Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:41

Кыргызстан

шаршемби 27 Ноябрь 2024

Эки жарым жыл мурун 16 жашында зордукталып, боюна бүтүп, айына жетпей көз жарган кыздын саламаттыгына жакындары кабатыр. Өспүрүм кызды зордуктоого шек саналып кармалган 66 жаштагы жаранды 30-октябрда Каракол шаардык соту 11 жылга кести. Шектүүнүн жакындары коюлган айыпты четке кагып жатат.

19 жаштагы Мээрим Алияскарованын биринчи топтогу майыптыгы бар. Ал мындан эки жарым жыл мурда өзүнөн 50 жаш улуу айылдашынын кордугуна кантип кабылганын "Азаттыктын" журналистине айтып берди.

"Үйүнөн алма, кийим берчү. Мектеп жакта жүргөндө чакырчу. Боюмда бар экенин билчү, "эч кимге айтпа, айтсаң, соттотуп ийем" деген. Мен андан корктум", - Мээрим жер чукулап, берилген суроого кыска жооп берип отурду.

Анын кош бойлуу экени апасы дарыгерлерге алып барганда гана билинген. Курсактагы бала алты ай болуп калганда, боюнан козголуп, ымыркай өлүү төрөлгөн. Ал кезде Мээрим 16 жашта эле.

Мээримдин тубаса шал оорусу бар. Бир буту жана колу жакшы өрчүбөй калган.
Мээримдин тубаса шал оорусу бар. Бир буту жана колу жакшы өрчүбөй калган.

Мээрим тубаса шал оорусунан жабыркайт. Бир колу, буту жакшы өспөй калган. Бул анын басып-турганын чектеп, өзүн жакшы карай албайт. Ага кошул-ташыл болуп талмасы да бар. Кыз мектепте окуган эмес. Анын зордукталып жүргөнү, боюна бүтүп калганы аныкталгандан кийин Республикалык психиатрия жана наркология борбору Мээримди текшерүүдөн өткөргөн. Дарыгерлер кыздын акыл-эси толук жетилбей калган, эмне болуп жатканын аңдоого жөндөмсүз деген бүтүм чыгарган.

"Чачын да тарай албайт. Шымын өйдө тартып кийе албайт. Дайыма бирөөнүн көзөмөлүнө муктаж. Кышында жука кийинип жүрсө да, суукта үшүгөнүн билбей калат. Же болбосо жай чилдеде жылуу кийинип калса, ошо бойдон жүрө берет. Мээрим дайыма ата-энемдин жанында, менин да көзөмөлүмдө. Мени атыман атайт, сиз деп кайрылбайт. “Жыпар эже деп айт” десем, бир аздан кийин эле "Эй, Жыпар" деп чакырат", - дейт кыздын эжеси Жыпар Жигитекова.

Жыпар айым - Мээримдин бир тууган эжеси. Ал сиңдисинин кош бойлуу экенин айылдык дарыгерлерден уккандан кийин бир нече күн Мээримден иштин чоо-жайын тактап, андан соң милицияга арыз жазган.

Мээримдин атасы Алияскар Жигитековдун да эки көзү көрбөйт. Үй-бүлө пенсиянын эсебинен күн кечирет.
Мээримдин атасы Алияскар Жигитековдун да эки көзү көрбөйт. Үй-бүлө пенсиянын эсебинен күн кечирет.

Түп райондук милициясы 2022-жылы жазында арызды каттап, зордуктоо фактысы менен иш козгогон.

Алакандай айылдагы үрөй учурган иш

Жыпар Жигитекованын айтканы боюнча, сиңдисин айылдашы алдап, зордуктап жүргөн:

Жыпар Жигитекова.
Жыпар Жигитекова.

"Иниси менен сиңдиси мектепте окучу. Анан бул кыз аларды ээрчип мектеп жакка бара берчү, анан кайра алар менен келчү. Ал желмогуз киши мунун ошол жерде жүргөнүн көрүп, алма, момпосуй, кийим берип, алдап үйүнө чакырчу экен. "Чечинтип, үстүмө чыгып, минип жүргөн" деди. Бул эми түшүнүктүү да, чечинтип аткандан кийин зордуктап жүрчү экен. Сабачу же сокчу беле десек, "жок" дейт. “Эч кимге айтпа, аялым жокто кел” дечү экен. А бул бара берчү экен, мындай адамдарды эми билесиңер да. Үйдө киши жокто ушинтип жүрчү экен. Бул го оорукчан кыз, ал соо адам да. Эмнеге ошондой иш кылат? Менин оюмча, апасы жоош, атасы көзү көрбөй отурат, болушары жок, мен мойнума албай коём деген ой менен кылып жүргөн".

Зордуктоого кабылгандан кийин Мээримдин саламаттыгы дагы начарлап, анын залакасы ичиндеги түйүлдүккө тийгенин эжеси айтып берди:

"Эми дайыма кан басымы жогору болуп, 140ка чейин көтөрүлүп кетет. Дарыгерлерге көргөзүп турабыз, мурда мындайы жок болчу. Боюндагы баланы алабыз деп кесарево кылганда кан басымы такыр эле 150-160ка чыгып кеткен, кансырап кыйналган. Ошондон бери Мээримдин талмасы күчөдү. Мурда бат эс алчу, себеби талмасы дайыма бир убакта кармачу эмес. Кээде алты айга чейин кармабай, жакшы жүрчү. Азыр бир айда 3-4 жолудан кармайт. Мурда талмасы кармагандан кийин 3-4 күндө ичпей-жебей жатып, бир жуманын ичинде жакшы болуп кетсе, азыр андай эмес. Азыр 10-15 күн сулап жатып калат, суу да, тамак да ичпей калат. Бул да болсо кудайдын берген дарты дечи, аябай таң калам. Кыйналат байкуш, жаткан жерине заңдап, заара ушатып калат. Анан барып оңолуп, тамак жегенге жарап калат. Убагында дарысын берип, талмасы кармаганы азайып калган. Эми, тескерисинче, көбөйдү. Жакшы сүйлөп калган, кадимкидей эле элге аралашып. Эми көрүп атасыңар го, жакшы сүйлөбөйт. Бир топ эле кыйналды. Бул байкуш бизге окшоп сайрай албайт да, ичинен тынат. Терс таасирлери аябай көп тийди. Ушундай акмак кишини көргөн эмесмин. Ушундай акмак адамдын айынан мобу кыз өзү эле оорукчан эле, ого бетер оорукчан болуп, тагдыры да талкаланды", - деди эжеси Жыпар Жигитекова.

Мээримдин жакындары ай-күнүнө жетпей өлүү төрөлгөн ымыркайдан ДНК тест алынып, эки айдан соң анын жыйынтыгы чыкканын айтышты. Анда баланын ДНКсы 66 жаштагы кошунасынын ДНКсына 99% дал келери белгиленген.

"ДНК эки айдан ашык убакыттан кийин келди. Анда ошол атасы экени 99,99% деп жазылыптыр. "Булар ДНК кылган эмес, атамдын күнөөсү жок, экспертизанын жыйынтыгы жок туруп эле атамды күнөөлөп, каралап атышат" деп айтып жатышат. Эми ошол кантип болсун? Биз кантип эле ошентели? Мисалы, биз, мен өзүм деле жөнөкөй адаммын. Атамдар да карапайым кишилер. Ушу окуя болгондо эле Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алган".

Мээрим Алияскарова менен 11 жылга соттолгон айылдашынын үйү бир көчөдө жайгашкан.
Мээрим Алияскарова менен 11 жылга соттолгон айылдашынын үйү бир көчөдө жайгашкан.

Генетикалык анализди "Медикал Геномикс" деп аталган британиялык компания жасаганы да иштин материалдарында жазылган. Ага кеткен эки миң еврого чукул чыгымды облустук бийлик көтөргөн.

Мээримдин атасы Алияскар Жигитековдун көзү азиз. Оорукчан кызынын оор тагдыры ага катуу тийип, саламаттыгы кескин начарлап кеткен.

Алияскар Жигитеков.
Алияскар Жигитеков.

"Мен эми эмне кылам? Эми андан бешбетер эле отуруп калдым, нервим чыдабайт. Намыстанам, ушундай болобу дейм. Адилеттик издейм, дагы деле болбой атат. Көз көрбөйт. Болбосо мен Садырга [президент Садыр Жапаровго - ред.] чейин кирип барат элем. Бул эми жырткычтык да. Бул кыз анын чөбөрөсүндөй болуп калат. Азыр 66га келди, муну 16 жашында зордуктаган. Эки жарым жылдан бери ушинтип эле сүйрөп келатат. Кыздын тагдырына балта чаап салды. Андай балекет болбогондо балким, бактысы ачылып, оорусу басаңдаса, бирөөгө кезигип, турмуш куруп кетет беле", - деген Мээримдин атасы Алияскар Жигитеков өзү жардамга муктаж.

Айыпталуучу тарап эмне дейт?

Быйыл 30-октябрда Каракол шаардык соту 66 жаштагы жаранды өспүрүм кызды зордуктаган деп таап, 11 жылга кескен. Айып коюлган адам Мээримдин ата-энеси менен бир көчөдө жашачу. Айылдагылар үрөй учурган окуядан кийин шектүүнүн үй-бүлөсүн айылдан көчүрүп жиберишкен.

Зордуктоого айыпталып, 11 жылга эркинен ажыратылган адамды жергиликтүүлөр күчтөп айылдан көчүрүп жиберишкен. Азыр үйү ээн турат.
Зордуктоого айыпталып, 11 жылга эркинен ажыратылган адамды жергиликтүүлөр күчтөп айылдан көчүрүп жиберишкен. Азыр үйү ээн турат.

Жыпар Жигитекова бизди ээрчитип чыгып, ээн турган үйдү көрсөтүп берди:

"Бул киши ушул үйдө жашачу экен. Биздин үйгө кирип-чыгып жүргөн киши экен, муну атам айтып жатат. Аны менен сүйлөшүп, таанып-билип эле жүрчү экен. Эми азыр "такыр билбейм, мен буларды өмүрү көргөн эмесмин" деп танып атат. Атам болсо үйгө сонун эле келип кетчү деп атат. Анан бул жерден тынбай окуучулар өтөт. Жаштар билип атышат да, ошондуктан балдарыбыздын, өзүбүздүн коопсуздугубуз үчүн сени бул жерге такыр жашатпайбыз деп көчүрүп жиберишти".

Мээримди зордуктап жүргөн деп, сот 11 жылга кескен жарандын жакындары аны кылмышка тиешеси жок деп эсептешет. Алар ДНК анализдин жыйынтыгын тааныбай турганын айтып, "Медикал Геномикс" компаниясына кат жөнөтүшкөн экен.

"Атамдын күнөөсү болсо, ДНКга макулдугун берип, өзү демилгечи болмок эмес, ал дароо качып кетмек. Ал үч ай ДНКнын жыйынтыгын күттү. Алгач анализ Англияда деген, кийин суракка келгенде Украина-Орусия согушунан улам Орусиянын Тверь шаарында жасалган деген. Биз анализ жасалды деп көрсөтүлгөн дарекке кат жөнөтсөк, алар атамдын фамилиясы, аты менен ДНК анализ жасалбаганын, Кыргызстан менен эч кандай келишим жок экени жазышкан. Алар Кыргызстан менен келишим жок болгондуктан эч кандай ДНК тест өткөрө албайбыз деген жоопту жөнөтүштү", - деди "Азаттыктын" кабарчысы менен жолуккан шектүүнүн кызы Наргиза (аты өзгөртүлдү).

Соттолгон адамдын жакындары анын күнөөсү далилденбей, негизсиз эле жазага тартылганын билдирип жатат. Сүрөттөгү бети жабылган жаран анын кызы.
Соттолгон адамдын жакындары анын күнөөсү далилденбей, негизсиз эле жазага тартылганын билдирип жатат. Сүрөттөгү бети жабылган жаран анын кызы.

Караколдо тергөө абагында отурган атасынын күнөөсү жок экенин айткан балдары бул ишти адилет териштирүүнү өтүнүп, өлкө жетекчилерине кайрылуу жолдогон.

Наргиза иште "баарын мойнуна алган" башка бир киши бар деп санайт.

"Биринчи инстанцияда эле баарын мойнуна алган адам бар. Ал кызга кандай келип жүргөнүн, кыз менен эмне кылганын айткан. Кайсы айда болгонуна чейин айткан адам бар, ал - кыздын таякеси. Ушинтип бүт баарын айтып берген кишиге эч кандай иш козгошкон жок. Биздин оюбузча, бул жерде кыздын апасынын кызыкчылыгы бар", - деген Наргиза соттун чечимине каршы арыз беришерин айтты.

Мээримдин жакындары ДНК анализ анын бир тууган таякесинен да алынганын, анын жыйынтыгында өлүү төрөлгөн баланын атасы ал эмес деп чыкканын билдиришти.

Создуккан сот иши

Мээримдин зордукталганы 2022-жылы апрель айынын этегинде билинген. Эжеси Жыпар Жигитекова Түп райондук милициясына арыз жазып, милиция "зордуктоо" фактысы менен иш козгоп, тергөө бүткөндөн кийин ишти райондук сотко өткөрүп берген. 2023-жылы 10-февралда Түп райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 3-бөлүгү, биринчи жана 2-пунктуна, ДНК тесттин жыйынтыгына таянуу менен 66 жаштагы шектүүнү 11 жылга эркинен ажыраткан.

Мээрим мектепте билим алган эмес. Ал ата-энеси жана биртууган эжесинин камкордугунда. Өзүн-өзү кароого алы жетпейт.
Мээрим мектепте билим алган эмес. Ал ата-энеси жана биртууган эжесинин камкордугунда. Өзүн-өзү кароого алы жетпейт.

Мындай чечимге соттолгон жарандын жакындары макул болбой, облустук сотко кайрылган. Ысык-Көл облустук сотунун 2023-жыл, 30-майдагы аныктамасы менен Түп райондук сотунун өкүмү жокко чыгарылып, иш биринчи инстанцияга кайра кароого жиберилген.

Мээримдин соттогу мыйзамдуу өкүлү - бир тууган эжеси Жыпар Жигитекова бул чечимге каршы кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылган.

2023-жылы 29-августта Жогорку сот кассациялык арызды карап, Ысык-Көл облустук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Ишти кайра Түп райондук сотуна жөнөтүп, аны башка судьялар карасын деп чечкен.

Бирок райондук соттун үч судьясы тең бул ишти мурда кароого катышкандыктан, соттук материалдар Каракол шаардык сотуна өткөрүлгөн.

Быйыл 30-октябрда Каракол шаардык соту шектүүнү кайрадан күнөөлүү деп таап, 11 жылга эркинен ажыратты.

Учурда соттолгон жарандын жакындары шаардык соттун чечимине каршы даттанарын айтышты. Соттолгон киши айдоочу болуп иштеген. Соңку жылдары мал чарбасы менен да алектенип жүргөн. Төрт баланын атасы. Ал камалгандан кийин аялы каза болуп калган.

Башкы прокуратуранын расмий маалыматы боюнча, өткөн жылы жашы жете электерге каршы 406 оор жана өзгөчө оор кылмыш жасалганы аныкталган. Кылмыш иштеринин 160ы зордуктоого байланыштуу.

Аялдар укугун коргоо боюнча акция. Архив.
Аялдар укугун коргоо боюнча акция. Архив.

Мээримдин жакындары эки жылдык соттук териштирүүлөрдөн кийин акыры адилеттүүлүк орногонун, бирок жаза жеңил болуп калганын айтып жатышат.

Аларга "Бир дүйнө -Кыргызстан" укук коргоо уюму адвокат берип, жардам көрсөткөн.

Жыпара Жигитекова сотко барган сайын өздөрү сыяктуу адилеттик издеген ондогон кишилердин окуясын угуп, ар бир кыздын тагдыры үчүн чочулап турганына токтолду. Ал ушул тапта сиңдисинин абалына, келечегине түйшөлүп, эмне арга табарын билбей ызаланып турат.

Мээрим зордукталгандан кийин талма оорусу күчөп, ден соолугу начарлап кеткен.
Мээрим зордукталгандан кийин талма оорусу күчөп, ден соолугу начарлап кеткен.

"Ушундай окуя менин башыман өтүп аткан үчүн мен муну жүрөгүм менен кабыл алам, сезем (ыйлайт). Зордукталган кыздар көбөйүп жатканы мени өкүндүрөт (ыйлайт). Өкмөттөн, президенттен сурарым, Кыргызстанда ДНК тест жасаган жер жок болгон үчүн көп иш каралбай эле жабылып калат экен. Ушундан пайдаланып мен айтат элем, биздин Кыргызстанга ДНК тест жасаган лаборатория коюп берсин. Ошонун азабынан далай кыздардын тагдыры чечилбей, далай кыздардын укугу корголбой калат экен. Өз балдарымды көп ойлобойм, ушул кызга көп күйөм. Ушу кызга өзүнчө үй-жай алып берип койсом дейм, кийин бул үйдө инисинин келинчеги батырабы, батырбайбы... Караган киши жок болсо, кор болуп калат..."

16 жашында зордукталган кыздын талкаланган тагдыры
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:14 0:00

Чыңгыз Айтматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. "Ата-Бейит". 14.6.2008.
Залкар жазуучу жана коомдук ишмер Чыңгыз Төрөкул уулу Айтматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. "Ата-Бейит". 14.6.2008.

Чоң-Таштын жанындагы “Ата-Бейит” тарыхый эскерүү жайынын болочогу тууралуу тарыхчынын блогу.

“Ата-Бейиттин” кыскача таржымакалы

1991-жылы жайында Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылынын (бул айыл азыркы тапта маркум Сүймөнкул Чокморовдун ысымын алып келет) түштүгүндө тоо тарапта сталинизмдин курмандыктары 1938-жылы ноябрда жапырт көмүлгөн жашыруун жай бар экендиги тастыкталган.

Кыргыз улуттук университетинде иштеген археолог Михаил Москалёв (1942–2013) тарабынан жана ал кездеги чекист офицер Болот Абдырахмановдун катышуусунда казуу иштери жүргүзүлгөн соң, мындагы маркумдарды аруулап кайра жерге беришкен.

Тоо бетиндеги жаңы ыйык көрүстөн жайды “мындан ары “Ата-Бейит” деп атайлы”, деп ыраматылык Чыңгыз Айтматов (1928–2008) атабыз өзү сунуштаган.

1991-жылы 30-августта "Ата-Бейиттеги" маркумдарды кайра аруулап жерге көмүү жөрөлгөсүнө мен да катышып калдым.

Эртеси күнү, 31-августта, жумуриятыбыздын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндөгү тарыхый декларацияны кабыл алды.

“Ата-Бейитте” түбөлүк жай алган бабаларыбыздын арбактары колдогондой эле улуу иш жасалды.

Ушул көрүстөн жайды мурдагы Советтер Биримдигинин жалпы аймагындагы тоталитардык режимдин курмандыктарынын эскерүү жайларынын ичинен өзгөчөлөнткөн бир нерсе – мындагы 137 кишинин сөөктөрү кимдерге таандык экендиги мурдагы КГБнын архивиндеги маалыматтар аркылуу да тастыкталгандыгы болду. (Албетте, 138-кишинин, тагыраагы, айымдын, ким экендиги алигиче белгисиз).

Дал ушул “Ата-Бейит” эскерүү жайында Кыргызстанды советтик мамлекет катары түптөп, союздук жумурият макамына жеткирген жана жумуриятыбыздын коомдук-саясий жана айдыңдык турмушуна көөнөргүс салым кошкон бир катар бабаларыбыз түбөлүккө эс алып жатышат.

Маркумдардын арасында кыргыздардан башка дагы ар кыл этностордун жазыксыз курман болгон өкүлдөрү болгондугу азыркы көп этностуу калкыбыз үчүн дагы бул эскерүү жайынын орток маңызын баса белгилеп турат.

Бул эскерүү жайын эгемен Кыргызстанда өзгөчө баалап-барктап келишет. 1991-жылдан кийин бул жай тууралуу китептер, макалалар, даректүү тасмалар жарыяланып келди. Мында түбөлүк уктап жаткан айрым чыгаан бабаларыбыз жаатында илимий диссертациялар да корголду.

Бул жайды алгач ачыктаган карапайым, бирок чыныгы мекенчил жараныбыз Бүбүйра Кыдыралиева энебизди да ар качан каарман айым катары ыраазычылык менен эскерип жүрмөкчүбүз.

Албетте, XXI кылымдын башындагы эгемен Кыргызстандагы күрдөөлдүү саясий турмуш бул эскерүү жайынын мазмунуна өзүнүн жаңы өңүттөрүн да кошумчалады.

Бул улуттук тарыхый эстутум жайына аталыш берген залкар жазуучубуз, коомдук ишмер, элчи Чыңгыз Төрөкул уулу Айтматов 2008-жылы 10-июнда дүйнө салгандан кийин анын сөөгү ошол жылы 14-июнда ушул ыйык жайга коюлду.

Чыңгыз Айтматовдун "Ата-Бейиттеги" көрүстөнү. 19.7.2021.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ата-Бейиттеги" көрүстөнү. 19.7.2021.

Менимче, буга эч ким каршы болгон жок. Анткени Чыңгыз Айтматов “Манас” эпосунан кийин эле кыргызды дүйнөгө даңазалаган куттуу жана данакер аксакалыбыз катары өзүнүн көзү тирүүсүндө эле өзгөчө урмат-сыйга ээ болуп келген болчу.

Анын чыгармачылыгын Евразияда жана жалпы дүйнө жүзүндө көптөгөн өлкөлөрдөгү айдыңдар аздектешчү жана аздектеп келишет.

Андан кийин 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылап маалында бакиевдик авторитардык режимдин коргоочуларынын огунан курман болгон жигердүү жарандарыбыздын сөөктөрү “Ата-Бейитте” жерге берилди.

“Ата-Бейит”. 07.4.2017.
Армандуу айым 2010-жылдын 7-апрелинде окко учкан каармандардын биринин бейитинде. “Ата-Бейит”. 07.4.2017.

Ошол кезде мекендештерибиз бул окуяга да жаран катары түшүнүү менен мамиле кылышты. Албетте, кээ бир курман болгон жарандарыбыздын жакындары тигил же бул маркумдун сөөгүн өз айылына барып койгон учурлар да болду.

2002-жылдын мартындагы Аксы окуяларындагы, 2005-, 2010- жана 2020-жылдардагы элдик ыңкылаптардагы каармандар эч качан улуттук эстутумдан өчүп калбай тургандыгы дал ушул 2010-жылдын 7-апрелинде шейит кеткен замандаштарыбызга багышталган айкел жана алардын мындагы бейиттери аркылуу да айгинеленип турат.

Андан кийин 2016-жылы жайында “Ата Бейит” тарыхый эскерүү комплексинин төр жагына кыргыз элинин 1916-жылдагы падышалык Орусиянын оторчулугуна каршы ири улуттук боштондук көтөрүлүшү маалында эрдик көрсөткөн эгеменчил эр-азаматтар болгон бабаларыбыздын жана оторчулар жүзөгө ашырган ырайымсыз жазалоолор учурунда, ошондой эле, бул жазалоолордон кийин башталган Улуу Үркүн маалында жазыксыз набыт кеткен жалпы ата-бабаларыбыздын элестерин түбөлүккө эскерип жүрүү үчүн атайын эстелик курулган.

Жүз жыл мурда, 1916-жылдагы окуяларда курман болгон бабаларыбызга багышталган бул жаңы эстелик 2016-жылы 2-сентябрда салтанаттуу ачылган.

Ал эми ошол жылы 17-сентябрда Бишкектеги саммитке келген мамлекет жана өкмөт башчыларынын арасында Орусиянын президенти Владимир Путин да бул эстеликке келип, маркумдарды эскерип, гүлдесте койгон.

(Бишкектеги саммитке келген казак президенти Нурсултан Назарбаев менен тажик президенти Эмомали Рахмон "Ата-Бейиттеги" бул эскерүү жөрөлгөсүнө негедир катышпай коюшкандыгы да эсте калды).

"Ата-Бейиттеги" эскерүү жөрөлгөсү. 17.9.2016.
"Ата-Бейиттеги" 1916-жылкы падышалык Орусияга каршы улуттук боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгына жана Улуу Үркүндөгү курмандыктарга арналган эскерүү жөрөлгөсү. Оңдон: президенттер Г.Саргсян, А.Атамбаев, В.Путин жана премьер-министр П.Филип. 17.9.2016.

Ошол 2016-жылы Кыргызстанда, Казакстанда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө ар кыл университеттерде жана илимий мекемелерде жалпы Түркстандагы, Жети-Суудагы, Кыргызстандын бир катар аймактарындагы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн тарыхына арналган эл аралык илимий жыйындар өткөрүлгөнү жадыбызда. Айтмакчы, Орусиянын өзүндө да (кыргызстандык тарыхчы окумуштуулардын катышуусу менен) 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн тарыхына арналган илимий шеринелер өткөрүлгөн.

Кыргызстандын тарыхчылары менен архив таануучулары да 2015–2016-жылдары Орусиянын архивдеринде ушул тема боюнча иликтөө жүргүзүүгө мүмкүндүк алышкан.

Т.Кененсариев Санкт-Петербургдагы архивде. 2016-жылдын январы.
Тарыхчы Ташманбет Кененсариев мурдагы падышалык архивдин 1916-жылкы көтөрүлүш жаатындагы маалыматтарын иликтөөдө. Санкт-Петербург, Орусия. 2016-жылдын январы.

Анан Тажикстандан келген айрым террорчу топтор Баткен облусундагы кыргызстандык айылдарга капысынан чабуул жасаган каргашалуу окуялар орун алды. Албетте, кирип келген баскынчылар катыгын алышты.

Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы куралдуу кагылыш маалында өз Атажуртун коргоп жатып шейит кеткен баатырлардын – кыргыз танкчылары Шерали Анаркуловдун, Санжарбек Анаркуловдун жана Тилек Жаңыбай уулунун сөөктөрү 2022-жылы 26-сентябрда “Ата Бейит” эскерүү жайына арууланып коюлду.

Шерали Анаркуловдун, Санжарбек Анаркуловдун жана Тилек Жаңыбай уулунун сөөгүн коюу зыйнаты. "Ата-Бейит". 26.9.2022.
Баткенде каармандарча курман болгон жоокерлер Шерали Анаркуловдун, Санжарбек Анаркуловдун жана Тилек Жаңыбай уулунун сөөгүн коюу зыйнаты. "Ата-Бейит". 26.9.2022.

“Ата-Бейит” эскерүү жайы, ошентип, 1916-жылы жана 1930-жылдары набыт кеткен ата-бабаларыбыздын гана эмес, азыркы тапта дагы Кыргызстандын эгемендиги жана демократиялык келечеги үчүн жан аябай күрөшкөн маркум каармандарыбыздын дагы бейиттери жайгашкан ыйык көрүстөнгө айланды.

1916-жылы эрдик көрсөткөн жана Улуу Үркүндө набыт кеткен бабаларыбыз, бул ыйык жайга сөөгү коюлган бабаларыбыз жана каармандык менен курман болгон замандаштарыбыз улутубуздун эстутумунда түбөлүккө калаары шексиз.

Ошол эле учурда коомчулукту, анын ичинде айдыңдарды, бир олуттуу ой санааркатып келет. Аны ачыктабай коюуга эч мүмкүн эмес.

Тасма. "Ата-Бейит": тарых унутулса, трагедия кайталанат. Болот Абдырахманов менен маек. 31.3.2024.

“Ата-Бейит” – четинен чоюла берген желим жай эмес.

“Ата-Бейит” эскерүү жайынын мамлекеттик өзгөчө маанидеги макамын болочокку урпактар үчүн көз карегиндей сактап калуу зарыл.

Болочокто ар кандай “дүжүр чалдар” же башка мыкчегерлер өз сөөгүн ушул жайга койдурууга азгырылышы деле мүмкүн.

Алар антпесе, алардын айрым жакындары дагы бийликтеги тийешелүү кишилер менен карым-катнашын жана маркум алган ар кандай расмий наамдарды пайдалануу менен өзүнүн жакыны болгон тигил же бул маркумдун сөөгүн “Ата Бейитке” койдуруу үчүн алпурушу ыктымалдан алыс эмес.

Эгерде “Ата Бейитке” улам жаңы кишинин сөөгү коюла берчү болсо, анда анын көзгө басар улуттук тарыхый-мемориалдык комплекс катары макамы жана кадыр-баркы бөксөрүшү ажеп эмес.

 “Ата Бейит” эскерүү жайындагы сталиндик жазалоолордун курмандыктарына арналган айкел. 02.8.2017.
“Ата Бейит” эскерүү жайындагы сталиндик жазалоолордун курмандыктарына арналган айкел. Чоң-Таш айылынын түштүгүндөгү дөңсөө. Аламүдүн району, Чүй облусу, Кыргызстан. 02.8.2017.

Айтмакчы, дал ушул көйгөйдү үстүбүздөгү жылы айрым кыргыз айдыңдары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине таасын маалымдашкан.

Арийне, бул министрликке кайсы бир президенттин же өкмөт башчынын тушунда жогортодон деле ар кандай буйрук келе бериши ажеп эмес.

Ошондуктан бул министрлик гана эмес, Кыргыз президенти, Кыргыз Өкмөтү, Жогорку Кеңеш жана кыргыз жарандык коому дал ушул маселени калайык алдында ачык талкуулашы зарыл.

Бул – майда көйгөй эмес. Бул – тарыхый эстутум маселеси.

Асан Ахматов менен Роза Айтматованын "Ата-Бейит" китебинин бет ачары тууралуу көрнөк. 21.1.2021.
Жазуучу Асан Ахматов менен профессор, коомдук ишмер Роза Айтматованын "Ата-Бейит" китебинин бет ачары тууралуу көрнөк. 21.1.2021.

Биз “Ата Бейитти” өзгөчө улуттук макамы бар жана мекенчилдикке, эгеменчилдикке жана демократиялык асыл-нарктарга тарбиялоочу жай катары, ошондой эле, эл аралык коомчулук алдында да бабалар мурасын жана элесин ыйык барктай алган заманбап демократиялуу мамлекет катары Кыргызстандын аброюн чыңдоо үчүн кызмат кылып жаткан олуттуу жай катары азыркы калыбын бузбастан сактап калуу керек, деп санайбыз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG