Президенттин администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Чүй облусунун Кант шаарында каза болгон окуучунун иши тууралуу маалымат берип, аны ички иштер министри Улан Ниязбеков өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Бул жөнүндө ал Фейсбуктагы баракчасында жазды.
"22-январь күнү мектеп окуучуларынын ортосундагы жөнөкөй оозеки чыр-чатак, өкүнүчтүүсү – адам өлүмү менен аяктаган. №3 мектептин 10-классынын окуучусу Р.А. менен 2008-жылы туулган Ч.Д. аттуу баланын ортосунда чыккан чырдын натыйжасында Ч.Д. оор жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, Ч.Д. дарыгерлердин бардык аракеттерине карабастан, эсине келбей каза болгон. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалды. Бул иш боюнча мыйзам чегинде бардык чаралар көрүлүп, адилеттүү чечим кабыл алынат.", – Орунбеков.
Кант шаарында окуучулар мушташып, бири алган жараатынан өзүнө келбей каза болгону 26-январда белгилүү болгон. Окуя 22-январда катталып, окуучу 25-январда ооруканада үзүлгөн.
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Ден соолукка оор зыян келтирүү” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.
Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, окуучулардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, ал мушташка жеткен. Экөө тең жараат алган. Мушташка эмне себеп болгону кабарланган жок.
Учурда мугалимдер жана ошол мектептин окуучулары мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышуусунда суралып жатканы кабарланды. Соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүүдө. (ErN)
Шерине