Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:44

Орусиялык YAKA бренди улуттук мурасты уурдадыбы?


Коллаж
Коллаж

Кыргыз оймо-чиймеси түшүрүлгөн кийимдерди саткан орусиялык YAKA бренди бир канча күндөн бери кыргызстандыктардын көңүлүн бурууда. Буга компаниянын өз өнүмүнүн “стилистикалык өзгөчөлүгүн” көчүрүп алганга тыюу салып, мындай учурда сотко кайрыла турганын билдиргени себеп болгон.

Кыргызстандык блогерлер муну “маданий баскынчылык” катары сыпатташты. Социалдык тармактын айрым колдонуучулары көөнө мурастарды коргоого мезгил жеткенин айтышууда.

Орусиялык YAKA брендинин сайтын ачканда, кыргыз оюм-чийимдери түшүрүлгөн кийим-кече, жоолук жана шырдактар сатыкка коюлганын көрүүгө болот.

Сайтта долбоордун идеясы компаниянын негиздөөчүсү Анна Обыденова Кыргызстанда жүргөндө жаралганы жазылган. Обыденова брендди Кара Кыргыз АССРинин 100 жылдыгына арнаганын, продукцияны кыргыз кол өнөрчүлөрү жасай турганын белгилеген.

YAKA мындан тышкары сайтында продукциянын “стилистикалык өзгөчөлүгүн” көчүрүп алууга болбосун, бул үчүн атайын патент алганын көрсөткөн. Компания мындай үлгүдөгү кийим-кече базарга чыккан учурда сотко кайрыларын эскерткен.

"Биздин бренд болчу"

Блогер Эрик Абдыкалыков Кыргызстанда автордук укук иштебегенден улам ушул маселе чыкты деп эсептейт. Анын айтымында, учурда орусиялык компания сатып жаткан кийим-кеченин үлгүсү Qoorchak брендине таандык. Бул брендди анын жубайы Жибек Абикова негиздеген.

“Биз брендди 2022-жылдын башында түптөгөнбүз. Ага чейин Бухарада, Самаркандда өткөн мода көргөзмөсүнө катышканбыз. Алгачкы коллекцияны сатыкка койгондо эле көчүрмөлөрү көп чыгып кеткен. Жергиликтүү тикмечилер уруксаты жок эле тигип, тарата баштаган. Азыр бардык жакта сатып жатышат. Анын бири ушул москвалык YAKA. Тилекке каршы, Кыргызстанда автордук укукту сыйлоо деген түшүнүк иштебейт. Андай болгон соң буларга каршы күрөшүү да оңой эмес”, - деген Абдыкалыков азырынча YAKA брендин сотко берүүнү ойлоно электигин кошумчалады.

YAKA брендинин жетекчиси Анна Обыденова буга чейин нааразылык билдиргендерге “орус тилин үйрөнгүлө” деп жооп кайтарган.

Абдыкалыков автордук укуктан мурда, ушундай империалисттик контекст талкууну күчөттү деп эсептейт.

“Эгер бир адам маданиятка кызыкса, аны колдонсо болот. Эгер YAKAнын ордуна Батыштагы башка бренд болсо, мынчалык ызы-чуу чыкмак эмес. Экинчиден, YAKA башка элдин маданий баалуулугун түшүнбөй эле коммерцияга айландырып алды. Ал брендди Кара Кыргыз АССРинин 100 жылдыгына арнаганын айтууда. Бирок биздин эгемендик алганыбызга 30 жылдан ашпадыбы. Булар дагы эле ушундай империалисттик дымак менен айтышат”, - дейт блогер.

"Белдемчи юбка эмес"

Учурда социалдык тармактын колдонуучулары YAKA брендин улуттук маданияттын элементтерин бурмалап, орунсуз колдонду деп айыпташууда.

“Ак барак” коомдук фондунун жетекчиси Уулжан Бектурова YAKAнын оюм-чийимдерди өзү каалагандай атап алганына нааразы:

Уулжан Бектурова.
Уулжан Бектурова.

“Азыр компаниянын сайтында бренддин тарыхы тууралуу жазылып турат. Андан Анна Обыденова Кыргызстанга келгенде эргүү алып, анан YAKA брендин негиздегенин окусак болот. Бирок башка билдирүүлөрүндө сатыкка чыккан кийимдерди кайсы дизайнерлер тиккени, Кыргызстан жөнүндө маалымат жок болчу. Анан биз нааразы болуп жаза баштадык. Антсек, баарыбызды блокко салып, постторунун алдын оңдоп чыгышыптыр. Ага чейин бир дагы жеринде кыргыздын тарыхына, маданиятына байланыштуу сөз жок болчу. Оюм-чийим түшүрүлгөн жоолукту “лучше чем бывший” деп атап, “с игривым названием” деп сексуалдык акцент берип жатат. Муну биз кыргыз маданиятын шылдыңдоо десек болот. Белдемчини чыгарып туруп, “жаңы коллекциядагы юбка” дептир. Маданий апроприация деген бир улуттун элементтерин уурдап эле алуу эмес, өзү каалагандай бурмалоону да билдирет”.

YAKA брендин сындагандар аны менен иштешкен ортомчуларды да айыптоодо. Алардын айтымында, жергиликтүү ортомчулар кыргызстандык дизайнерлерден алган продукцияны компанияга үстөк кошуп өткөрсө, YAKA аны өзүнүкү катары сатыкка чыгарган.

Ал арада YAKA брендинин негиздөөчүсү Анна Обыденова Инстаграм баракчасына жагдайга байланыштуу билдирүү жайгаштарды.

“Биздин бренд көптөрдү ыза кылганын түшүнүп турабыз, бизге кайрылгандардын эмоцияларын көрүп жана сезип жатабыз. Биз ыза, адилетсиздик жөнүндө айткан укугуңарды сыйлайбыз, болгон нерседе жоопкерчилигибизди сезебиз. Биз түшүндүрүү ишине жетишерлик көңүл бурбай калыппыз. Биз ар бир буюмдун тарыхын айтып бергибиз келген, бирок сайтты жөнөкөй түшүндүрмө менен алга жылдырууда шашып кетиппиз. Биздин сайттагы автордук укукка байланыштуу маалымат түшүнбөстүк жаратты окшойт. Биз сынды көтөрөбүз, бирок кылбай калган иш үчүн мындай агрессивдүү формадагы айыптоону уга албайбыз”, - деген Обыденова.

YAKA бренди муну менен катар улуттук орнаменттер кыргыздын маданий мурасы экенин, алар болгону кийим-кеченин, буюм-тайымдардын дизайнын гана патенттегенин белгилеген.

С.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын мугалими, булгарыга улуттук орнаменттерди түшүргөн адис Ишен Чаланов көчмөн элдерде оюм-чийимдер терең мааниге ээ экенин белгиледи:

“Оймо – бул адамдын ою. Адамдын оюм-чийим туш кийизге, саймага түшүрүлгөн. Аны илгери түшүнүшкөн, чечмелеп окушкан. Азыр декоративдүү-колдонмо искусствонун өкүлдөрү ошол тилди колдонобуз. Биз ой-мүдөөнү каймана беребиз. Реалдуу нерсени дал өзүндөй кылып койсок, болбой калат. Айта турган ойдун өзөгүн гана сактап калабыз. Бизде кол өнөрчүлөрдүн көбү эч жерде окубай, таланты, ички туюму менен иш кылган адамдар да. Алар оюм-чийимде бугунун, эликтин мүйүзүн дал өзүндөй кылып түшүрүп коёт. Ал эми атайын билим алган адистер алардын катасын оңдоп-түзөп, жол көрсөтөт”.

Чаланов көчмөндөрдүн орнаменттери ар кандай доорго, мамлекеттик идеологияга ыңгайлашып да өзгөрүүгө учураганын айтып, туш кийиздерге советтик атрибутикалар сайылган мезгилди мисал келтирди.

"Туш кийизди кескенге болбойт"

“Кийиз дүйнө” коомдук фондунун негиздөөчүсү, дизайнер Айдай Асангулова учурдагы кырдаалда жергиликтүү чеберлердин да күнөөсү бар деп эсептейт. Ал маданий мурастарды ириде кыргыз уул-кыздары өзү аздектеши керек деген пикирде:

Айдай Асангулова.
Айдай Асангулова.

“Буга чейин каякты карап жүрдүңөр эле дегим келет. 90-жылдардан тарта туш кийиздер массалык сатылып, кайчыланып жатканда эмнеге унчукпадыңар эле? Кыргыздын мен деген дизайнерлери кескилеп, тапичкеге чейин чаптап жатканда кайда элек? Туш кийиздер эмне гана күндү көргөн жок. Канчасы кесилип, чет өлкөгө сатылып кетпедиби. Мамлекет улуттук дөөлөттөрдү сактап калуу үчүн эмне кылды? Туш кийиз боюнча каталог чыгардыкпы? Ким туш кийиздин саймаларын классификациялап, илимий эмгек жазды? Эл өзү да модадан чыкты деп колдонбой калды. Мурда ар бир үйдө беш-алты туш кийиз илинип турчу. Азыр барбы? Элди сындагандан мурда саймага, оюм-чийимдерге мамлекеттик деңгээлде кандай көңүл бурулуп жатат деген суроого жооп издешибиз керек. Улуттук орнаменттерди ар ким өз деңгээли жетишинче колдонуп жатат. Өзүбүз ушундай мамиле кылсак, ошол аял туура эле кылыптыр”.

Асангулова 90-жылдары кыргыздын кол өнөрчүлөрү жасаган көөнө мурастар жакынкы жана алыскы өлкөлөргө сатылып кеткенин да кошумчалады. Кыргыз чеберлери жасаган буюм-тайымдар коңшу өлкөлөрдүн этно дүкөндөрүнө жана музейлерине ошол элдин тарыхый мурасы катары коюлганына кейиди.

Ал эми антрополог Айкөкүл Арзиева сатылбай турган улуттук мурастар да болорун, акыркы кезде жергиликтүү дизайнерлер аны эске албай калганын белгиледи:

“Креативдүү экономиканын айланасында донорлор биздин чеберлерге өз эмгегин сатууну үйрөттү да. Мен он жылдай чет өлкөдө жашап калдым. Ал жакта кыргыздын маданий баалуулуктарын саткан дүкөндөр бар. Алар биздеги алдыңкы дизайнерлер менен иштешет. Ошол себептүү YAKA брендинин айланасындагы чуу мага түшүнүксүз болуп жатат. Бирок антропологиялык көз караштан эле эмес, мындай деле караганда, албетте, бул туура эмес. Өзүбүздүн дизайнерлер туш кийизди кыркып, төшөк жасап жатат. Этно искусство менен иштеп жүргөндөр түшүнүшү керек, ар бир нерсени эле монетизация кыла берүүгө болбойт, анын улуулугун, ыйыктыгын сыйлоого тийишпиз. Аны эске албай шымга да, кофтага да, моюн орогучка да улап тигип жатышат. Оюм-чийимдер, саймалар форма аркылуу сакталып келген баалуулуктар да. Айылда бир аксакал “баарыңар эле маданиятты сактайм дейсиңер, аны сактабаш керек, аны менен жашаш керек” деп айтты эле. Биз аны менен жашабай калдык да”.

"Орток мурастарды талашпайлы"

Улуттук мурас демекчи, соңку кезде интернет айдыңында түрк тилдүү элдердин өкүлдөрү ар кайсы тамакты же кийимди талашып, айтышканы көп кездешет.

Тарыхчы Элери Битикчи бири-бирине жакын улуттар мындай чагымчыл диалогду токтотуп, айрым бир нерселерди орток мурас катары таанууга мезгил жетти дейт:

Элери Битикчи.
Элери Битикчи.

“Кээ бир кишилер жашоосундагы бугун интернеттен чыгарып алат да. Мурда мен калпакты баары эле кийип жүрчү деп жазсам, кыргызы да, казагы да келип сөгүп кетишкен. Биз түрк тилдүүлөр болобу, монголдор болобу, жалпы нерселерди издеп, биригүүгө умтулсак жакшы болмок. Азыр биз бөлүнүп жатабыз, көп нерселерди билбейбиз, стереотиптер менен ойлонгонубуз үчүн ушундай талаш-тартыштар чыгып жатат. Мурдагы ата-бабалардан үлгү алып, бул биздин жалпы баалуулук деген аң-сезимге өтсөк жакшы болмок”.

Этнографтар жана улуттук көөнө мурастарды коргоочулар айрым буюм-тайымдар чет өлкөдөгү аукциондорго чейин коюлуп, жеке коллекционерлердин колуна өтүп кеткенине тынчсыздануусун билдирип келишет.

Мындан улам Кыргызстанда калпак баштаган улуттук кийимдерди жана буюм-тайымдарды башка жактан келгендерге тартуу кылып же сатууну токтотуу сунуштары маал-маалы менен көтөрүлүп турат.

Барскоон - Милан: Шырдак оюу дүйнөлүк подиумда
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:13 0:00

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG