Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:21

Польшада Освенцимдин бошотулушунун 80 жылдыгына арналган иш-чаралар башталды


Польшанын президенти Анжей Дуда Освенцимди бошотулушунун 80 жылдыгын арналган иш-чарага катышып жатат. 27-январь, 2025-жыл.
Польшанын президенти Анжей Дуда Освенцимди бошотулушунун 80 жылдыгын арналган иш-чарага катышып жатат. 27-январь, 2025-жыл.

Польшада 27-январда миллиондон ашуун киши жок кылынган Освенцимдин бошотулушунун 80 жылдыгына арналган иш-чаралар башталды. Аны советтик армиянын аскерлери 1945-жылы бошотушкан.

Дүйшөмбү таңда Польшанын президенти Анжей Дуда лагердин кире беришинде шам жакты. Расмий иш-чаралар жергиликтүү убакыт боюнча түштөн кийин саат 16.00до башталат. Ага 56 мамлекеттин лидерлери жана эл аралык делегациялардын жетекчилери катышары күтүлүп жатат. Арасында Германиянын канцлери жана президенти дагы бар.

Алардан тышкары Холокосттон аман калгандар дагы катышат.

27-январь - миллиондогон киши, негизинен европалык жөөттөр өлтүрүлгөн Холокостту эскерүүнүн Эл аралык күнү.

Быйыл бул күндү утурлай Европа лидерлери кайрадан ашынган оңчул маанайдагы партиялардын баш көтөрүп жатканына кооптонуусун билдиришти.

Лагерь Польшанын нацисттер оккупациялап алган бөлүгүндө 1940-жылы негизделген. Башында ал жакта негизинен поляктар кармалчу. Эки жылдан кийин анын жанында жөөттөр үчүн концентрациялык лагерь ачылган.

Освенцим концлагерин нацисттик Германия жөөттөрдү тукум курут кылуу саясатын ишке ашыруу үчүн колдонгон.

Анда башка азчылыктардын, анын ичинде сыган, советтик туткундар жана акыл-эсинен айныгандар да өлтүрүлгөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG