Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:27

20 миң жана 65 миң сом айып пул. Жапаров талаштуу мыйзамга кол койду


Сөз эркиндигин коргоо митинги. 2022-жыл.
Сөз эркиндигин коргоо митинги. 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров интернетте жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзамга кол койду. Эми "жалаа жапты" же "мазактады" деп табылган адам 20 миң сом, ал эми медиа 65 миң сом айыпка жыгылат.

Жарандык коом өкүлдөрү, журналисттер бул мыйзамга башынан эле каршы болуп, сөз эркиндигин чектей турганын билдирип келишет. Бийлик болсо жоопкерчиликти күчөтө турган документ экенин жүйө келтирүүдө.

Мыйзам 10 күндөн кийин күчүнө кирет

Президент Садыр Жапаров жалаа жабуу жана мазактоо үчүн айып пул салган мыйзамга кол койгону “Эркин-Тоо” гезитинин 31-январдагы санынан белгилүү болду. Анда мамлекет башчы документке 27-январда кол койгону, мыйзам он күндөн кийин күчүнө кирери жазылган.

Мыйзам "Эркин-Тоо" басылмасына жарыяланды.
Мыйзам "Эркин-Тоо" басылмасына жарыяланды.

Бул жаңылык социалдык тармактарда кызуу талкууланып, президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына түшүндүрмө жазды:

Дайырбек Орунбеков
Дайырбек Орунбеков

“Акыркы убакта адамдардын кадыр-баркын тебелөө, жалган маалымат таратуу жана мазактоо кеңири жайылып, интернет айдыңында жоопкерчиликсиз мамиле күчөп кеткен. Бул өзгөртүүлөр ар бир жарандын абийирин коргоого, маалыматтык коопсуздукту камсыздоого жана адеп-ахлакты сактоого багытталган. Ар бир адам интернетте дагы жоопкерчилик менен сүйлөп, башкалардын укугун сыйлоосу керек!”.

Эми мазактоо жана жалаа жабуу боюнча арыздарды Ички иштер министрлиги кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберет. Эгер ал далилденсе, жалган маалымат таратты же жалаа жапты делген адамга 20 миң сом, андай маалыматты чыгарган медиага 65 миң сом айып пул салынат. Каражат арыз жазган адамдын эмес, мамлекеттин эсебине түшөт.

Мыйзамдын баштапкы вариантында айып пулду Маданият министрлиги сала турганы, анын өлчөмү жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом деп бычылган эле. Бул коомчулукта нааразылык жаратып, кийин айып пул азайтылган жана арыздарды карай турган орган алмашкан.

Бирок "айып пулдун азыркы өлчөмү Кыргызстандагы жашоо шартка туура келеби" деген суроо турат. Ага "Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков мындай деп жооп берди:

Нурдин Дүйшөнбеков
Нурдин Дүйшөнбеков

"Айып пулдун өлчөмү мыйзамда каралган эң жогорку суммадан да алда канча жогору болуп калды. Буга каршы бир нече пикир айтылган. Жеке адамдан 20 миң, юридикалык жактан 65 миң сом алганы жатышат. Бул Кыргызстандагы жашоо шартына туура келбейт. Ушундай сандарды каяктан алышты? Аны мыйзамдын авторлору да толук түшүндүрүп бере алышкан жок. Бийлик бул мыйзамды иштетет. Анткени алардын саясий позициясы ушул болуп турат. Кийинки эл аралык рейтингдерде дагы ылдыйлайт окшойбуз. Эми журналисттерге, блогерлерге, социалдык тармактын колдонуучуларына мындан да оор болот".

Бул мыйзам коомдук талкууга коюлуп, кийин Жогорку Кеңеште каралып жатканда журналисттер коомчулугу депутаттарга, бийликке да кайрылуу жолдогон.

"Мыйзамдын тобокелчиликтери көп"

Жалаа жабууга жана мазактоого айып салган бул мыйзам журналисттерди, жарандык коомду чочулаткан кезектеги документ болуп турат. Анткени буга чейин “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” деп аталган дагы бир талаштуу мыйзам кабыл алынып, анын айынан айрым эркин медиалардын сайты бөгөттөлгөн.

Болбосо мыйзам кабыл алынып жатканда анын авторлору документ фейк аккаунттарга каршы күрөшүүгө жол ачарын убада кылышкан эле. Бирок иш жүзүндө андай болбой жатканын убакыт көрсөттү.

11 журналисттин иши медианы кандай өзгөрттү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:20 0:00

Ушундан улам бул документ да пикирин ачык айтуу укугун жана сөз эркиндигин чектейт деген пикирлер арбын болуп турат. Мисалы, медиа эксперт Асел Сооронбаева буларды айтты:

Асел Сооронбаева
Асел Сооронбаева

"Журналисттер, жарандык коом, юристтер мыйзамдын тобокелчиликтерин бийликке, коомчулукка жеткирүүгө аракет кылдык. Сөз эркиндигине кысым экенин да айтып турдук. Бирок кыргыз бийлиги "жазалайбыз, тарбиялайбыз" деген позицияны карманып туруп алды. Документтин тобокелчиги өтө жогору. Мисалы, далилдүү, тең салмактуу сын айткан адамдарга каршы иштеп калышы толук мүмкүн. Реалдуу түрдө фейк аккаунттардын артына жашынгандар жазаланбайт. Негизи сөз үчүн жазалоонун өзү туура эмес".

Кыргызстанда 2020-жылдан бери социалдык тармактарда пикир билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн укук коргоо органдарына суракка чакырылып, иш козголгон же жазага тартылган жарандардын саны 50дөн ашканын буга чейин "Азаттык" аныктаган. Кармалгандардын арасында 70 жаштагы байбиче жана 21 жаштагы студент да бар.

Жалаа жаап, мазактады делген адамга айып пул салган мыйзам боюнча президент Садыр Жапаров да пикирин билдирген. Мамлекет башчы 2024-жылы сентябрь айында мындай деген:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Бул мыйзам эмне үчүн керек? Азыр элибиздин дээрлик 95% интернет колдонот. Эки кошуна бири-бири менен интернет аркылуу урушуп жаткан заман. Социалдык түйүндөргө бири экинчисинин абийирин төккөн маалыматтарды жарыялап салат. Анан экөө соттошот. Маалымат жалган болуп чыгат. Сотто кечирим сурап же төлөчүсүн төлөп берип, анан тынчып жатышат. ЖМКлар менен бийликтин ортосунда дагы так ушундай эле жагдай. ЖМКлар бийликтегилер жөнүндө жалган маалымат таратып жиберишет. Анан кайра кечирим сурап, ал маалыматты өчүрүшөт”, - деген Жапаров.

Ошентип талаш талкуу жараткан, журналисттерге, социалдык тармактын колдонуучуларына тиешелүү болгон кезектеги мыйзам долбооруна президент кол койду.

Кыргызстан эл аралык уюмдардын акыркы баяндамаларында төртүнчү жылы катары менен "эркин эмес мамлекет" деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Шерине

XS
SM
MD
LG