Казакстанда сот 2022-жылдагы Январь окуяларына байланыштуу 44 адамга өкүм чыгарды. Алардын арасында кримтөбөл Арман Жумагелдиев (Дикий Арман), Алматы шаардык кеңешинин депутаты, ишкер Кайрат Кудайберген, журналист Бердах Бердымурат, коопсуздук кызматынын, каржы полициясынын өкүлдөрү бар.
27-январда чыгарылган өкүмгө ылайык, кримтөбөл Арман Жумагелдиев кандуу окуялар маалында кылмыштуу топ түзүп, аны жетектеген, башаламандык уюштурган жана адам уурдаган деген айыптар менен 20 жылга кесилди.
Ишкер Кайрат Кудайберген жана журналист Бердах Бердымурат сегиз жана жети жылга эркинен ажыратылды. Сот калгандарына бир жылдан 15 жылга чейин абак жазасын берди.
Жумагелдиев абактан казакстандык интернет басылмага берген маегинде өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, “ал кезде өзгөчө кырдаал болуп, бийлик өкүлдөрү жок болгондуктан, күч түзүмдөрүнүн милдетин өз колуна алганын" билдирген.
Сот жараяны №72 тергөө изоляторунда өттү. Журналисттер киргизилген жок. Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү башка сот имаратынан жараянга онлайн көз салып турушту.
Биринчи угууда коопсуздук кызматынын өкүлү Руслан Искаков ага буйруктарды Казакстандын улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары Самат Абиш берип турганын айткан. Андан кийин иш жабык карала баштады.
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Самат Абиш былтыр сегиз жылга шарттуу кесилген. Ал Январь окуялары маалында кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп күнөөлөнгөн.
Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери 2022-жылы 2-январда башталып, өлкөнүн башка аймактарына жайылып кеткен. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Тополоңдо каза болгондордун саны расмий маалыматтарга ылайык кеминде 238ге жеткен. Январь окуяларына байланыштуу Казакстанда 10 миңдей адам кармалганы айтылган жана көпчүлүгү кийин бошотулган.
Шерине