Орус тарап Казакстан аркылуу контрабандалык товар ташыгандарды чектеш үчүн текшерүү күчөтүлгөнүн айтып жатат.
"20 миллиондой акчам кеткен"
15 жылдан бери тигүү тармагында иштеп келе жаткан Нургүл Чомоеванын цехинде жумуш токтогону турат. Анын тиккен кийимдери Орусияга жете албай ара жолдо калыптыр.
Товарын убагында сата албай калган аял миллиондук чыгым тартып жатканын айтууда.
«Эки ай болду биздин товарларыбыз же базарга кетпейт же өзүбүздүн маркетплейстеги кабинеттерибизге жеткире албай атабыз. Себеби биз бир гана Орусияда юридикалык жак катары катталгандарга жөнөтө алат экенбиз. Ал жерде биздин Кыргызстандын ИПсы менен өзүбүздүн кабинеттерибиз бар. Ошолорго биз товарларыбызды жеткире албай, тонналап карголордо, "Камаздарда" чек арада турат», - дейт “Тигүүчүлөр союзунун” төрайымы Нургүл Чомоева.
Чомоеванын айтымында, цехинде 50дөй айым иштечү. Иш токтогону көпчүлүк жалгыз бой энелер каржалып, батир акысын да төлөй албай, айласы куруп турат. Ишкер цехтин имараттагы ижара акысын да бере албай карызга батканын айтууда.
Орусия товарларды чек арасынан өткөрбөй жаткандыктан Кыргызстандагы ондогон цехтер азыр арабөк абалда турушат.
Дагы бир ишкер айым Базаргүл Самиева Орусия өз аймагына кирип жаткан товарларга өтө чоң суммада салык киргизгенин айтып берди:
«Орусия тарап ошол кирген товарга 20 пайыз салык төлөөнү талап кылып жатат. Бул пайыз биринчи кезекте кыргыз жарандары үчүн көп. Товар баргандан кийин маркетплейсте башка дагы чыгымдар бар. Ошону актап сатылып кетишинен дагы күмөн бар. Азыр 10-15-20 миң доллардык товарлар жатат. Анын үстүнө 10-15 миң долларлык товарлар бул жерде турат. Андан сырткары биздин бересебиз бар. Аларды бере албай жатабыз. Биз деген бирибизден алышып-беришип иш кылабыз да».
Жүк ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Темирбек Шабданалиев орус-казак чек арасында жүк унаалардын узун кезек жаралып, айдоочулар 10 күндөп кезек күтүп турганын ырастады. Ал Кыргызстандан эле жүздөгөн айдоочулар ары өтө албай, же артка кайта албай калганын айтты:
«Мисалы, ушул күндө төрт миңге жакын жүк ташуучу унаа турат деп биздин айдоочулар айтып жатышат. Биздин кыргыздын машинелери жалпы жонунан 2-3 миңге жакын эл аралык жүктү ташычу. Алардын жарымы жумуш, заказ жок иштей албай турушат. Же ары өтө албай, же бери келе албай. Кээ бирлер унаасын таштап кетишиптир. Ушундай абдан чоң көйгөй болду».
Экономист Кубан Чороев кыргыз өкмөтү тигүүчүлөрдүн азыркы абалы тууралуу маселени Евразия экономикалык комиссиясында көтөрүшү керек деп эсептейт:
«Биз Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү катары негизинен мындай көйгөйгө дуушар болбошубуз керек болчу. Бул ошол келишимдердин түздөн-түз бузулушуна алып келип жаткан жагдай катары карасак болот. Экинчиден, биз ушул биримдикке мүчө болгондуктан Кыргызстандын ишкерлери ишенип бизнестерине инвестиция салган. Эгерде мындай жагдайлар улам-улам кайталана бере турган болсо, албетте, биздин тигүү тармагындагы бизнес чөйрөсүнүн Евразия экономикалык биримдигине карата ишеними төмөндөй баштайт».
Тигүү тармагы Кыргызстандын экономикасындагы негизги багыттардын бири, ал бюджет түзүүчү, артыкчылыктуу багыт экенин өкмөт белгилеп келет. Адистердин айтымында, Кыргызстанда 200-250 миңдей киши тигүү тармагында эмгектенет.
«Бул жерде мамлекет өзү бизге жардам бербесе, бул биздин тигүү тармагыбыз жок болуп кетиши мүмкүн. Мына, Өзбекстанда чоң колдоо болуп жатат. 10 жыл мурун КМШ боюнча биринчи орунда турган болсок, азыр биз артта эле калганбыз. Мамлекеттик колдоо өтө төмөн болуп жатат да. Мамлекеттен суранаарыбыз - ушул көйгөй чечилгенге чейин бизди салыктан бошото турса», - деди Нургүл Чомоева.
Оор жүк ташуучу унаалар казак-орус чек арасынын Сырым-Маштаково деп аталган көзөмөл-өткөрмө аймагынын Казакстан тарабында топтолуп турганын Казакстандын транспорт министрлиги 21-сентябрда тастыктап, бул Орусия тараптын текшерүү иштерин күчөтүп жатканынан улам болгонун белгилеген.
"Чек ара кызматынын жана Транспорт министрлигинин адистери казак-орус чек арасында жайгашкан текшерип өткөрүү пункттарына барып, абал менен таанышты. Орусияга бараткан нейтралдуу жерде унаалардын топтолуп калганы, өзгөчө оор жүк ташуучу машиналар көп экени аныкталды. Бул кезектин көбөйүшүнө, өткөрүү процедураларынын жайлашына алып келген. Жагдай негизинен Орусия тараптан көзөмөл чараларынын күчөтүлүшүнө байланыштуу. Атап айтканда, жүктү текшерүү тартиби күчөтүлдү, транспорт каражаттарын кароо убактысы узартылды, ошондой эле документтерди текшерүү жана санитардык-фитосанитардык талаптардын сакталышын көзөмөлдөө боюнча кошумча чаралар киргизилди",-деп айтылат казак министрлигинин сайтында жазылган маалыматта.
Орусиянын Федералдык бажы кызматы 24-сентябрда бир катар орусиялык медиага казак-орус чек арасындагы узун кезек тууралуу маалымат берген. Анда контрабандалык товарды Казакстан аркылуу Орусияга ташыган жүк ташуучулар чек арадан өтүүдөн кооптонуп, мындан улам узун кезек жаралганы белгиленген.
"Азыркы учурда өткөрүү пункттарында тыгын Орусиянын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн айрым абийирсиз катышуучуларынын айынан жаралууда. Алар ташуучуга жолго чыкпа деп көрсөтмө берип жатышат, анткени күчөтүлгөн көзөмөл маалында алардын "көмүскө" импорт же контрабанда менен алектенгени билинип калышы мүмкүн деп коркуп жатышат",-деп жазылган маалыматта.
2010-жылы Орусия, Беларус жана Казакстандын катышуусу менен түзүлгөн Бажы биримдиги 2015-жылы Евразия экономикалык биримдиги болуп өзгөрүп, ага Армения жана Кыргызстан кошулган. Ошол кезде Кыргызстан уюмга мүчө болушун мигранттарга эркиндик берилиши жана уюмга мүчө өлкөлөр ортосунда товар жүгүртүү тоскоолдуксуз ишке ашарына байланыштырган эле. Бирок кыргыз тарап чек арадан жүк алып өтүүдө улам-улам тоскоолдуктарга кабылганын айтып келет.
Шерине