бир нерсени эске алуу керек, ак халат кийгенден кийин ал эркек дагы эмес, аял дагы эмес, ал дарыгер. Дарыгердин бейтапка жардам бергенден башка кызыкчылыгы жок. Эгер адам кыйналып жатса, кеч боло электе адис тандабай кайрылганы оң. Бардык адамдардыкы окшош. Жаны кыйналып ооруп келсе, таштап койбойбуз. Бизде аял проктологдор, окууну жаңы бүтүп келген кыздар да бар.

- Медициналык академияда хирург, көз догдур, тиш догдур, хирург болгусу келген студенттер басымдуу дешет. Ошол эле маалда айрым факультеттерге тапшыргандар аз экен. Жаштар проктолог болгусу келеби?

- Мурда жүрөккө операция кылгандар, чоң хирургдар кадырлуу болчу да. Проктологдор аз болчу. Проктологиялык көйгөйлөр көбөйгөндүктөн, азыр бул жаатта окугандар көп эле. Бирок уялбай, заарканбай, жийиркенбей келип иштегендери аз.

Советтер Союзунун тушунда проктологиянын башкы мекемеси Москвада болчу. Ошол жактан окуп, үйрөнүп келчүбүз. Ал жакта институт болгондуктан, бул жакта проктология бөлүмү ачылган. Ошондон бери иштеп келе жатабыз. Проктология өзү медицинанын эң керектүү, башкаларга салыштырмалуу жаш тармагы.

Мындай айтсам туура болот го, бизде кандидаттык, доктордук ишти жактаганда биздин өзүбүздүн диссертациялык кеңешибиз жок. Биздин бөлүмдө азыр илимдин бир доктору, алты кандидаты, үч доцент бар. Онкопроктология андан көбүрөөк. Балдар проктологиясында да бар. Ушул үч тармак эриш-аркак иштеп келе жатат. Азыр эң башкы мекеме биз турган, Улуттук госпиталдын проктология бөлүмү. Бизден жогору болом десе чет өлкөгө барат.

Подкасттын аудиосун бул жерден угуңуз.

"Геморрой болбош үчүн жуунуш керек"
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:01 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG