Израил 27-январда миңдеген палестиндерге 15 айдан бери биринчи жолу Газанын түндүгүнө кайтууга жол ачты.
ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган топ) менен Израил бийлигинин ортосундагы соңку күндөрдөгү талаш-тартыштан улам жол пландалгандан эки күн кеч ачылды. Туткундарды бошотууга байланыштуу маселе Египет жана Каирдин ортомчулугу менен чечилди.
Уруксат берилери менен жүктөрүн көтөрүнгөн миңдеген палестиндер Газанын түндүгүн көздөй агылышты. Алардын көбү анклавда согуш башталганы үй-жайын таштап түштүккө качууга аргасыз болушкан. Газанын түндүк тарабы дээрлик толугу менен урандыга айланган.
Ар кандай эсептерге караганда, бул аймакка 650 миңдей адамдын кайтышы күтүлүүдө.
Январдын ортосунда тараптар ортосундагы макулдашуунун алкагында Израил Газанын түндүгүнө жол ачмак.
25-январда ХАМАС барымтадагы төрт аскер аялды бошоткон. Израил бийлиги согушкерлер адегенде карапайым тургун Арбель Ягудду коё бербей, келишимди бузду деген жүйө менен тилкенин түндүгүнө жол ачпай койгон.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Ягуд жакынкы күндөрдө бошотулмай болду. Аны менен кошо дагы бир карапайым туткун менен бир аскер аял бошотулат. Ал эми 1-февралда хамасчылар дагы үч туткунду үйлөрүнө жиберет.
Макулдашуунун биринчи баскычында ХАМАС жалпы 33 адамды эркиндикке чыгарышы керек. 27-январга чейин алардын жетөө мекенине жеткирилди. Израил буга жооп катары алты апта ичинде түрмөлөрүндөгү 200дөй палестинди бошотот.
Соңку маалыматтарга караганда, ХАМАСтын барымтасында 90дой туткун бар болчу. Алардын канчасы тирүү экени беймаалым.
- Согушкерлер Израилге 2023-жылы 7-октябрда кол салганда 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кетишкен. Туткундардын көбү 15 ай ичинде ар кандай шартта бошотулуп, айрымдарынын сөөгү табылган.
- Хамасчылардан өч алуу максатында Израил анклавда аскердик операция баштаган. Аймактын Саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, андан бери тилкеде 47 миңдей кишинин өмүрү кыйылды.
Шерине