Мыйзам кандай жол менен иштейт? Жалган маалыматтар кантип аныкталат? Бул сөз эркиндигин кысымга алууга курал болуп калбайбы?” деген суроолорду "Азаттык" юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковго узатты.
“Азаттык”: Орозбек мырза, кеп болуп жаткан мыйзамды демилгелеп, коргогон киши катары чечмелеп берсеңиз, анда кандай өзгөртүүлөр кирди? Документтин күчүнө кириши менен жарандар эмнелерди эске алышы керек?
Сыдыков: Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам 10-февралдан тартып күчүнө кирди. Тагыраагы аталган кодекске 107-1 деген берене кошулуп жатат. Бул “Жалпыга маалымдоо каражаттарында, интернет тармагындагы сайтта же интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган жалаа жана мазактоо” деп аталат. Бул берененин алкагында башка адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын адепсиз формада атайын кемсинтүүгө жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, же 20 миң сом айып пул салынат. Ал эми юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч, же 65 миң сом айып пул салууга алып келет. Ошол эле берененин экинчи абзацында “башка адамдын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген жалган маалыматтарды билип туруп таркатууга да куду ушундай эле айып пул салуу каралган.
Башында биз мыйзамды алып чыкканда “арыздарды кароо функциясын Маданият министрлиги карасын” деп сунушталган эле, үч окуунун жүрүшүндө депутаттардын сунуштары менен бул функция Ички иштер министрлигине өткөн. Айып пулду сот органдары чегере турган болду. Мындайча айтканда ички иштер органдары укук бузуулар боюнча протокол өндүрүшүн жүргүзүп, аны сотко өткөрүп берет. Айып пулду салуу же салбоо маселесин сот чечет.
“Азаттык”: “Жалган маалымат таратуу же “жалаа жабуу” дегенде бул абстракттуу түшүнүк болуп калып атпайбы. Аны так аныктоонун конкреттүү критерийлери барбы? Дегеним бийликти сындаган же кайсы бир аткаминерди сындаган пикирлер деле жалаа жабуу катары каралып калбайбы?
Сыдыков: Бул жерде “адепсиз түрдө, атайылап кемсинтүү” деп жазылып жатат. Ушактоонун, жалган жалаа жабууну түшүндүргөн сөздөр бар да. Албетте, конструктивдүү пикирин айтуу, оюн билдирүү, же негиздүү сын-пикирлерди айтуу буга жатпайт. Ошол эле учурда бул адамдын арызынын негизинде гана жүргүзүлөт. Ал аткаминер болобу, же жөнөкөй адам болобу, ал өзүнүн кадыр-баркына шек келтиргени тууралуу арыз жазса, текши каралат. Эгерде пикир жазган киши соттук кароо учурунда өзүнүн постунда “каралоо же жалаа жабуу жок” десе, анда лингвистикалык экспертиза дайындалат. Башкача айтканда, андан аркы териштирүү ошол экспертизанын корутундусу жүргүзүлөт.
“Азаттык”: Башында “интернеттеги жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалган маалыматтарга Маданият министрлигинин алдындагы Мониторинг борбору байкоо жүргүзөт” деп айтылган эмес беле?! Талаш-тартыштардан кийин бул функция Ички иштер министрлигине өткөрүлгөн, аны айтып кеттиңиз. Алар сиз айтканда арызды гана карайбы, же өздөрү да мониторинг жүргүзүп турабы?
Сыдыков: Жок, бул арыздын негизинде гана жүрөт. Адам “мен жөнүндө каралап жазыптыр” деп, ал маалыматты скриншот кылабы, же атайын шилтемелерин чыгарабы, ошону тиркеп, Ички иштер министрлигине кайрылат. Мындан сырткары тиешелүү сайттарды көчүрмө кылып берген нотариустун да кызматы бар, балким ошондой ыкманы да колдонсо болот.
“Азаттык”: Орозбек мырза, соңку үч-төрт жылдан бери Кыргызстанда сөз эркиндигине байланыштуу талкуулар болуп келатат. Айрым эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, кээ бир медиалар “сөз эркиндигине кысым болуп жатат” дешсе, бийлик, анын ичинде президент Садыр Жапаров өзү да “өлкөдө эч кандай сөз эркиндигине кысым жок” экенин айткан. Ошентсе да соңку үч-төрт жылда 50-60тай киши социалдык тармактарда өзүнүн пикирин айтканы үчүн суракка чакырылып, камалып, же айыпка жыгылганы маалым. Бул мыйзам да ошондой нерсеге курал болуп калбайбы?
Сыдыков: Бул жерде кеп укук бузуулар жөнүндө гана болуп жатат. Анын кесепеттери кылмыш-жаза жоопкерчилигине, же соттуулукка алып келбейт. Буга чейин кармалган, же суракка алынган кишилер балким Кылмыш-жаза кодексинин же башка мыйзамдардын алкагында болсо керек. Мен ал иштерге комментарий бере албайм. Жаңы мыйзам киргизген ченемде болсо жогоруда белгилегенимдей, жалган маалымат же жалаа жабуу аракеттери укук бузуу катары гана каралат. Эң негизгиси сөз эркиндиги, адамдын ой-пикирин маданияттуу эркин билдирүү укугуна чектөө болбойт. Кандайдыр иш, кайсы бир жумуштардын аткарылбагандыгы жөнүндө айтканда анда жалаа жабуу же мазактоо болбойт.
Тилекке каршы акыркы мезгилде коомдо кайсы бир адамдарды мазактоо, каралоо, сөгүп-саккан, адамдардын үй-бүлөсүн бузган, айтор ушундай көрүнүштөр көбөйүп кеткенине күбө болуп жатабыз. Ал адатка айланып, жаштардын арасында да күчөп жатат. Мына ушундай шартта жаңы мыйзам жабыркаган адамдардын укуктарын коргойт. Биздин Конституция боюнча ар бир адамдын жеке турмушу, абийири, ар-намысы кол тийгис жана мыйзам менен корголууга жатат. Кайрадан кайталайм, бул жерде эч ким эч кимди тынымсыз мониторинг кылып, анан чекеден айып пул салбайт. Бул жерде адамдардын арызы менен гана кароо жүрөт. Кээлери кол шилтеп коюшу мүмкүн, айрым сезимтал адамдар аны жүрөгүнө жакын кабыл алып, даттанышы мүмкүн. Күчүнө кирген мыйзам так ошол адамдардын укугун гана коргоо багытталган, - деген маалымат берди Орозбек Сыдыков.
Кыргызстан эл аралык уюмдардын акыркы баяндамаларында төртүнчү жылы катары менен "эркин эмес мамлекет" деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону жүйө келтирилген.
Кыргызстандын бийлиги өлкөдө адам укуктары, демократиянын принциптери, сөз эркиндиги сакталып жатканын такай айтып турат.
Жарандык коом: "Сөз эркиндигин чектейт"
Жарандык коомдун өкүлдөрү, эркин медиа жана бир катар эл аралык уюмдар мыйзам долбоору кабыл алынса, өлкөдө пикирин ачык айткандарды жана сөз эркиндигин чектейт деп, анын кабыл алынышына каршы экенин билдирген.
Мындан тышкары "айып пулдун азыркы өлчөмү Кыргызстандагы жашоо-шартка туура келеби" деген суроо турат. "Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбековдун оюн угалы:
"Айып пулдун өлчөмү мыйзамда каралган эң жогорку суммадан да алда канча жогору болуп калды. Буга каршы бир нече пикир айтылган. Жеке адамдан 20 миң, юридикалык жактан 65 миң сом алганы жатышат. Бул Кыргызстандагы жашоо шартына туура келбейт. Ушундай сандарды каяктан алышты? Аны мыйзамдын авторлору да толук түшүндүрүп бере алышкан жок. Бийлик бул мыйзамды иштетет. Анткени алардын саясий позициясы ушул болуп турат. Кийинки эл аралык рейтингдерде дагы ылдыйлайт окшойбуз. Эми журналисттерге, блогерлерге, социалдык тармактын колдонуучуларына мындан да оор болот".
Бул мыйзам коомдук талкууга коюлуп, кийин Жогорку Кеңеште каралып жатканда журналисттер коомчулугу депутаттарга, бийликке да кайрылуу жолдогон.
Жалаа жабууга жана мазактоого айып салган бул мыйзам журналисттерди, жарандык коомду чочулаткан кезектеги документ болуп турат. Анткени буга чейин “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” деп аталган дагы бир талаштуу мыйзам кабыл алынып, анын айынан айрым эркин медиалардын сайты бөгөттөлгөн.
Болбосо мыйзам кабыл алынып жатканда анын авторлору документ фейк аккаунттарга каршы күрөшүүгө жол ачарын убада кылышкан эле. Бирок иш жүзүндө андай болбой жатканын убакыт көрсөттү.
Ушундан улам бул документ да пикирин ачык айтуу укугун жана сөз эркиндигин чектейт деген пикирлер арбын болуп. Мисалы, медиа эксперт Асел Сооронбаева буларды айтты:
"Журналисттер, жарандык коом, юристтер мыйзамдын тобокелчиликтерин бийликке, коомчулукка жеткирүүгө аракет кылдык. Сөз эркиндигине кысым экенин да айтып турдук. Бирок кыргыз бийлиги "жазалайбыз, тарбиялайбыз" деген позицияны карманып туруп алды. Документтин тобокелдиги өтө жогору. Мисалы, далилдүү, тең салмактуу сын айткан адамдарга каршы иштеп калышы толук мүмкүн. Реалдуу түрдө фейк аккаунттардын артына жашынгандар жазаланбайт. Негизи сөз үчүн жазалоонун өзү туура эмес".
- Кыргызстанда 2020-жылдан бери социалдык тармактарда пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган жарандардын саны 50дөн ашканын буга чейин "Азаттык" аныктаган.
- Кармалгандардын арасында 70 жаштагы байбиче жана 21 жаштагы студент да бар.
Жалаа жаап, мазактады делген адамга айып пул салган мыйзам боюнча президент Садыр Жапаров да пикирин билдирген. Мамлекет башчы 2024-жылы сентябрь айында мындай деген:
“Бул мыйзам эмне үчүн керек? Азыр элибиздин дээрлик 95% интернет колдонот. Эки кошуна бири-бири менен интернет аркылуу урушуп жаткан заман. Социалдык түйүндөргө бири экинчисинин абийирин төккөн маалыматтарды жарыялап салат. Анан экөө соттошот. Маалымат жалган болуп чыгат. Сотто кечирим сурап же төлөчүсүн төлөп берип, анан тынчып жатышат. ЖМКлар менен бийликтин ортосунда дагы так ушундай эле жагдай. ЖМКлар бийликтегилер жөнүндө жалган маалымат таратып жиберишет. Анан кайра кечирим сурап, ал маалыматты өчүрүшөт”, - деген Жапаров.
Шерине