Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

"Соттун чечими жок конфискацияланат". Башкы прокуратуранын талаштуу долбоору талкууга чыкты


Башкы прокуратура
Башкы прокуратура

мазмуну

  • Башкы прокуратура мыйзамсыз алынган мүлктү cот өкүмү чыкканга чейин конфискациялоо механизмин сунуштады.
  • Демилге коррупцияга жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү максатын көздөйт.
  • Юристтер бул демилге Конституцияга каршы келет деп сындап, жеке менчикке болгон кол тийбестик бузуларын эскертишет.

Башкы прокуратура мыйзамсыз жол менен табылган мүлктү соттун чечими жок конфискациялоого жол ачкан мыйзам долбоор даярдап, аны коомдук талкууга чыгарды. Бул демилге жеке менчик кол тийбестиги, күнөөсүздүк презумпциясы тууралуу талаш-талкуу жаратты.

Документтин негиздемесинде учурда кылмыш жол менен алынган мүлктү тартып алуу чаралары жетишсиз болуп жатканы жазылган.

Башкы көзөмөлдөөчү орган сунуштаган долбоордо Жазык-процесстик кодексине жаңы укуктук ченемди - мыйзамсыз жол менен алынган мүлктү өкүм чыкканга чейин эле конфискациялоо өндүрүшүн киргизүү каралып жатат.

Документтин негиздемесине башкы прокурор Максат Асаналиев кол койгон. Анда айрыкча кылмыш иши айыптоо өкүмү менен аяктабаган учурларда мыйзамыз жол менен алынган мүлктү тартып алуу мүмкүн эместиги жазылган. Бул укук коргоо жана сот системасы туш болуп жаткан негизги көйгөйлөрдүн бири катары белгиленген.

Ошондой кылмыштуу жол менен киреше тапкан айрым адамдар тергөөдөн жашырынып кетип, күбөлөргө басым жасап, далилдерди жок кылып же каза болуп калган учурда анын активдерин мамлекетке алуу мүмкүн болбой калып жатканы жазылган. Андан сырткары мыйзамсыз алынган мүлкүн жакындарына же тааныш-билиштерине каттатып койгон учурлар мисал кылынган:

"Айыпталуучу жашырынып кеткенде, каза болгондо же иш реабилитацияланууга жатпаган негиздер менен кыскартылган учурда мамлекет мыйзамсыз жол менен алынган активдерди кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүн жоготот, ал эми кылмышкерлер жана алардын чөйрөсү бул ресурстарды тоскоолдуксуз пайдаланууну уланта берет. Ушуга байланыштуу сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун максаты Жазык-процесстик кодексине жаңы укуктук механизмди — өкүм чыгарылууга чейин мыйзамсыз жол менен алынган мүлктү конфискациялоо өндүрүшүн киргизүү болуп саналат. Бул механизм мыйзамдуу булактар менен келип чыгышы тастыкталбаган активдерди айыптоо өкүмүн чыгарбастан тартып алууга мүмкүндүк берет. Мындай институтту киргизүү коррупция жана уюшкан кылмыштуулук менен күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатууга, активдерди мамлекеттик бюджетке кайтарууга жана эл аралык стандарттарга ылайык укуктук мамлекетти чыңдоого багытталган".

Бул документ коомдук талкууга 11-ноябрда чыгарылды жана ар кандай жоромолдорго жем таштады.

"Эң туура жана натыйжалуу чечим бул мүлктүн айыптоо өкүмүсүз конфискациясы сыяктуу институтту киргизүү, башкача айтканда, мыйзамдуу келип чыгышы далилденбеген активдерди сот өкүмүн күтпөстөн тартып алуу механизми. Бул модель күнөөсүздүк презумпциясын бузбайт, анткени адамды кылмыш жасады деп күнөөлөөнү талап кылбайт, ал мүлктүк-укуктук мүнөздө гана болуп, жаза мүнөзүн камтыбайт. Мындай механизмди киргизүүнүн артыкчылыктары көп: бул күчтүү чектөөчү фактор болот: мыйзамсыз мүлк каалаган учурда тартып алынышы мүмкүн экенин билген адамдар кирешесин жашыруудан жана жоопкерчиликтен качуудан баш тартат. Мамлекет кошумча ресурстарды алат: конфискацияланган активдер билим берүү, адилеттик, коомдук агартуу жана инфраструктура сыяктуу социалдык долбоорлорго багытталат. Бул укуктук мамлекетти чыңдоого түз салым. Жарандардын сот системасына болгон ишеними жогорулайт: эгерде өкүм чыкпаса да уурдалганды кайтарууга мүмкүн болсо, адилеттик орнотулат деген ишеним пайда болот",-деп жазылган мыйзам долбоордун негиздемесинде.

Деген менен Конституциялык соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмоновдун пикиринде, азыркы мыйзамда кылмыштуу жол менен табылган мүлктү мамлекеттин карамагына чегерүү нормалары жетиштүү. Соттун чечими жок конфискациялоо башталса анын кесепети тийиши мүмкүн:

Курманбек Осмонов
Курманбек Осмонов

"Мыйзамда жазылган эрежелер бар. Логикага таянсак деле адамды күнөөлүү деп сот гана табат. Күнөөлүү адамдын мыйзамсыз жол менен табылган мүлкү алынууга жатат. Тергөө учурунда, сотко чейин процессуалдык мыйзамдарда атайын чаралар бар. Мисалы, камакка алып коет, алып-сатууга тыюу салып коет. Ал мүлктү эч кимге сатылбай, берилбей тургандай кылып койсо болот. Күнөөсү сотто далилдене электе эле ошол адамдын үй-мүлкүн алып коюу кооптуураак. Адамдардын укугуна көбүрөөк зыян келип калышы мүмкүн. Кесепеттери болушу мүмкүн. Бул айдан ачык эле да".

Конституциялык соттун мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова бул демилге Баш мыйзамга каршы келерин айтты. Ал күнөөсүздүк презумпциясы, жеке мүлктүн кол тийбестигине байланыштуу жагдайларга токтолду. Ошондой эле Башкы прокуратура өзүнүн ишин жеңилдеткиси келип жатат деген пикирин билдирди. Сооронкулова бир катар өлкөлөрдөгү мисалдарга токтолду:

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

"Бул Конституцияга түздөн-түз карама-каршы келип жатат. Анткени күнөөсүздүк презумпциясы бар да. Эгер кайсы бир адам айыпталып жатса, ал сотто сөзсүз түрдө далилдениши керек, соттун өкүмү чыгышы керек. Конфискация өкүм чыккандан кийин гана жаза катары колдонулушу керек. Ошондуктан прокуратура өзүнүн ишин жеңилдеткиси гана келип жаткандай таасир калтырып жатат. Эч нерсе далилдене электе эле баса калып мүлкүнүн баарын алып коюу туура эмес. Куугунтуктоого, бийликтин кайсы бир кызыкчылыгын көздөөгө шарт түзүлүп жатат. Экинчиден, бул жалпы эле сот адилеттүүлүгүнө зыян келтирип жатат. Конституцияда жеке менчик кол тийбестиги так жазылып турат".

Клара Сооронкулова чет өлкөлөрдүн тажрыйбаларына дагы токтолду жана соттун чечими жок конфискациялоо негизинен мамлекеттик кызматкерлерге гана тиешелүү экенин белгиледи.

"Чет өлкөлөрдү карай турган болсок, мамлекеттик кызматкерлерге, айрыкча жооптуу кызматта тургандарга карата колдонулат. Көп эле өлкөлөрдө мамлекеттик кызматкерлердин декларацияларын аябай текшеришет. Ошол декларацияда көрсөтүлгөн киреше мүлкүнүн мыйзамдуулугун далилдей албаса аларга карата күнөөсүздүк презумпциясы иштейт. Аларды жазага деле тартпайт, бирок ошол мүлкү дароо конфискация болот. "Сен кызматта турсаң, мамлекеттен айлык алып жатсаң, бирок мобул мүлкүңдү мыйзамсыз тааптырсың" деп туруп эле аны алып коет. Мамлекеттик кызматкерлерге талап башка. Алардын мыйзамсыз баюусуна жол бербеген күчтүү талап бар да. Эгер Башкы прокуратура ушундай кылса туура болмок, ошол кызматкердин тууган-уругун кошо текшерип, кирешесинин булагын текшерсе анда коррупцияга каршы күрөшкө салым кошмок. Жалпы жарандардын баарына бул талапты колдонуу туура эмес болот",-деди Сооронкулова.

13-ноябрда Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процесстик кодексине жана Граждандык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу коомдук талкууга чыгарылган мыйзам долбоору тууралуу түшүндүрмө берди.

Мекеме документ маалыматтык сайттарда жана социалдык түйүндөрдө туура эмес чечмеленип калганын, Кыргызстандын Конституциясына ылайык, мүлктөн ажыратуу соттун чечими менен гана ишке аша турганын билдирди.

“Мыйзам долбоорунда сунушталган өзгөртүүлөрдүн максаты — айыпталуучулардын, анын ичинде издөөдө жүргөн адамдардын мыйзамсыз жол менен алынган мүлкүн мамлекеттин менчигине өткөрүү механизмдерин өркүндөтүү жана бул чаралар соттук териштирүүнүн толук жыйынтыгында кабыл алынган соттун чечиминин негизинде гана ишке ашырылат”, - деп айтылат маалыматта.

Жогорку сот жана анын төрагасы Медербек Сатыев башкы көзөмөлдөөчү органдын соңку демилгеси тууралуу азырынча пикирин билдире элек.

Баш мыйзамдын 15-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргызстанда менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылбайт жана мүлкүнөн соттун чечими менен гана ажыратылат.

Азыркы бийликтин тушунда кылмыштуу жол менен табылган кирешеге байланыштуу ондогон кылмыш иштери козголду жана бир катар адамдар камалган. Айрыкча мындай иштер кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаев 2023-жылы октябрда атайын операцияда атып өлтүрүлгөндөн кийин көбөйгөн. Көлбаевдин жана аны менен байланышы бар деп айыпталгандардын мүлкү конфискацияланган.

Шерине

XS
SM
MD
LG