Бишкек шаардык мэриясы Чүй жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги синтетикалык баңгизатты жарнамалаган баннерди алды. Бул тууралуу шаардык бийликтин басма сөз кызматы маалымдады.
Баннерге QR-код менен сайттын аталышы жазылган. Ал баңгизаттарды саткан онлайн дүкөнгө алып барат.
Ал баннерди Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери 20-ноябрда алышкан. Мэрия буга шаар тургундары арызданып кайрылышканын билдирди.
Маалыматка караганда, жарнаманын мыйзамдуулугуна өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги көзөмөл жүргүзөт. Жарнама тактасы 2022-жылга чейин ижарага берилген. (BTo)