Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:28

Өкмөт өкүлү “Керемет банкты” сатуудан алынчу каражаттар төлөнгөнүн ырастады


“Керемет Банктын” кеңселеринин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
“Керемет Банктын” кеңселеринин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

27-январда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде Улуттук банктын кирешелерин республикалык бюджетке алуу мыйзам долбоору каралып жатканда депутаттар “Керемет Банкты” сатуудан түшкөн каражат тууралуу да сурашты.

Депутат Айсара Абдибаева аталган банк сатылганы менен төлөмү толук түшө электиги тууралуу каңшаар кептерди укканын, АКШ санкция салган соң ал кандай болуп чечилерин сурады.

Финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйүналиев “Керемет Банкты” Министрлер кабинети Улуттук банктан сатып алып, кайра жеке колдорго сатканын, алардан төлөмдөр толук алынганын билдирди:

“Туура айтасыз, өкмөттүн чечими менен “Керемет Банк” бизге өткөн болчу. Ыйгарым укуктуу орган катары Финансы министрлиги сатып алып, каражатты которгонбуз. Андан кийин кайрадан сатыкка коюлган. Натыйжада 77%бы, айтор 80%га жакын акциясы жеке акционерлерге сатылган. Келишимдердин негизинде төлөмдөрдүн баары бар. Эгерде зарыл болсо, маалыматты толуктап туруп, кат жүзүндө жооп берели”.

“Санкция киргизген себеби эмнеде? Ким күнөөлүү?” деген суроого министрдин орун басары "тиешелүү топ түзүлүп, ал боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат" деп жооп берди.

11-январда АКШ Кыргызстанда катталган “Газпром нефть Азия” жана “Мунай мырза” компанияларына санкция салган. Төрт күндөн кийин – 15-январда АКШнын Каржы министрлиги чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын жаңы санкциялар топтомун жарыялап, “Керемет банкка” да санкция салган.

АКШ “Керемет банктын” расмий өкүлдөрү 2024-жылдын жай айларынан бери эл аралык санкцияларды кыйгап өтүү схемаларын жүзөгө ашыруу үчүн орусиялык расмий өкүлдөр жана АКШнын “кара тизмесиндеги” “Промсвязьбанк” менен иштешип, аталган банктын атынан сыртка каражат которуп турганын” кабарлаган.

“Керемет банк” мындай чечим боюнча АКШнын Каржы министрлигине даттануу жолдогонун билдирген.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров 23-январда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен “Керемет банктын” жана Кыргызстанда катталган “Газпромнефть Азия”, “Мунай мырза” компанияларынын санкцияга илиниши боюнча сүйлөшкөн. Кыргыз тарап анда “мунун себеби түшүнүксүз болуп жатканын” билдирип, аталган компанияларды “кара тизмеден” чыгарууну өтүнгөн.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык “АзияУниверсалБанк” 2010-жылдан кийин Улуттук банкка өткөрүлүп, кийин ал “Залкар Банк”, “РосинБанк” жана “Керемет Банк” болуп бир нече ирет аталышын өзгөрткөн.

2024-жылы март айында банкты Финансы министрлиги сатып алып, кайра күздө жеке колдорго саткан. Айрым басылмалар “Керемет Банк”люксембургдук компанияга сатылганын жазса, кээ бир депутаттар банк орусиялык ишкерлерге өткөнүн айтып чыгышкан. Банк өзү бул маалыматты четке каккан.

АКШ, Улуу Британия жана Жапония Орусия менен активдүү кызматташканы үчүн санкция салган Кыргызстандагы компаниялардын саны ушуну менен 10-15ке чамалады.

Президент Садыр Жапаров мурдараак "Кыргызстан Орусияга Батыш өлкөлөрү салган санкцияны кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деп айтууга негиз жок экенин" билдирген. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG