Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:10

"Москва татар тилин басынтат". Путиндин орусташтыруу саясаты


Орусиянын бийлик өкүлдөрү Кыргызстандагы тил мыйзамы орус тилин басмырлайт деп сындаганы менен, бул өлкөнүн өзүндө башка тилдер кордолуп келет. Муну татар тилинин абалынан баамдаса болот.

Орусиядагы түпкүлүктүү элдеринин эне тилине байланыштуу маселени журналист, "Азаттык" радиосунун татар-башкыр редакциясынын директору Рим Гилфанов менен талкууладык.

- Татар жаштарынын "Азатлык" бирикмеси июндун ортосунда Казанда татар тилинин басмырланышына каршы акция өткөрүптүр. Андай пикеттер маал-маалы менен уюштурулат экен. Татар тили кандайча кордолуп жатат?

Казан шаары, 13-июнь 2023-жыл
Казан шаары, 13-июнь 2023-жыл

- Татар тили туш тараптан басмырланып жатат. Сөздү эң жөнөкөй жагдайлардан баштасак. Тилдин демейкидей өнүгүүсү үчүн биринчи кезекте ошол тилде билим берүү, кесипке үйрөтүү зарыл.

Баштапкы мектептерде эле эмес, жогорку окуу жайларда да колдонуу керек. Татарстанда мунун бардыгы дээрлик токтоп калды.

2017-жылы президент Путин орус тилинин эсебинен башка бир да тил окутулбашы керек деп катуу сестентип, ачыктан ачык шовинисттик, улутчул эскертүү жасагандан кийин Орусиянын прокуратурасы мектептерге барып, канча саат татар тили окутуларын, татар тилинен канча мугалими бар экенин санап кирген. Андан кийин куугунтук башталып, окутуучуларды иштен кетиришкен, татар тили сабагынын сааттары кыскартылган. Абдан амалкөй концепцияны киргизишкен.

Татар тили мектептерде жумасына эки саат окутулса болот, бирок ата-энелер "балабыз тилди окууну каалайт" деген арыз жазып берсе гана деген эреже кабыл алынган. Орто билим берүү мектептериндеги абал ушундай болсо, жогорку окуу жайларды айтпай эле коёюн.

Кайра куруу доорунда татарлар педагогикалык институттарда эне тилди окутууну өнүктүрүү, курулуш-инженердик, маданият институттарында татарча бөлүмдү калыбына келтирүү аракети көрүлгөн. Бирок Путиндин бийликке келиши, Орусияда шовинизмдин жайылышы менен бул иштердин бардыгы токтоп, эми жалаң орусча окутуп калышты.

Тилди өнүктүрүүнүн экинчи маанилүү чөйрөсү - башкаруу, административдик иш жүргүзүү. Путинге чейин айыл жергесинде татар тили көбүрөөк колдонулчу. Орус тилине борбордук бийлик тарабынан көрсөтүлгөн колдоодон улам калган тилдер сүрүлүп чыкты, аларга орун жок болуп калды. Кыргызстандагы окуяларды алсак, орус тилине кошумча макам ыйгарылганда эмне болорун баамдайбыз. Татар, башкыр, чуваш тилдери коомдук жашоодон бара-бара сүрүлүп калууда.

- Конституцияда татар тилинин макамы бекитилгенби?

Рим Гилфанов
Рим Гилфанов

- Татарстанда татар жана орус тилдери экөө тең мамлекеттик деп белгиленген. Бирок, биринчиден, бул формалдуу нерсе. Орусияда көп чечимдер кагаз жүзүндө кала берет эмеспи. Реалдуу турмушта татар тилинин колдонуу чөйрөсү чектелген, анын өнүгүшү үчүн шарт түзүлгөн эмес. Татар тили өз элинде чоочун, куугунтукталган тил болуп калды. Менин көз карашымда, адистер да белгилегендей, орусташтыруу деңгээли советтик мезгилдегиден да ашып түштү.

- Расмий иш-чаралары кайсы тилде өтөт, иш кагаздары кайсы тилде жүргүзүлөт?

- Мисалы, Татарстан жумуриятынын президенти Минниханов расмий иш-чараларда жумурияттын жетекчиси экенин көрсөтүш үчүнбү, өзгөчө татарлардын маданиятына, улутка тиешелүү темаларды кеп кылганда, адегенде татарча бир нече сөз окуйт. Анан орус тилине өтүп кетет. Башкарууда түпкүлүктүү тил колдонулбай калды.

Татарча билим алышпаса, жаш муундун сөз байлыгы үй-бүлөсүндө укканы менен гана чектелип калат. Үй-бүлөлөрдүн бардыгы эле эне тилде сүйлөбөйт. Бардык чөйрөлөрдө орус тили өкүм сүрүп жаткан шартта ата-энелер да балдарынын келечегин ойлоп ал тилди жакшы билишсин дешет. Андыктан административдик иштер, башкаруу тармагынан татар тили сүрүлүп чыгууда. Эмне дегенде терминдер да башкача да, аларды эч ким үйрөтпөйт.

- Мектепте каалагандар татарча окуй алат дедиңиз. Каалоочулар канчалык көп?

- Ыктыярчылар бар, бирок саны аз. Мен жогоруда айткандай, Орусиянын режими абдан амалкөй. Путин же билим берүү министри улуттук тилдерге каршы экенин айтышпайт. Орусия өз элдери менен күчтүү, маданий, улуттук көп түрдүүлүктү колдойбуз деп кайталап келет. Бирок иш жүзүндө тил, маданият, менталитет жагынан унификация же бардыгын бир калыпка түшүрүү иштери жүрүүдө.

Керек болсо бул тенденция динге да тиешелүү. Албетте, исламды Орусиянын байыркы, салттуу дини дешет. Бирок бул чөйрөдөгү билим берүүнү Орусиядагы окуу жайлары менен гана чектеп коюшкан. Эмне дегенде аларды көзөмөлдөп туруу зарыл. Татарстанда диний окуу жайлары күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө иш алып барышат.

- Жумурият калкынын канчасы татарлар да, канчасы орустар?

Татар тилинин онлайн курсу. Канада
Татар тилинин онлайн курсу. Канада

- Мурда татарлардын саны өсүп келген, калктын жарымы татар улутундагылар болчу. Азыр калктын 53% жакыны татарлар, 39-40 % орустар. Бизде эзелтен чуваштар жашайт. Акыркы жылдарда Борбор Азиядан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстандан келгендер көбөйдү. Ооба, бул жагынан татарлар көбүрөөк.

- Москва Украинага басып киргенден бери айрым мурдагы советтик өлкөлөрдө өзгөчө соцтармактарда улуттук нарк-насилге, тилге көбүрөөк көңүл буруп, эне тилинде сүйлөөгө аракеттенген жаштарды байкаса болот. Согуш бул жагынан татар жаштарына кандайдыр бир таасир эттиби?

- Кандай мамлекетте жашаганын, кимдер башкарганын буга чейин эле жакшы билген адамдар үчүн Орусия мамлекети аз улуттарга кам көрчү эмес, мындан ары да кам көрбөйт деген дагы бир далил болду. Тилекке каршы, менталитет жагынан да бүтүндөй калкты бир калыпка салуу жараяны жүрүүдө деп айтпадымбы. Улутуна карабай бардык элдер пропагандага бирдей сугарылган. Москва, өзгөчө борбордук телеканалдар аркылуу бардыгынын мээсине өз идеологиясын куюп келатат. Бул жагынан улуттук азчылыктар бардык орусиялыктардай эле ой жүгүртөт, ошондой эле категорияларды пайдаланышат.

Чет элдик медиа байкагандай, согуштун алгачкы айларында улуттук жумурияттардын өкүлдөрүнөн турган батальондор бекеринен түзүлгөн эмес. Бийлик аларды согушка тартканда ошол азчылыктардын эне тилиндеги аталыштарды, же ошол элдерден чыккан баатырлардын ысымдарын ыйгарып келди.

Татарстанда куралган бөлүк, мисалы, "Алга" деп аталчу. "Темер" (Темир) деген батальон бар. Башкырстанда да ошондой беш батальон куралган. Айтайын дегеним, борбордук бийликке керек болгондо улуттук маданиятты, тилди да колдонот. Силерди өлүмгө гана салса болот, алга дегендей ишарат кылышат. Калың эл азырынча, тилекке каршы, бийликчил деп айтаар элем.

- 2019-жылы январында Европа кеңешинин улуттук азчылыктарды коргоо конвенциясынын консультативдик комитети Орусияны улуттук саясаты үчүн сындап, орус тилинин үстөмдүгү өсүүдө, улуттук азчылыктардын тилдери эффективдүү колдоого алынбайт деп билдирген экен. Ошондон бери бул өңдүү сын айтылганбы?

"Мен татарча сүйлөйм" акциясы. Татарстан, 26-апрель 2023-жыл
"Мен татарча сүйлөйм" акциясы. Татарстан, 26-апрель 2023-жыл

- Москва азыр Европа, Батыш менен бардык мамилелерди үзүп койгон. Мурда сындан бир аз чочулап, этият аракеттенсе, эми эч кимди көзгө илбей андай саясатты ачык эле жүргүзүүдө. Бийлик эл алдында бирди айтып, чындыгында тетири иш кылат. Баса, Орусия Европа кеңешинин алкагында Улуттук азчылыктарды жана улуттук тилдерди коргоо хартиясына кол койгон. Бирок эч качан ратификациялаган эмес жана ратификациялабайт дагы. Анткени анда бул багытта чара көрүүгө туура келет. Москванан болсо андай планы жок. Татарлар Орусиянын экинчи калкы, ооба колдош керек, коргош керек деген көптөгөн жомокторду угуп келдик. Ошон үчүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Захарова же башкалардын комментарийлерине этият мамиле кылат элем. Орус тили Москванын геосаясий кызыкчылыктарын жактоо үчүн "жумшак күчтүн" кубаттуу куралына айланган.

- Татар тилинин мындан аркы тагдыры кандай болот? Албетте, жок болуп кетүү коркунучуна кептелбесе керек. Ошентсе да, өнүгүүсү кандай болот?

- Мен буга чейин айткан көйгөйлөргө глобализация салым кошконун да эске алуу зарыл. Татар тили же Орусиядагы азчылыктардын тилдери гана эмес, дүйнөдөгү көптөгөн тилдер жапа чегүүдө. Ошон үчүн татар тилине эки жактан сокку болууда деп айтсак болчудай. Бул, албетте, оңой эмес. Биз тилин жоготуп койгон башка элдердин тажрыйбасын билебиз. Алар бул туура эмес экенин, ар бир элдин өз тили болууга тийиш, бул чоң байлык экенин түшүнгөн. Мисалы, ирландыктарды, каталондорду атасам болот. Уэльсте же Шотландияда болуп жаткан окуяларды алсак. Татар элинин тарыхый тамыры терең, бай, ар түрдүү маданияты бар. Чыгыш Түркстандагы алгачкы секулярдык мектептерди татар соодагерлери ачкан, Казандан имамдар барып билим алчу. Элдин тарыхый эс тутуму сакталып калат, татар тили калыбына келет деп үмүттөнөбүз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG