Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:42

Кыргызстан

ишемби 19 Апрель 2025

Календарь
2025-ж., Апрель
дүй. шейш. шарш. бейш. жума ишм. жек.
31 1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 1 2 3 4
Комузчу Анара Эсенгулова эл аралык фестивалдардын биринде
Комузчу Анара Эсенгулова эл аралык фестивалдардын биринде

Эмгек сиңирген артист, таланттуу комузчу Анара Эсенгулова 62 жашында каза тапты. Сөөгү 12-апрелде Балыкчыга коюлду. Көзү тирүүсүндө ал Эл артисти наамын алууну самап, ниети ишке ашпаган. Жакындан билгендер ал оор кайгыдан улам чыгармачыл жигери басаңдап, таланты ташыркап калганын эскеришет.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына Балыкчы мэриясынан, шаардык маданият үйүнүн кызматкерлери, өнөр адамдары жана жакындары катышкан. Жакындарынын айтымында, митинг-реквием уюштурулган эмес.

Эсенгулова жолдошу, дирижер Чолпонкул Райымкулов менен үч кызды тарбиялап өстүргөн.

Бир тууган инисинин аялы Жүрсүн Айыпова "Азаттыкка" курган маегинде, кайнежеси оор кайгыдан кийин чыгармачылык чөйрөдөн алыстап кеткенин айтып берди. Комузчу кенже кызынан ажырап, беш бир тууганын, жолдошун жоготкон.

Анара Эсенгулова 3-классынан комуз черте баштаган. Анын жөндөмүн ата-энеси колдоп, кийин бул тармакта калышына салым кошкон.
Анара Эсенгулова 3-классынан комуз черте баштаган. Анын жөндөмүн ата-энеси колдоп, кийин бул тармакта калышына салым кошкон.

"Үч кызынын кичүүсү Сейдана каза болгондон кийин эле эжем өзүнө келе албай, өзүн жоготуп койду. Көп өтпөй жездебиз да бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Жан дүйнөсү таза, аруу, баео Анара эжем эңшерилип эле калды. Мурдагыдай чоң сахнага чыгып, сынактарга, фестивалдарга да барбай калды. Биз буга абдан өкүнөбүз. Күйүтүнө чыдаган жок. Эжебиздин талантына таазим эткен жакын кишилер муну 12-апрелде коштошуу учурунда улам айтып жатышты".

1988-жылы туулган кичүү кызы Сейдана Райымкулова жети жыл мурун ак кан илдетине чалдыгып, ошондон көз жумган экен. Эки жылдан кийин эле жолдошу Чолпонкул Райымкулов 62 жашында акка моюн сунган.

Анара Эсенгулова комузда кол ойнотуп, дүйнөнүн ондогон өлкөсүн кыдырып, кыргыздын аспабын тааныткан.
Анара Эсенгулова комузда кол ойнотуп, дүйнөнүн ондогон өлкөсүн кыдырып, кыргыздын аспабын тааныткан.

"Үч жыл мурун жеке концерт койгонумда Анара келип катышып, комузда кол ойнотту. Мен ошондо абдан ыраазы болуп, жакшы сөздөрүмдү айткам. Бирок бир нече жыл мурун жоготкон кызы, күйөөсүнүн күйүтүнө чыдаган жок. Окуучум үчүн бул өтө оор болду. Тагдыр ошондой экен деп, бир топ акыл-насаатымды айттым эле. Чыйралышың керек, башты бийик көтөрүп, алдыга умтул деп жубаткам. Анарада бар талант көп кишиде жок. Күйүттө жүрүп, кыйналып жатканында "чыйрал" деп урушсам, "эже, мен чарчап калып атпаймынбы" деп эле жооп берип койчу эле. Анара өзү жылдыздуу, татынакай кыз эле. Элге да жагымдуу эле. Жаманчылык болгондо аны да көтөрө билүү керек экен", - деди маркумдун устаты, Кыргыз эл артисти Самара Токтакунова.


Анара Эсенгулова “Ысык-Көл баяны" күүсүнүн автору. Жумакадыр Каниметовдун “Ак-Мөөр” опера дастанында “Ак бугу” чыгармасын жогорку деңгээлде аткарган. Бир топ жыл “Акмарал” бий ансамблинде солист-комузчу, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында оркестрдин солисти болуп эмгектенген.

Анара Эсенгулова жолдошу, эки кызы жана сиңдиси менен.
Анара Эсенгулова жолдошу, эки кызы жана сиңдиси менен.

Ал Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында 15 жылдай кыргыз эл аспаптар бөлүмүндө комуздан сабак берген. Түгөлбай Сыдыкбеков атындагы фонддо координатор болуп иштеп, кыргыз комузун пропагандалап, чет өлкөлөрдө гастролдорго чыгып жүргөн.

"Анара "Акмарал" ансамблинде, андан кийин Опера жана балет театрында солист катары иштеп жүрдү. Өзү музыкант катары мыкты комузчу эле. Эже-сиңдидей мамиледе болдук, чеберчилигин өнүктүрүү үчүн үйгө алып келип, бир нече саат тынбай комуз чертип, тажрыйбасын арттырып жүрдүк. Өзү таланттуу болгону менен шашмалыгы бар эле. Мен дайыма шашпай ойно, залкар болосуң деп көп айттым. Мисалы, Карамолдо Орозовдун "Сынган бугу" деген күүсү бар, аны абдан салмактуу ойногон жакшы, ал эми бачым ойногон күүлөрдүн да мүнөзүн, табиятын тааный билип ойносоң ушунча жакшы чыгат. Экөөбүз комузда абдан көп ойнодук. Ал тургай Жапонияда бир ай кыдырып жүрдүк, Анара менен кошо башка да окуучуларымды алып баргам. Абдан чоң сый көрүп, чеберчилигибизди көрсөтүп кайткан элек. Композиторлук таланты да бар болгон үчүн "Ысык-Көл баянын" жазып, ал элдин мактоосуна татыды. Ийгиликке жете турган чоң музыкант эле, анын тез эле жашоодон өтүп кеткенине абдан ичим күйдү. Менин окуучуларымдын арасынан бир тобу өтүп кетти. Чыгармачылыкты жана талантты көтөрө билүү баарына эле бериле бербейт экен, бул чоң эмгек. Мындай адамдар өзүнө өзү сын көз караш менен карап, талапты күчтүү коюшу керек. Комузда кол ойнотуп отурганда кем дегенде 7-8 саат керектелет. Алдыга чыгат эле, бирок аны колдой турган адам жок болуп калды. Композитор Жумакадыр Каниметов "Ак бугу" күүсүн бергенде ийине жеткире ойногон. Ушунча чебер эле", -деп эскерди устаты Самара Токтакунова.

Анара Эсенгулованын жолдошу, дирижер Чолпонкул Райымкулов
Анара Эсенгулованын жолдошу, дирижер Чолпонкул Райымкулов

Анара Эсенгулова “Жаштар” сыйлыгынын, СССРдин эл артисти Самара Токтакунова атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты. “Түгөлбай ата” эл аралык коомунун “Кыргыз жылдыздары” медалынын ээси болгон.

"Эл артисти болом деген кыялын бакты"

Соңку 10 жылдан ашык убакыт Кыргызстан элинин ассамблеясынын курамына кирген “Түгөлбай ата” коомунун төрайымы кызматын аркалап жүргөн. Анын жанында жүрүп, өксүгүн, күйүтүн, ийгилиги менен кыялын жакындан билген ассамблеядагы кесиптеши Айнагүл Чолова мындайча эскерди:

"Жүрөгү токтоп калганын айтып, бизге кабар беришкенде абдан жаман абалда калдык. Буга чейин буту сынып, ден соолугу начарлап кеткен эле. Ушул жылдын башында эле Москвада жашаган тун кызы алып кетип, жакшы дарылатып келген. Алдыга койгон пландары көп эле. Кыргызстандагы канчалаган улуттардын арасынан таланттууларын чогултуп, комузчулар ансамблин түзсөм деп да жүрдү. Анан Эл артисти наамын алсам деп кыялданып жүрдү. “Бирок ал үчүн коомдук фонддо иштеген аздык кылат, филармонияда же окуу жайлардын биринде иштесем жолум ачыгырак болот эле” деген. Ассамблеяга келгенче музыкалык окуу жайда иштеген да. Кичүү кызы Сейдана татынакай, өзүнө окшоп таланттуу, ыр десе ырды, комуз десе комузду катырган кыз болчу. Ошо кызын жоготкондон кийин күйүтүнө чыдаган жок. Арман дүйнө экен, улам сүрөттөрүн карап, көзүмө жаш алып отурам. Мени курбу катары тутунуп, эже катары көрүп, бир тууган болуп калдык эле".

Комузчу өнөрлөш адамдар менен
Комузчу өнөрлөш адамдар менен


Келини Жүрсүн Айыпова эжесин ачык-айрым шар мүнөз адам катары эскерди.

"Эжебиз абдан шайыр, шар жүргөн адам эле. Баарын бетке айткан сапаттары менен өзгөчөлөнүп турчу. Анара эжебиз бир туугандарынан дагы ажырап калды. Бир туугандарынын күйүтү дагы эжебизди соолутуп койду көрүнөт. Жакында эле Балыкчыдагы Маданият үйүнө келип, сыйлык алып кеткен. Бишкекте небереси менен турчу. Абдан жакшы адам эле. Мен жаңы турмушка чыгып, бул үй-бүлөгө келин болуп келгенимде эжем улам бир өлкөнү кыдырып, талантын таанытып жүргөн маал экен. Ишин сүйгөн, талантты баалаган адам эле".

Анара Эсенгулова жакындары менен (оңдон биринчи)
Анара Эсенгулова жакындары менен (оңдон биринчи)

Анара Эсенгулова 1963-жылы Балыкчы шаарында төрөлгөн. 1970-жылы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепке 1-класска кабыл алынган. 1978-жылы Фрунзе шаарындагы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайына тапшырып, 1982-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Москва
Москва

Москвадагы “Бодрость” мончосунда кыргызстандык мигранттар кабылган окуяга байланыштуу парламентте ТИМдин дарегине ачуу сын айтылды.   

Министр: Демарш жасай албайбыз

Москва мончосунда мигранттар көргөн кордуктан улам кыргыз бийлиги реакция жасабай жатат деген сын 14-апрелде Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев парламенттин мончодо эч себепсиз ур-токмокко кабылган Кыргызстандын жарандары боюнча маселе көтөрүп, бийликти буга байланыштуу чечкиндүү иш алып барууга чакырды.

 Москва мончосундагы окуя: ТИМ орус элчисине нота берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:34 0:00

Жыйынга катышкан тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев депутаттын суроосуна жооп берип, коопсуздуктан улам сабалган кыргызстандыктар арыз жазуудан баш тартканын айтып, буларды кошумчалады:

Жээнбек Кулубаев
Жээнбек Кулубаев

“Албетте, тышкы саясатта жарандарыбыздын укугун коргошубуз керек. Ар бир ишти сүйлөшүп чечишибиз зарыл. Биз эртең демарш жасай албайбыз. Демарш жасасаңыз бул жакта үч күндөн кийин техниканын баары токтойт. Газ, нефти токтойт. Жарандарыбызды 100 миңдеп эшелонго салып, таштап коёт. Аны кантип чечесиз? Ушунун баарын ойлонуп туруп аракет кылышыбыз керек”, - деди ал.

Депутаттардын сыны: ТИМдин иши чабалбы?

Министрдин мындай билдирүүсү күйүп турган отко май тамызгандай болду. Эмил Токтошев баштаган депутаттар аткаминерди мигранттардын укугун коргобой эле аларга кайра күнөөнү оодарып жаткандай болуп атасыңар деп сындады:

“Мен сизге бул окуя боюнча арыз жазбайм. Бул саясий комитет аны президент, элдин баары угуп атат. Сиз эмне үчүн арыз түшкөндө гана Коопсуздук кеңешин жыйынга чогултушуңар керек. Сиздин ишке элдин купулу толбой атат. Эмне үчүн депутаттар кыйкырып айтышы керек. Сөзсүз биз айткандан кийин гана Коопсуздук кеңеши чогулуш керекпи?” - деп собол узатты Токтошев.

Депутат Жанарбек Акаев былтыр Бишкекте пакистандык жарандарга жасалган орой мамиледен кийин алардын өкмөтүнүн кыргыз өкмөтүнө койгон талабын эске салды.

Жанарбек Акаев
Жанарбек Акаев

"Мына, былтыр майда пакистандык студенттерге кыргызстандык айрым жаштары кол көтөрүп койгондо эмне болду эле? Пакистандын тышкы иштер министри эртеси учуп келип, өзүңүз менен жолуккан. Вице-премьер-министрибиз баш болуп, пакистандык студенттерден кечирим сураган, жарандык активисттерибиз тамак ташыган. Пакистандын премьер-министри жеке тынчсыздануусун билдирди. Ал эми Москвадагы жагдай боюнча таптакыр тескерисинче болду. Биздин премьер-министрибизден үн жок. Орусияда кыргызстандыктарды полиция өтө зөөкүрлүк менен сабады. Сиздер болсо Москвадан болгону маалымат сурап коюп отурасыздар. Анан бул жерде бизге Орусиянын "салык төлөбөгөн, машине токтотуучу жайды мыйзамсыз уюштурган" деген маалыматтарын айтып отурасыз. Ушулар үчүн эле сабаш керекпи? Жарандарыбызды коргошубуз керек", - деди Жанарбек Акаев.

"Мигранттарды сабагандардын таламын талашкандай болуп жатасыз"

Дагы бир депутат Кубанычбек Самаков министрге кайрылып, кыргызстандык жарандардын эмес, аларды кордогондордун таламын талашып жатасыз деген маселени кабыргасынан койду:

"Мына өзүңүз эле депутаттарга маалымат берип жатып, "биздин жарандарыбыз мончого чогулуп отурбаш керек болчу" дегендей мааниде сүйлөп атасыз. Сиз сабалган биздин мигранттардын эмес, аларды сабагандардын таламын талашкандай мамиле кылып жатасыз. Элге туура маалымат берип, жок дегенде, "жеке көзөмөлүмө алдым" деген "дүжүр" сөздөр менен жайкап койсоңуз да болмок", - деди Самаков.

Министр Кулубаев Москвадагы окуяга байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да тынчсызданып жатканын, ага толук маалымат берилгенин, жакын арада сүйлөшүүлөр жүрөрүн билдирди.

Ошентип өткөн аптада, 11-апрелде Москва мончосунда мигранттардын кордук көргөнү боюнча улам бир үрөй учурган маалымат чыгып, Кыргызстандагы негизги тема болуп турат. Ал жерде полиция кызматкерлери мигранттардын биринин сакалын кырып, дагы бирине ачуу келемпир жедиргенин "Азаттыкка" сабалган кыргызстандыктардын бири айтып берген.

Бул маселе коомчулукта кызуу талкууланып, ар кандай сын-пикирлер айтылган. 14-апрелде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги реакция кылып Орусиянын элчиси Сергей Вакуновго нота тапшырылганын жарыялады:

“Орус тарапка укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн операциянын, ошондой эле жарандарга карата күч колдонуунун негиздери боюнча маалымат берүү жана эгерде күч колдонуу негизсиз болсо, бул окуя боюнча Москванын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө карата тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен расмий нота берилди”, - Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.

ТИМ ага чейин, 12-апрелде мигранттар ур-токмокко алынган окуя териштирилип жатканын билдирген.

Азырынча Кыргызстандын реакциясы Орусияга кандай таасир этерин айтуу кыйын. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Москвадагы мончолордун биринде ур-токмокко кабылып кармалган 24 кыргызстандык мигранттын төртөө Орусиядан чыгарыларын билдирди.

Интернетке тарап кеткен видеодон Москвадагы мончолордун бириндеги жарандарды орус полициясы жана бети жабылган белгисиз адамдар уруп-сабап жатканын көрүүгө болот.



Ошол учурда мончодо болуп, сабалган кыргызстандык мигранттардын бири “Азаттыкка” бул маалыматты ырастап, окуя 10-апрелде болгонун, полиция аларды беш сааттай уруп-сабап, бул убакыт ичинде ар кандай ыкмалар менен кыйнаганын айтып берген.

"Ошол жактагылардын бирөөсүнүн жанынан бир бөтөлкө насвай таап алышты. Ал насвайды ар кимдин оозуна тыгып, жедиришти. Айрымдарды кол күрөшкө чыгарышты. Утулгандарды сабап жатышты. Кээ бирөөлөрдүн документтерин тытып салышты. Кийимчен жүргөндөрдү бассейнге секиртишти. Айрымдардын чөнтөгүндөгү акчаларын алып коюшту. Дагы бирөөгө жарым киллограмдай ачуу калемпир жедиртишти".


Быйыл жыл башынан баштап Орусияда миграциялык мыйзамдар катаалдашкан.

5-февралдан тартып чет элдик жарандар үчүн "көзөмөлгө алынгандардын" реестри иштей баштаган. Бул тизмеге түшкөндөрдүн укуктары кескин чектелет. Ошондой эле мындай мигранттар көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилип, банк кызматтарынан пайдаланууга, кыймылсыз мүлктү каттоого, транспорт каражаттарын башкарууга, никеге турууга укуксуз болору жана башка укуктары чектелери кабарланган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG