Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Ноябрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:56

Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектүүнүн мурдагы ишин караган үч судьяны кылмыш жообуна тартууга уруксат берилди


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстандын Судьялар кеңеши 21-ноябрда Бишкек шаардык сотунун Б.С.И., Ж.М. жана А.К.К. аттуу мурдагы судьяларын кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди.

Мындай сунушту кеңешке башкы прокурор Максат Асаналиев берген. Анда башкы прокурор аталган экс-судьяларга карата Кылмыш кодексинин "Коррупция", "Пара алуу", "Пара берүү", "Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу" сыяктуу беренелеринде каралган кылмыштын белгилерин негиз кылып, жоопко тартууга уруксат берүүнү суранган. Судьялар кеңеши бул сунушту карап, аны канааттандыруу чечимин кабыл алды.

Судьялар кеңешинин маалыматында келтирилген үч адамдын ысымы буга чейин 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны өлтүрүүгө шектүүнүн мурдагы кылмыштары үчүн жазасын жеңилдеткен, эркиндикте калтырып койгон деп социалдык тармактарда аты аталган үч экс-судьянын (Кайсын Абакиров, Жаңыл Мамбеталы жана Сания Бранчаева) ысымына туура келет.

Азыркы кезде адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенип жүргөн Кайсын Абакиров 15-октябрда бул иш боюнча комментарий берип, соттук коллегиянын мүчөсү болгону анык экенин билдирген.

Ал Бишкек шаардык сотунун Кумарбек Абдыровго (Айсулуунун өлүмүнө шектүү) карата 2016-жылдын 12-майындагы өкүмү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында кабыл алынганын жана судьялар чечимди кабыл алууда мыйзамды жана иште болгон материалдарды, жетекчиликке алгандыгын" Фейсбук баракчасына жазган жана ошол өкүм мыйзамдуу күчкө ээ экендигин, эч ким аны талашып, каршы болуп, даттанбаганын айткан.

17 жаштагы Айсулуу Мукашева 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Каракол шаарына курбусунукуна кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ички иштер министрлигинин маалыматында, аны Барскоон айылында 41 жаштагы шектүү Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаасына салып кетип, көл жээгиндеги алма бакта, андан кийин Жеңиш айылындагы атасынын үйүндө зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын сыртындагы көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөн. Кийин кыздын сөөгүн Бишкекке баратып Боом капчыгайына ыргытып жиберген.

Жогорку соттун басма сөз кызматы шектүү буга чейин төрт жолу түрдүү берене менен соттолгонун билдирген.

Тактап айтканда, 2006-жылы Бишкектин Октябрь райондук соту ага Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясынын 167-беренеси ("Тоноо") менен айып тагып, 5 миң сом өлчөмүндө айып пул чегерген. Он жылдан кийин, 2016-жылы февралда ошол эле Октябрь райондук соту аны "киши өлтүрүүгө аракет жасаган" деген айып менен Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясынын 28-беренеси ("Кылмыш кылуу далалаты") жана 97-беренеси ("Киши өлтүрүү) боюнча күчөтүлгөн тартиптеги колонияга 12 жылга камоо жазасын дайындаган. Бирок үч айдан кийин Бишкек шаардык соттук коллегиясы райондук соттун өкүмүн өзгөртүп койгон. Ал жерден айып Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси ("Адам уурдоо") жана 168-беренеси ("Каракчылык") боюнча тагылып, акыркы жаза катары мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыратуу дайындалган, калган бөлүгүндө өкүм өзгөртүүсүз калган.

Жогорку соттун басма сөз кызматы ал дайындалган жазасын өтөгөн деп билдирген.

Милиция Абдыров Айсулуудан башка да кыздардын өлүмүнө жана кол салууга тиешеси бар экени аныкталганын кабарлаган. Анда аталган жаран мындан он жыл мурун киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеваны өлтүргөнүн мойнуна алганы да айтылган эле. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG