Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

Тажикстан орусча терминдерди өз тилине которууда


Душанбе шаары
Душанбе шаары

Тажикстан парламентинин депутаттары Жарандык-процессуалдык кодекстин аталышын тажикче кылып өзгөртүү чечимин кабыл алды. Эми "граждандык" (гражданский) сөзү "мадани" деп аталып калды. Бир нече жыл мурун аскердик наамдарды да тажикчелетүү демилгеси көтөрүлгөн.

“Азаттыктын” тажик редакциясы (“Озоди” радиосу) жазганына караганда, парламент депутаттары сөз болгон өзгөртүүнү 9-январда кабыл алышты. Мындан эки жыл мурун Жарандык кодекстин аталышы дагы тажикчеге которулган. Айрым тилчилердин айтымында, өлкөнүн мыйзамдарында башка тилдерден алынган дагы бир топ сөздөр менен терминдер кала берүүдө.

Лингвист Умед Жайхонинин пикиринде, саясатка, башкаруу тармагына тиешелүү сөздөр тажикче да жетиштүү:

“Алсак, Конституция Баш мыйзам деп аталууга тийиш. Президент деген сөздүн ордуна «кишвардор» (өлкө башкаруучусу) же “раисжумхур” (жумурият башчысы) деп айтса болот. Мажлис же парламент эмес, “анжуман” деген сөздү колдонуу мүмкүн. Биздин тилибиз негизи интернационалдуу келет”.

Жайхони мыйзам чыгаруу тармагы менен катар аскердик наамдар, мекемелердин аталыштары дагы мыйзам түрүндө тажикчеге өзгөртүлүүгө тийиш деп эсептейт.

"Генералды" тажикче которуу аракети

2018-жылы Тажикстандын Коргоо министрлиги аскердик рангдар менен наамдарды тажиктештирүү демилгесине жооп кайтарганда, “андай зарылчылык жок” , алар эл аралык терминдерге айланган деп жооп берген.

Тажик армиясынын жоокерлери
Тажик армиясынын жоокерлери

Тил комитети ошондо генералды “артишсолор”, полковникти “сарханг” деп атоону, бардыгы болуп 20 сөздү киргизүүнү сунуш кылган. Адистер алардын бардыгы тарыхый жана саясий тексттерден алынганын, кайсы бир кездерде тажиктер аларды пайдаланганын айтышкан.

Ал демилгеге өзгөчө Советтер Cоюзу маалында армияда кызмат өтөгөн, карьерасы өскөн, орус терминдерин колдонууга көнүп калган аскер адамдары да каршы чыккан.

Ал эми тажик жана фарси тилдеринин жактоочулары аскердик наамдарды которуу мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, орусча терминдерден тазалоого өбөлгө түзөрүн айтып келишти.

Айрым эксперттер башка тилдерден алынган терминдер адистер менен макулдашылбай алмаштырылып жатканын, коомчулук аларды ошол себептен жакшы кабыл албаганын белгилешет.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү дымагы

“Озоди” радиосу сөзгө тарткан профессор, Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун мурдагы жетекчиси Сайфиддин Назарзода талаш-тартыштарды алдын алуу үчүн парламент менен тилчилер кызматташууга тийиш деп белгилейт:

“Тажик тилин мамлекеттик деп жарыялагандан кийин, коомдук турмушта, илим жаатында кеңири колдонуу максатын койгондуктан, терминдерди эне тилибизден тандашыбыз керек”.

Тил жана адабият институту
Тил жана адабият институту

Кошуна өлкөдө терминдер боюнча комитет өткөн кылымдын 60-жылдарында пайда болгон. Кийин макамы жогорулаганы менен, орфография, котормо, улуттук терминдерге байланышкан талаштар күчөп келатат.

Жогорку аттестациялык комиссиянын жооптуу өкүлү Жура Шарифзоданын айтымында, эгемендиктин алгачкы жылдарында “прокурор”, “адвокат” өңдүү бир катар терминдер өзгөртүлүп, кеңири колдонууга киргени менен, кийин “мамлекеттик айыптоочу” деп орусчадан сөзмө сөз которуп калышты.

Мындан тышкары Тажикстанда орус тилине ыңгайлаштырып жазылган фамилияларга тыюу салынган.

2007-жылга чейин кошуна өлкөнүн жетекчиси Эмомали Шарипович Рахмонов деп аталчу. Президент ошондо мекендештерин өз тамырларына кайтууга, андан үлгү алууга чакырган.

2016-жылы кабыл алынган чечимде айтылгандай, жаңы документ алып жаткандардын фамилиясы жана атасынын аты тажик тилинин грамматикасына ылайык жазылууга тийиш.

Мисалы, "-зод", "-зода", "-и", "-ён", "-пур" деп жазылат. Рахмон кол койгон бул жобо тажик улутундагыларга гана тиешелүү.

Төрт жыл мурда кошуна өлкөнүн парламенти жарандар катталганда улуттук ысымдар реестриндеги аттарды колдонууга тийиш деп, орусча суффикстерди пайдаланууга тыюу салган мыйзамды жактырган. "Озоди" радиосунун жазганына караганда, бул жобонун мурда -ов, -ова деп жазылып калгандарга тиешеси жок.

Андан тышкары өкмөт бир катар шаарлардын, райондордун, калктуу жайлардын советтик доордон мураска калган аталыштарын өзгөрткөн.

Былтыр жайында кошуна өлкөнүн тил комитети этникалык кыргыздар көп жашаган Мургаб районун Маргеб жана Каратегин аймагын Раштонзамин деп өзгөртүүнү сунуштаганы маалымдалган.

2016-жылы тажик бийлиги Каратегин өрөөнүндөгү Кыргызстандын Ош жана Баткен облустары менен чектеш Жерге-Тал районун Лахш деп өзгөрткөн. Ошондой эле Каратегин аймагындагы бир катар кыргызча жер-суу аталыштары да өзгөртүлгөнү белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG