Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 3-марттагы жыйынында "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Анда бул макулдашылган варианты экени, талаш-талкуу жараткан айрым жоболор алып салынганы айтылды.
Жогорку сот журналисттер Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков жана Айке Бейшекееванын адвокаттарынын арызын карап, буга чейинки соттун чечимдерин күчүндө калтырды. Эми Махабат Тажыбек кызы алты жыл, Азамат Ишенбеков беш жыл абактагы жаза мөөнөтүн өтөшү керек.
73 жашында кыргыз журналистикасынын мыктыларынын бири Нарын Айып дүйнө салды. Айтылуу публицист, журналист бир топ жыл "Азаттык" радиосунда иштеген, кыргыз кызматынын редактору болгон. Кайсы жерде иштебесин, ал журналисттик өнөрдүн эреже-талаптарын так сактачу.
Кыргыз журналистикасынын чыгаандарынын бири Уланбек Эгизбаев тирүү болсо 35ке чыкмак. Ал 2018-жылы 22-июлда 28 жаш курагында Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон.
Интернетте жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга, мазактоого айып пул салуу каралган мыйзам 10-февралда күчүнө кирди. Арызды ИИМ кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберет. Сот жалган маалымат таратты деп тапса, 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиага 65 миң сом айып пул салынат.
Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылык билдирип, саясий ачкачылык кармаган активист Шералы Назаркуловдун каза болгонуна 7-февралда туура 23 жыл толду.
"Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште карала баштады. Бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитети отурумунда карап, айрым депутаттар документ менен таанышып чыгуусу үчүн кароо кийинкиге жылдырылды.
Президент Садыр Жапаров интернетте жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзамга кол койду. Эми "жалаа жапты" же "мазактады" деп табылган адам 20 миң сом, ал эми медиа 65 миң сом айыпка жыгылат.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) блогер деп атаган интернет колдонуучулардын кармалышы социалдык тармактарда саясатчыларды, аткаминерлерди мактап же каралап жазгандар темасын көтөрдү.
“Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашуун жаранды аныктады.
Камактагы адвокат Самат Матцаковдун бөгөт чарасы 28-январда Бишкек шаардык сотунда каралып, анда адвокаттар шаардык соттун судьяларына ишенбөөчүлүк көрсөтүштү. Судьялар бул өтүнүчтү канааттандырган жок.
Калыс Жумадил "Көчөдөгү кагаздар" деген долбоор баштап, социалдык тармактан көптөгөн көрүүчү топтой баштады. Ал ак кагазга эки сап ырларды жазып, аларды шаар көчөлөрүнөн видеого түшүрүп, контент жасайт. Калыс жаштар арасында поэзияны кеңири жайылтуу үчүн ушундай заманбап ыкмалар керек деп эсептейт.
Дагы жүктөңүз