Кыргызстандыктарды чет өлкөлөрдө жумушка уруксат кагазы жок, мыйзам талаптарын бузуу менен орноштуруп жүргөн беш агенттик аныкталганын Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы 21-ноябрда кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте өлкөдөн тышкары ишке орноштуруу кызматын мыйзамсыз көрсөткөн жеке агенттиктерди аныктоо боюнча профилактикалык иш-чаралар өттү, 55 миң сом өлчөмүндө айып салынды.
Милиция жарандарды расмий жана лицензиясы бар агенттиктерге кайрылууну, уруксат берүүчү документтердин бар-жогун текшерүүнү сунуштап, каттоосуз, күмөндүү ортомчуларга, жарнамаларга ишенбөөгө чакырды.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда жарандарга чет өлкөлөрдө жумуш таап берип, жөнөтүү менен алектенген лицензиясы бар 160тан ашуун компания иштейт. Алар 26 өлкө менен байланышып, суроо-талапка жараша жумушчуларды жөнөтөт. Ошол эле учурда лицензиясыз иштеген фирмалар да бар.
Чет өлкөдө жумуш таап берүүнү убада кылган компанияларга алданып калган жарандардын маселеси буга чейин парламентте да көтөрүлгөн.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги чет өлкөдө жумушка орношууда кыйынчылыктарга дуушар болгон жарандар +996 559 189 900 (WhatsApp) ишеним телефонуна чалып, юридикалык жана консультациялык жардам ала алышарын билдирүүдө. (КЕ)
Шерине