Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:31

Албетте, сөгүнгөн жакшы эмес. Жаңы мыйзам күчүнө кирди


иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Жалаа жапкан же мазактаган (же сөгүнгөн) пост, комментарийлер үчүн айып салган мыйзамга кол коюлуп, 10-февралда күчүнө кирди. Бул чечимди туура деп колдогондор менен катар жактырбай, мындан ары оюбузду кантип айтабыз, мыйзам баарына бирдей колдонулабы деп кабатыр болгондор да көп.

Жолдош Турдубаев, адабиятчы

P.S Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Сөз атасы өлбөсүн

Дегеле сөгүнгөн жакшы адат эмес. Жалаа жапкан жорук – андан бетер. Уят. “Уят – өлүмдөн катуу”. Бирок көбүнчө акаарат кылган эмес, орой сөз уккан адам ыӊгайсыз абалда калат, “уялбагандан өзү уялып”.

“Уят – ичкериге багытталган ачуулануу”, – деген экен Маркс. Уяттуу киши өзүн тарбиялайт. Жабыркаган жакты айыптап, өзүн күнөөлүү сезгенге же кечирим сураганга аргасыз кылчулар да болот. Кошоматчылар көбүнчө ким күчтүү, бай, тарапкерлери көп же кызмат абалы жогору болсо, ошонун сөзүн, иш-аракетин туура деп эсептешет.

“Зордун түбү – кор” деген чындык ишке ашканда, б.а. кечээги өкүмчүл пенде бүгүн (же бүгүнкүсү – эртеӊ) “төөдөн түшүп, жөө жүрүп” калганда, биринчи кезекте ошол эле кошоматчылар табалап, тебелей баштайт, төө бастыга алып.

Эӊ ажаан, орой акааратчылар хору дал ушул катмарда көп. Айрыкча жүзүн жашырып, ондогон, жүздөгөн фейк аккаунттарды колдонуучулардын мүмкүнчүлүгү өтө чоӊ.

Бирок “сөз келгенде айтпаса, сөз атасы өлөт”. Тартынчаактыктан, коркуудан (сырткы тыюудан же ашыкча сактануудан) улам зарыл сөздү убагында айта албай калса, адамдын жаны жабыгат. Көӊүлүн өйүгөн нерсени эӊ жакын, санаалаш, сырдаш адамына айтса, ал деле түшүнбөй же түшүнгүсү келбей, сөзүнө маани бербей, укпай койсо, жашоодогу эӊ оор абал ушул.

Кайдыгерликтин айынан адамдын чыныгы намысы тебеленип, ал куру дымак, сокур намыстын кулуна айланат.

Өз алдынча ойлоно албаган же оюндагысын айтуудан дайым тартынган адам үлп эткен желге жапырыла берген чөпкө окшоп, сүрмө топтогу (толпадагы) ээрчиме пенделердин бири болуп калат. Инсандын изги касиети начарлап, басынып, көкүрөгүндөгү жарык өчө берет...

Депутатты сөкмөй жок

Албетте, сөгүнгөн жакшы эмес. “Сөгүн” этишинин уӊгусу – “сөк”, буга өздүк ыӊгайды жасоочу “-үн” мүчөсү уланган. Мындай мүчө кыймыл-аракет сүйлөмдөгү ээнин өзүнө багытталганын билдирет. Б.а. ким сөгүнсө, бирөөнү эле эмес, өзүн да акаарат кылган болот.

А депутатты сөккөндөн (мактагандан деле) эч пайда жок – жакшыбы, жаманбы, аны өзүбүз шайлап алганбыз.

Эгер ал бийликтин өзү “конгон” бутагы эмне менен алектениши керектигин, берки эки бутагы менен кандай катышта болууга тийиштигин, мамлекеттик маанидеги чечимдер кандай иштелип, ийине жеткирилип, эмне үчүн, кайсы жол-жоболор боюнча кабыл алынарын жана ишке ашырыларын билсе – жакшы.

Эгер ал жеке өзүнүн эмес, шайлоочулардын атынан сүйлөп, жалпы коомго, мамлекетке тиешелүү маселелерди көтөрүп, аны чечүү жолдорун да иликтеп турушу керектигин түшүнсө, андыктан катардагы жарандарга салыштырмалуу жоопкерчилиги да миӊдеген эсе чоӊ экенин унутпаса – жакшы.

Эгер ал элдин өкүлү катары көпчүлүктүн шыкагына, “өйдө жактын” өкүмүнө карабай, аткаруу бийлигинин талаптарын мыйзамдуулугуна, орундуулугуна жараша гана колдоп, жөнү жок чечимдерге каршы туруудан тартынбаса – абдан жакшы.

Жакшы депутатты тандап шайлап алган болсок, буга сыймыктануу гана керек. (Кадырына жетпегендер менен кошоматчылар, тескерисинче, чынчыл, иш билги депутаттарды жаман көрөт.)

Анча-мынча тыйынга же “сүрөөнчүлүк жардамына” эле карап, билимсиз, намысы жок немелерди шайлап алган болсок, анда ар бир сөгүш түздөн-түз өзүбүзгө да тиерин ойлойлу. Бул шарт депутаттардан башкаларын да тандоого, туура же ката чечимдерди жактап же каршы турууга – дегеле мамлекеттин турмушуна катышууга (же такыр кайдыгер болууга) да тиешелүү.

Эч кимди сөкпөйлү. Же сөгүштү өзүбүздөн баштайлы.

Элдик киши болуу оңой эмес

Анткени депутаттар – эл өкүлдөрү. Аларды колдоп добуш берген (саткан) же кимиси эптесе өтүп мандат ала берсин деп тим койгон ким? Шайлоочулар. Парламенттин деӊгээли кандайча ого бетер түшүп кеткенин да көрүп туруп көрмөксөн болгон көпчүлүк.

Бирок бул абалга эл гана күнөөлүү эмес. Ар кандай себептер, шарт-жагдай менен депутат болуп же чоӊ кызматка туруп калгандар жок дегенде өздөрүнүн эртеӊкисин ойлосо, эки жолдун бирин тандашы керек:

1. Канчалык билимсиз (сөз диплом жөнүндө эмес), кайратсыз экенин анык көргөндөн кийин ого бетер маскара боло бербеш үчүн мандатын (же кызматын) тапшырып кетсе болот.

2. Такыр эле сабатсыз эмес, көкүрөгүндө намыс (куру дымак эмес) бар болсо, анда күндөп-түндөп мыйзамдарды, заманбап башкаруу системасы боюнча китептерди окуп, өзүнүн түздөн-түз милдеттерин колунан келишинче таза, жакшы аткарууга аракет кылса болот.

Анткени элдик киши болуу оӊой эмес. Кошоматчыларга ишенгендер эртеӊ эмес, бүгүн эле шерменде боло баштаганын көрбөйт же чындыкка тике караганга даабайт. А эртеӊ биротоло наалатка калат. Ошондой болбош үчүн сынга терикпей, жүйөлүү сөздөрдү угуп, ачык-айкын иштей бериш керек.

Саясат таанууда “ачык (эл алдына чыккан) инсан” деген түшүнүк бар. “Элдик” (публикадагы) киши өзү жөнүндө айтылуучу ар кандай пикирлерге, сабырдуу карашы зарыл. Эч кандай сын укпайын десе, анда жалпы элге таасири тийбеген, мамлекеттик маанидеги эмес, жеке өзүнүн гана оокатын кылганга өтүшү керек.

Эӊ олуттуу айыптарга деле көбүнчө расмий документтер, далилдүү эсеп-чот, реалдуу иши менен жооп бере билиши кажет. Чыныгы элдик инсандар ар ким менен жаакташа же соттошо бербей, өз ишин мыктылап илгерилете берет. Эӊ туура жол – ачык-айкындыкты камсыздоо. Ошондуктан коомдук, мамлекеттик мааниси бар маалыматты убагынан кечиктирбей тактап, элге жеткирип турууну көздөгөн журналисттерди эч качан жаман көрбөш керек.

Жаңы мыйзам кандай иштейт?

Такыр эле болбой, жалаа жабуу менен алектенгендерди сот жообуна тартуу үчүн Административдик кодекс, Кылмыш-жаза кодекси жана башка мыйзамдар деле жетиштүү болчу.

Жаӊы мыйзамдын опурталдуу жагы – күнөөсүздүк презумпциясынын сакталышына шарт түзүлбөй калышы мүмкүндүгү. Бул түшүнүк сот тарабынан күнөөсү далилдене элек кишини кылмышкер деп эсептөөгө болбойт дегенди билдирет.

Ырас, биринчи кезекте бул адамды куру жалаадан коргоо үчүн керек. Бирок журналисттер соттун чечимин күтүп отурбайт, ким эмнеге айыпталып жатканын тийиштүү маалымат булактарына (доо арыз берген, элге, бийликтегилерге кайрылган жактардын сөзүнө) шилтеме жасап, жарыялайт.

Жаӊы мыйзам жарыяланган маалыматы анык же жалган экенин тергөө тактап, сот өкүм чыгара электе эле журналистти жалаа жапты деп айыптоого, шашылыш жазалоого жол ачып коюшу ыктымал. Ал жыгылганды тээп, мүдүрүлгөндү тебелеп кеткен кошоматчыларга карата колдонулбай калышы да мүмкүн.

Эӊ ири коррупциячылар жөнүндөгү суроого мурунку президент Сооронбай Жээнбековдун “фактыӊ барбы?” деп кекете жооп бергени көпкө чейин унутулбайт окшойт. Тескерисинче, бул сөз кайрадан кеӊири колдонула баштаса да таӊ калбаш керек.

Журналист сынчыл, айыптаган мазмундагы маалыматты жарыялаганда бири-бирине көз каранды эмес башка жактарга да сөз берип, алардын пикирин да элге жеткирип коюуга милдеттүү. Кимдики чын экенин окурман, угарман, көрөрман өзү ойлонуп көрүшү керек. А юридикалык бааны сот берет.

Демек, акыл элегинен өткөрбөй эле уу-дууга кошула бербеш үчүн ар бир адам медиа сабаттуулукка көбүрөөк көӊүл буруу керек. Соттор ар кандай талаштуу маселелерди создуктурбай, атайылап кечиктирбей, мыйзамдуу, адилеттүү чече турган болушу үчүн сот системасын реформалоо зарыл. Мунсуз миӊдеген жаӊы мыйзамдар чыгарылса деле жагдай оӊолуп кетпейт.

  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG