Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Мүлктү легалдаштыруу: 270 адам 100 млн сомдук активин өзүнө жаздырды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргыз президенти мүлктү адалдаштыруу саясатын жарыялап, аткаминерлерди каткан мүлкүн ачык жарыялоого чакырган. Бул жараяндын алкагында 30 миңге чукул адам активдерин өзүнө каттатты, мунун ичинен 270тен көбү 100 миллион сомдон ашык бааланган мүлкү бар экенин көрсөттү.

Жогорку Кеңеште мүлктү легалдаштыруу жана мунапыс берүү тууралуу мыйзам долбоору чоң талаш-талкуу менен кабыл алынган. Ага каршы чыккан депутаттар документ "коррупционерлерди актоого" жол ачарын эскертишкен. Бул амнистиядан кандай майнап чыкты?

Мыйзамга ылайык, жеке жактарга мүлкүн легалдаштырууга жана мунапыска берилген мөөнөт 31-декабрда аяктады. Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты бөлүмүнүн башчысы Советбек Токтосуновдун "Азаттыкка" билдиришинче, соңку 1,5 жылдын аралыгында бул жараянга 30 миңдей адам катышты, мунун ичинен 270 чактысы баасы 100 миллион сомдон ашкан мүлкүн көрсөтүп, бир жолку бир миллион сомдук салыгын төлөдү:

"Бизге 2023-жылы 1246 жаран кайрылып, мүлкүн легалдаштырган. Ал эми 2024-жылы 28 683 жаран мүлкүн, активдерин ачыкка чыгарды. Мыйзамга ылайык, баасы 100 миллион сомдон ашкан мүлкүн легалдаштырса, ал жаран бир жолу бир миллион сом төлөйт. 2023-жылы 46 декларант ушундай төлөм төлөгөн. Ал эми 2024-жылы 230 жараныбыз төлөдү. Ошондо жалпы декларациялык мөөнөттүн алкагында 29 929 жаран өз активдерин легалдаштырды. Анын ичинен 270 жараныбыз декларацияларында 100 миллион сомдон ашык активи бар экенин көрсөттү".

Советбек Токтосунов мүлкүн легалдаштыргандардын арасында аттуу-баштуу адамдар дагы бар экенин белгиледи. Бирок алардын аты-жөнүн ачык атаган жок:

"Алардын аты-жөнүн атоо туура болбой калат го. Коомчулукта аты-жөнү белгилүү, эл тааныган адамдар дагы бар. Мыйзам боюнча 31-январда мүлктү өзүнө өткөрүп, каттатып алуунун мөөнөтү аяктады. Буга байланыштуу дагы жыл башында бизге суроолор көп түшкөн. Биз болгон маалыматтарды бергенбиз. Ошондуктан баарына эле түшүнүктүү болсо керек деп ойлоп жатабыз".

Мүлктү легалдаштыруу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 2022-жылдан тартып карала баштаган жана талаш-талкуу менен коштолгон. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров комментарий берип, документтин максаты - коррупционерлердин арам акчасын адалдоо эмес, чет өлкөдө мүлкүн жашырган ишкерлердин, мурунку аткаминерлердин акчасын өлкөгө алып келүү экенин айткан. Ошондой эле жеке кызыкчылыгы жоктугун, легалдаштыруу аркылуу миллиондогон сомдорду өлкөгө алып келүү мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген.

“Октябрь окуяларынан кийин колдон келишинче алдын 2 млрд артын 100 млн долларга чейин төктүрүп алгандай болдук. Ошого карабастан чет өлкөдө катып жаткан акчалары көп. Бул мыйзамдын таасири менен ошол катып жаткан акчаларын Кыргызстанга легалдаштырып алып келсе, биздин банктарга салса пайда болот. Менин ал байлардын арасында досум же бир тууганым жок”, - деген Жапаров.

Ошол маалдагы “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров бул мыйзам долбооруна каршы чыгып, аны “ууруларды мыйзамдаштырууга багытталган” демилге деп атаган.

Талаш-талкууларга карабастан мыйзам кабыл алынып, ага Садыр Жапаров 2023-жылы июнда кол койгон. Былтыр жайында бул мыйзамга өзгөртүү киргизилип, легалдаштыруунун жана амнистия берүүнүн мөөнөтү 2024-жылдын 31-декабрына чейин узартылган.

Туура бир жыл мурда Садыр Жапаров легалдаштыруу маселесине байланыштуу кыргызстандыктарга Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасаган. Анда өзүнүн буга чейин башка бирөөгө катталып жүргөн, баасы 20 милион доллар деп бааланган мүлкүн кайра өзүнө каттатканын билдирген жана жарандарды дагы бул жараянга кошулууга чакырган.

"Бул мыйзамды өлкөбүздүн бай жарандары капиталдарын чет өлкөлөрдө кармабастан, өз өлкөбүзгө алып келишсин, накталай акчаларын чет өлкөлөрдүн банктарында катып жатпастан, бул жакка которуп, өзүбүздүн банктарга салсын, өзүбүздүн экономикабыздын пайдасына иштесин деген максатта кабыл алганбыз. Буга чейин баарыбыз эле (карапайым калктан башка орто бизнесмендерден тарта жогоркулардын баары) мүлктөрүбүздү башка бирөөлөрдүн аттарына каттатып келгенибиз жашыруун эмес. Мындан сырткары, эң бай деген жарандарыбыз бүгүнкү күнгө чейин миллиарддарын чет өлкөлөрдөгү банктарда кармап жатышат. Мындай байлар бизде көп. Эмне үчүн чет өлкөлөрдө катып жатышат деген суроого жооп жөнөкөй эле. Буга чейин мынча акчаны кайдан, кантип таптың, канча салык төлөдүң деген суроо туулуп, маселе жаралат эле. Эми мына ушул мыйзам менен андай маселе жаралбагандай кылып, легалдаштыруу мүмкүнчүлүгүн түзүп берип жатабыз. Эми биздин бай жарандарыбызга кайрыламын. Ушул мыйзамды пайдаланып, өз мүлктөрүңөрдү өзүңөргө каттап, легалдаштыргыла жана чет өлкөлөрдөгү банктарда катып жаткан акча каражаттарыңардын баарын биздин банктарга которгула. Бул мыйзамдын негизинде мамлекет силердин капиталыңардын коопсуздугуна 100 пайыз толук кепилдик берет. Акча каражаттарыңар өз өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн иштесин. Мамлекетке тийген пайдасы ошол. Башка максат жок. Сурак болбойт", - деген Жапаров.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев айрым жарандар "жел" декларация толтурганын, кийин байлык-мүлкүнө байланыштуу сурактын алдын алууга аракет кылган учурлар болгонун да айтып берди:

"Мен билгенден, мүлктү легалдаштыруу үчүнчү же төртүнчү ирет болуп жатат. Негизи экономикада мунапыс керек болчу. Көмүскө экономикадагы бир топ эле активдерди ачыкка чыгарыш керек болчу. Муну аткаминерлер эмес, бизнесмендер жасашы керек эле. Азыр эми айрым ишкер эмес адамдар дагы мүлкүн легалдаштырды. Ачыгын айтсак, алар жөн гана "желди" көрсөтүштү. Эртең кандай болуп калат, ким билет деп туруп 100 миллион сому жок болсо дагы аны көрсөтүп койду. "Кокус мен кийин бир нерсе алганда, тергөө органдары келип текшерсе, мен ошол декларацияны көрсөтөм" деп ошол кадамга барышты, декларацияны ошентип толтурушкан. Менимче, мындайлар өтө көп болду окшойт. Таза иштеген чоң компаниялар мындай декларацияны тапшырган жок. Себеби алар мурдатан эле салыктарын төлөп жүрүшкөн. Ачык эле сөз, мен өзүм көп эле жарандарга "президент өзү ошого бардыбы, демек, силерге дагы болот, силерге эч нерсе болбойт" деп кеп-кеңеш берип жаттым. Нотариуска барсаңар, 150 эле сом төлөйсүңөр, ошонча акчаңар жок болсо дагы декларация толтуруп койсоңор, эртең бир нерсе болсо мына деп декларацияңарды көрсөтөсүңөр деп өзүм эле айткам. Азыр эми 30 миң киши декларация тапшырды десе, анда бул жакшы көрсөткүч, бирок ошолордун жарымы, алтургай жарымынан көбү "желди" көрсөткөн. Эми кимдир-бирөө таза эмгек менен таптым десе, бирок башка дагы мүлктөрү чыкса, аны убагында декларацияда көрсөтпөсө, анда өзү күнөөлүү болот".

Активист Мавлян Аскарбековдун пикиринде, көп жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштеген, мүлк-байлык топтогон мурдагы жана азыркы бир топ аткаминерлер мүлкүн өздөрүнө каттаткан жок:

"Бул иш-чара кээ бир адамдардын мүлкүн легалдаштырып, макамын өзгөртүп алуусу үчүн гана болуп калды деген ойдомун. Мен президенттин "айткыла, жазгыла, мүлкүңөрдү көрсөткүлө" деген чакырыгына кошулат элем. Бирок иш жүзүндө андай болбой жатпайбы. Бир канча жыл вице-мэр, мэр, шаардык кеңештин депутаты болгон, өмүрү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтан башка эч жерде иштебеген эле адам "менин ушундай мүлкүм, ушунча батирим, мынча машинам бар, жерим бар, беш милион долларым бар легалдашса" деп жазса, анда элдин, ошол эле президенттин, же Камчыбек Ташиевдин реакция кандай болорун элестетип көрөлүчү. Ошондо "ооба азаматсың, макул" деп коюшат беле? Мен өмүр бою муниципалитте гана иштеп миллионер болгондорду деле билем. Андыктан декларацияга көбү жазган жок. Мыйзам толук ишке ашкан жок десем болот".

Жакында эле Салык кызматы бийлик башчылардын, саясий жана мамлекеттик кызматкерлердин 2023-жылдагы декларациясын жарыялаган. Анда президент баштаган өкмөт өкүлдөрүнүн, Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир жылдык тапкан-ташыганы, мал-мүлкү, чыгашасы көрсөтүлгөн. Анда колунда бар делген айрым чиновниктердин азыноолоак гана байлыгы бар экени же такыр эч нерсеси жоктугу жазылгандыктан мүлктү легалдаштыруу жараянына карата бир катар суроолор дагы жаралган.

Шерине

XS
SM
MD
LG