Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:22

УКМК Соцфонддо акчалай компенсация боюнча коррупциялык схема аныкталганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Социалдык фонддун кызмат адамдары уюштурган коррупциялык схема аныкталганын жана ага бөгөт коюлганын кабарлады. Атайын кызматтын маалыматына караганда, аталган мекеменин кызмат адамдары бир жолку акчалай компенсацияларды чыгаруу максатында системалуу түрдө коррупциялык схема уюштурганы аныкталган. Алар бюджеттен өзгөчө ири өлчөмдөгү каражат чыгаруу үчүн "Чернобыль союзунун ардагерлери жана майыптары" коомдук бирикмесинин пенсионерлеринин жасалма архивдик маалымкаттарын пайдаланган деп шектелип жатат.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") каралган кылмыш белгилери боюнча иш козголду.

Топтолгон далилдердин негизинде Социалдык фонддун аудит башкармалыгынын башкы аудитору Б.Б.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иши жүрүп жатканы кабарланды.

Социалдык фонд жана шектүүлөрдүн жакындары, адвокаттары комментарий бере элек.


Президент Садыр Жапаров 2024-жылы 31-декабрда коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматтарда иштөөгө өмүр бою тыюу салынат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 16-январда Кыргызстанда 2025-2026-жылдары өлкөдөгү коррупциянын деңгээлин 5-10 пайызга чейин кыскартуу пландалып жатканын, ушу тапта көрсөткүч 30-40 пайыз экенин билдирген. Ал буга чейин жемкорлук 70-80 пайызга чейин жеткенин айткан.(КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG