Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:42

"Манас" эл аралык аэропорту ишканасы "Кыргызстан аэропорттору" болуп расмий өзгөрдү


"Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коому.
"Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коому.

27-январдан тартып ""Манас" эл аралык аэропорту" ишканасынын аталышы "Кыргызстан аэропорттору" ачык акционердик коому болуп расмий өзгөрдү. Ишкананын директору Манас Самидиновдун Фейсбукка жазганына караганда, бул аталыш ачык акционердик коомго гана тиешелүү. Өлкөнүн борборундагы башкы аба майданы "Манас" эл аралык аэропорту деп деп атала берет.

Самидинов мындай өзгөртүүнү өлкөнүн бардык аэрпортторун бир бренддин алдына бириктирип, өнүктүрүү боюнча стратегиялык багыт катары түшүндүрдү.

“Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” эл аралык, ал эми алтоо – “Жалал-Абад”, “Исфана”, “Кербен”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аймактык макамга ээ.

Кыргызстандык авиакомпаниялар “эл аралык нормаларга дал келбейт” деген жүйө менен 2006-жылы Евробиримдиктин “кара тизмесине” киргизилген. Андан чыгуу аракети жөнүндө көп сөз болгону менен, маселе оң жагына чечиле элек.

Мурдараак Кыргызстандын авиакомпанияларын Евробиримдиктин “кара тизмесинен” чыгаруу боюнча Жарандык авиация агенттигинин жетекчилиги биримдиктин департаменти менен жолугушууларды өткөрүп жатканы кабарланган. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG