Эски карыздар кечилет
Өкмөт 2022-жылдын 1-январына чейин төлөнбөй калган салыктык карыздардын баарын кечмей болду. Бул өлкө тарыхындагы эң ири салыктык амнистиялардын бири болмокчу. Ал компанияларга, жеке ишкерлерге жана катардагы жарандарга да тиешелүү.
Буга кошумча, 2025-жылга чейин унаа салыгын төлөй электер да карыздан бошотулмай болду. Акыркы жылдын салыгын төлөбөгөндөрдүн гана эмес, буга чейин жылдап төлөбөй келгендердин карыздары да жоюлат.
Январдын башында мамлекет жалпы 20 миңдей субъекттин 11 млрд сом карызын кечүүгө даяр экени кабарланган. Бирок акыркы эсеп менен 217 миң субъекттин 8,5 млрд сом карызы жоюлмай болуп турат.
- Анын ичинен 134 миң субъект – транспорт салыгын төлөбөгөндөр. Бирок алардын карызы болгону 300 млн сомду түзөт.
- Калган 83 миң субъект – башка ар кандай салыктык карызы барлар. Алардын суммасы 8,2 млрд сом.
Амнистияга эмнеге 2022-жылга чейинки мөөнөт тандалганын Экономика министрлиги мындай түшүндүрдү:
“Мурунку тажрыйба көрсөткөндөй, салык карызын өндүрүү мөөнөтү 2-3 жылдан ашпоого тийиш. Төлөнбөгөн карыз үмүтсүз бойдон калууда. Өз кезегинде карызы бар салык төлөөчүгө карата ар кандай чектөөлөрдү коюу анын ишмердүүлүгүнүнө тоскоол болот”, - деп мыйзам долбоорунда жазылган.
Бизнес-ассоциациялар салык амнистиясын колдоого алып, ишкерлердин жүгү жеңилдейт деген пикирлерин билдиришти. Бирок мындай чечим салыктарды убагында төлөп жүргөндөргө карата акыйкатсыздык болбойбу деген суроо жаратты.
Бийлик өкүлдөрү ар бир амнистиядан кийин бул акыркы жараян болгонун, мындан ары мыйзамдарды убагында аткаруу керектигин айтып келет.
Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов "Азаттыкка" курган маегинде бул жагдайды төмөнкүчө түшүндүргөн:
"Бул жерде баары бир эки жолдун бирин тандашыбыз керек болду. Же транспорт салыгын да калтырып, элди дагы кыйнай бериш керек, же транспорт салыгын жоюп, калган карыздарды кечиш керек болду. Албетте, мунун экинчисин тандаганыбызда салыгын толук төлөп келгендер ичи ачышып каларын түшүнгөнбүз. Кээ бирлер “мен төлөп келгем, бирок кошунам төлөбөй койду” деп айтышы мүмкүн. Ошол эле маалда ал кошунасы трактору бузулуп калышы мүмкүн, тетик кылып сатып жиберген же машинеси тооккана болуп калган. Салык болсо жазыла берип, карыз болуп калган. Балким, алар ушундай нерселерге нааразы болуп, салыгын төлөбөй келгендир. Натыйжада адамдарды жол тескөөчүлөр менен улам токтотуп же салыкчылар менен барып, улам төлө дегенде анын транспорту жок болушу деле мүмкүн. Анан ал “маичиге” пулун берип, кутулуп чыгып, ал кайра коррупция жаратып, айтор, ушундай жагдайлар да бар. Же айланкөчөк, бири-бирине чырмалышкан маселе десек болот. Биз транспорт салыгын кечсек да, аны ошондой ар кандай себептерден улам төлөбөй келгендерди бошоттук".
Унаа салыгы жоюлат
Кыргызстанда 2025-жылдан тарта бензин жана дизелдин ар бир литрине 1 сомдук акы кошулду. Өкмөт жолдорду оңдоого каражат жетишсиз болуп жатат деген жүйөө менен бул төлөмдү киргизген.
Бирок айрым депутаттар айдоочулардын жүгү көбөйгөндөн көбөйүп баратат деген пикирин айтып, анда транспорт салыгын жокко чыгарууну сунушташкан. Президент бул ойду колдоп, өз жарлыгында унаа салыгын жоюп салууну тапшырган.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 2024-жылдын 1-январына карата 1 млн 593 миң транспорт каражаты катталган. Бирок алардын 939 миңи гана салык төлөнчү унаалар.
Калгандары 35 жылдан эски же жарактан чыгып калган, мамлекеттин балансындагы, жеңилдиктер каралган унаалар, коомдук транспорт жана чиркегичтер.
2024-жылы транспорт салыгынан бюджетке 1,2 млрд сом түшкөн. Быйыл күйүүчү майга 1 сом акы киргизилгенден кийин унаа ээлеринен кошумча 1,7 млрд сом түшмөк. Бирок нааразылыктын артынан президент жарлык чыгарып, өкмөт транспорт салыгын алып салууга мажбур болду.
Эми унаа ээлеринен бензин жана дизелден гана кошумча 1 сомдон алынат. Бирок мамлекет мындан уттурбайт. Транспорт салыгы жоюлуп, элдин жүгү жеңилдейт деп жарыяланганы менен унаа ээлери бюджетке мурункудан жарым миллиард сом көп төлөшөт.
Анын үстүнө өкмөт үчүн салык төлөткөнгө караганда күйүүчү май аркылуу акча жыйноо бир топ жеңил болот. Экономика министрлиги жазгандай, бардык эле унаа ээлери салыгын убагында төлөбөйт. Мисалы, 2023-жылы 36 миң унаа ээси төлөгөн эмес. Бул салык төлөнүшү керек болгон машинелердин 3,8% түзөт.
Эми айдоочулар күйүүчү май куйган сайын кошумча акы төлөп турушат. “Бул салык чогултууга кеткен эмгекти, материалдык чыгымдарды жана убакытты үнөмдөйт”, - дейт министрлик.
Дыйкандар жер салыгын төлөбөйт
Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн мүлк салыгы 2022-жылы эле токтотулган. Бирок ал убактылуу жеңилдик катары киргизилип, 2025-жылы салык кайтарылмак. Эми дыйкандар аны 2031-жылга чейин төлөбөй турган болду.
Өкмөт бул жеңилдик айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, дыйкан чарбаларын колдоо максатында узартылганын билдирди. Фермерлердин жүгү жеңилдеп, продукциясын көбөйтүүгө шарт түзүшү керек.
Жер салыгын төлөөчүлөрдүн саны 510 миңден ашканы менен алардын төлөмдөрү өтө эле аз. 2021-жылы бул салыктан болгону 343 млн сом түшкөн. Бирок калктын 65% айыл жергесинде жашаганын эске алганда бул саясий упай алып келчү чечим болду.
Профилактикалык текшерүүлөр киргизилет
Бул Кыргызстандын салык системасындагы жаңы түшүнүк. Адатта салыкчылар кандай эрежелер бузулганын аныктоо үчүн текшерсе, эми эреже бузулушуна жеткирбеш үчүн барып башташат.
Өкмөт билдиргендей, профилактикалык текшерүүлөр ишкерлерге жардам берүү максатында киргизилип жатат. Кандайдыр бир мыйзам бузуу табылса, жаранга түшүндүрүп беришет.
“Биз көп жылдан бери Салык кызматы сервистик жумуш аткарышы керек деп сунуштап келебиз. Ишкерлерди санкцияларга жеткирбей, тескерисинче, жардам берип, салыкты кандай туура төлөш керектигин көрсөтүш керек. Ошол сунуштун ыкмаларынын бири - профилактикалык текшерүү. Бирок анын жол-жобосун так иштеп чыгуу керек. Салык кызматкерлери бул профилактикалык текшерүү деген шылтоо менен келе бербеши үчүн так эрежелери болушу керек”, - деп “Азаттыка” Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директорунун орун басары Жанабил Давлетбаев оюн бөлүштү.
Экинчи жагынан, мамлекет мындай текшерүүлөр аркылуу салыктарды өз убагында төлөтүүгө да аракет кылат.
Өкмөттүн дагы бир сунушу – ишкерлердин 2022-жылга чейинки жумушун текшерүүгө тыюу салынат. Текшерүүлөрдүн көп болушу бизнести кандайдыр бир деңгээлде начарлатышы мүмкүн, өзгөчө чакан жана орто бизнес баштагандарга терс таасирин тийгизиши ыктымал дейт Экономика министрлиги. Мындан улам 2022-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттү текшерүүгө тыюу салынат.
Өкмөттүн көз карашы эмнеге өзгөрдү?
Эки ай мурун эле, декабрдын башында өкмөт салык мыйзамдарына жаңы өзгөртүүлөрдү сунуштап, Жогорку Кеңеш аны дээрлик талашсыз биринчи окууда кабыл алып берген. Ал өзгөрүүлөр бир топ жаңы төлөмдөрдү камтыган. Мисалы, жаңы курулган үйлөргө 12% кошумча нарк салыгы, жеке мектептерге жана унаа токтотмолорго киреше салыгы, банктагы депозиттен түшкөн пайдага киреше салыгы кошулмак.
Көп өтпөй өкмөт башчы Акылбек Жапаров кызматтан алынып, документ экинчи окууга келгенде бир топ өзгөрүп, айрым талаптар жеңилдетилген. Экинчи окууда депутаттар салык реформаларын сындап, өкмөт элди “саан уйдай” көрүп жатат деген пикирлерин билдиришкен.
23-декабрда Салык кызматынын жаңы дайындалган жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов “Салыкты өстүрсө эле ал экономика өстү дегенди билдирбейт, элин ыйлактатып бюджетти өстүрүү - ал экономика эмес”, - деп билдирген.
Президент Садыр Жапаров да салык саясатын жумшартуу керектигин айтып, “салык элдин жонунан кайыш тилгендей болбошу керек” деп билдирүү жасаган. 8-январда ал калктын салыктын түйшүгүн азайтуу боюнча жарлыкка кол койгон.
Салык саясаты жумшарып жатканы жакшы көрүнүш экенин Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директорунун орун басары Жанабил Давлетбаев белгиледи. Анын айтымында, акыркы жылдардагы көп чечимдер ишкерлер арасында суроо жаратып келген. Бизнестин кызыкчылыгын коргогон Эл аралык ишкерлер кеңеши салыктык реформалар боюнча өз позициясын билдирип, айрым чечимдерди сындаган.
“Быйылтан тартып салыктарды жеңилдетүү сунушу болгону жакшы көрүнүш. Ишкерлердин жүгүн жеңилдетүү туура саясат деп эсептейбиз”, - деди Давлетбаев.
Садыр Жапаров өкмөткө берген тапшырмаларын жарыялап жатып салык төлөө маданиятына да көңүл бурган. Ал амнистия жарыяланып, текшерүү азайганы менен мамлекет салыктын эсебинен жашаганын айткан.
“Салык төлөбөй жүрө берсек кийин акыры кечип жиберет экен деген түшүнүктөн алыс болушубуз керек. Салыкты өз убагында төлөө бул ар бир жарандын ыйык милдети. Биз суктанган өнүккөн өлкөлөрдө салык ыйык. Төлөбөгөнү же жашырганы үчүн өтө катуу жазалашат. Ошондуктан бизде да салык ыйык болуш керек. Мындан ары салыктарды өз убагында төлөп туруңуздар”, - деп кайрылган Жапаров.
Шерине