Карта чабыш
Доктор Линдей тааныштары менен бууланган бөлмөдө карта чаап отурган. Бир убакта эшик тыкылдап сырттан барсайган шишик сөөмөйүн көрсөтүп узун швед кирди. Бейтапты көргөн доктор жүз миль жол жүрүп, бул жакка келүүнүн кажаты жоктугун, тигинин оорусун азыр эле жоготорун айтып шишиген манжаны "аңдоосуздан күч менен бекем басты". Жаны көзүнө көрүнгөн байкуштун бакырганын айтпа! Доктор тигинин "бир баштык алтынын" да алган жок.
"Доктор Линдей – беттери шишиңки, эриндери жука, чачы кара, сымбаттуу жана күчтүү адам болчу. Анын сакал-муруту алынган жылмакай кубарыңкы иреңинде эч бир оорунун салдары жок эле. Ал шайдоот жана так кыймылдай турган. Карта ойногондо да башкаларга окшоп ойлонуп отурбастан, ылдам жүрүүчү. Балбылдаган кара көздөрү адамды караганда жумурунан бери көрүп жаткандай кадала түшүп, теше тиктечү. Анын татынакай, калтылдаган колдору эң кылдат иштер үчүн гана жаралгандай эле. Көзгө чалдыгар замат аларда күч бар экендиги байкалып турчу.
– Дагы биз уттук! – деди, ал үстөктү жыйып алып жатып. – Эми банк ойнорубуз гана калды, кимибиз муз оёр экенбиз кеп мына ошондо!
Эшикти кимдир бирөө дагы тыкылдатты, доктор бу жолу да:
– Кириңиз! – деп үнүн катуу чыгарды.
– Кебетеси ушул банканы бүтүртпөйт окшойт ко,– деп күңкүлдөдү ал эшик ачылар замат".
"Жүз миль жол арытып келбей деле койсоңуз болмок экен" деп манжалары шишиген адамга бекер айткан экен. Ошончо аралык ит чанага түшүп, жөө басып илбирс менен алышып катуу жарадар болуп Пекодо жаткан адамды дарылаганга барарын билген эмес эле. Келген киши бейтаптын денесинин соо жери жок жарадар экенин, кардын эптеп тигип коюшканын айтты. Аны угуп доктор: "анда иш бүтүптүр"деди. Алыстан келген адам да көк экен, "ал өлбөйт, сиз барасыз" деп жалдырап туруп алды. Оорулууну аялы карап туруптур.
"Эгерде күйөөсү алсырап өлүмгө багынып баратса, аялы анын жанын чыгарбай алагды кылып турууга кудурети жетет. Өлүмгө баш ийбесине кепил болоюн, күйөөсү сөзсүз чыдайт. Сиз барганча тирүү болоруна 3 унция 1 алтын саямын, макул, эгер сиз уттурсаңыз эле унция алтын бериңиз. Жээкте менин ит чанам чегилип даяр турат. Эгер он минутадан кийин жөнөөгө макул болсоңуз үч күнгө жетпей жетип барабыз, анткени кайта кеткенде чыйыр менен жүрөбүз. Болуптур эмесе, мен иттерге барайын, сизди он минутадан кийин ошоерден күтүп алам. Доу тумагынын кулакчындарын түшүрүп, мээлейин кийип, эшикке чыкты".
Экөө ит чанага отуруп узун жолго чыгышты. Какаганга муштаган дегендей, булар жарым жолго келгенде күн жылымдап, дарыяны чылк каптаган муздар чарт жарылып, тоого жаздын деми келди. Марттын аягы болчу. Экөө бараткан кууш жардын ортосундагы муз эрисе жол татаалдашат, иттер алашалбыртта ылдам жүрө албай калышат. Акыры жолоочуларды элейткен көрүнүшкө туш келишти.
"Кандайдыр алыс жактан күңүрт, дүңгүрөгөн коркунучтуу дабыш угулуп, көп узабай укмуштуудай уу-дууга жана күрс-тарска айланды. Барган сайын күчөп тоолордун чокусун басып өтүп, терең капчыгайларды аттап, тоо-токойду жапырып, таштын арасындагы ичке кызыл карагайларды кыйратып, улам жакындап келатты. Жолоочулар бул жаңылыктын жайын алдан эле түшүнүштү. Жаздын жыты менен толгон шуулдаган катуу, бирок жылуу шамал коломтодогу отту уюлгута асманга учуруп, зуулдаган бойдон өтө чапты.
Чочуп ойгонгон иттер шоңшоюп отурушуп, тумшуктарын өйдө көтөрүп карышкырча узакка созуп, муңдуу улушту.
– Бул Чинук — бороон, – деди Доу.
– Демек, эми өзөн бойлоп жүрөбүзбү?
– Ананчы. Кашаттагы жолдон бир миль жүргөнчө, өзөндөн он миль жүрүү оңой".
Кайдан оңой, жолоочулар ызылдаган бороонго бой бербей, чаалыккан иттерди түрткүлөп, түн-күн дебей тынбай жол жүрүштү. Доу иттерин тойгузганы менен байкуш жаныбарлар ала-шалбыртта жолду арбыта албай, суу жабышкан оор жүктөрдү тартууга дарманы келбей жол арбыбады. Дарыянын музу жарылып үч итинен ажырап, акыры ит көрбөгөн азаптар да артта калып, көтөрө алар жүгүн артына асынган экөө жарадар жаткан жаман алачыкка жетишти.
Аялы
Караңгыга көзү үйүр алгандан кийин доктор аны жарданып карап тургандарды көрүп катты да калды. Жарадардын жанында "дембе-дем энтигип дем алып" аялы турат. Көзү Линдейден өтүп, жашырын сырды башкаларга айтпаса экен дегендей шаштысы куруп калыптыр.
Линдей болбогон оюна койбой аялдан башкасынын баарын сыртка чыгарып, тигини акырая карап: "бул сенин Рекс Стрэнгиңдин өзү турбайбы?" деди. Аялы не демек, ошол, күйөөсүнүн көзүн жазгырып Женеваны таштап ээрчип кеткен сүйүүсү тирүү же өлүк экени билинбей төшөктө жатат. Линдей эчен жыл эстеген сайын ачуусун келтирген эки шүмшүк ушу ээн тоого келип бактысын табышкан экен.
Линдей жексур душманы колуна түшкөнүн, анын мындан кийинки тагдыры колунда экенин аялын көргөндө эле билген. Желмогуз аялы дагы деле үмүтүн үзбөй, жанын берип сүйгөн адамын таштап кеткен күйөөсү сактап калат, мен үчүн сакташы керек деген алдамчы ойго батып тургандай сезилди. Ушуну ойлогондо Линдейдин өчөштүгү дагы күчөп чыкты. Бирөөнүн аялын таламандын тал тушунда ала качып кеткендерди чекесинен сылашкан эмес, кандай жазалашты мурда деле билишкен.
"– Сен адилет эмес экенсиң, Грант, – деп аял жай сүйлөй баштады. – Рекс мени ала качкан жок, мен өзүм муну каалаган болчумун. Бул көптөн берки тилегим экенин сен алиге түшүнбөй жатасың. Кыскасы, мени сен өзүң жоготтуң. Мен ага өз ыктыярым менен кубанган бойдон кеттим. Аны азгырып алып кеттиң деп мени да күнөөлөөгө тийишсиң. Чын, биз экөөбүз кол кармашып, бирге кеттик".
Желмогуз аялы "сүйүүм ушул, муну сакта, сенин колуңдан келет" деп жатпайбы. Линдей бейтапка көңүл бурбай, аялына кайсы бир сүрөтчүнү катуу сүйүп калган зайып тууралуу жомокту айта баштады. Бирин бири аябай сүйүшкөн сүрөтчү менен сулуу кыз кыйлага көрүшпөй, ал арада кыл калем ээсинин көзү көрбөй караңгылыкта калат экен. Эбепке себеп дегендей, сулуунун колуна сокурларды айыктырчу дары тийип, аны сүрөтчүнүн көзүнө сүртүү керекпи-жокпу суроосу ортодон чыгып калат тура.
Бийкечти ой басат, сүрөтчүнүн көзүн ачса баштагы сулуулуктан ажырап, мезгил бүктөмү бырыш бастырган ай чырайынан ажырап калган аны тартабы, мүмкүн сулуулугу, ажары ашкан башка бийкечти тандап алса кантет? Ушул суроо тигини катуу ойлонтот. Бирок Линдей жакшы башталган жомогун аягына чыгарбай токтотту.
Дарыгер эс-учун билбей, бир аягы көрдө жаткан эркекти айыктырып киши катарына кошсо анын акысына аялы Женевадагы үйүнө кайтып, экөөнүн ортосунда мурдагыдай ысык сезим болобу деп суроону тикесинен койду. Кандай да болсо сүйгөнүн сактап калыш үчүн аялы Линдейдин талабына көндү. Мунусу күйөөсүнө өтө эле катуу сокку болгонун тиги билсе да билмексен болуп койду окшойт.
Экөөнүн ортосундагы тымызын эрегиш ошондон кийин күчөдү. Аял сүйгөнү үчүн баарына даяр экенин ырастап, Линдейди бул ирет да басынтты. Мынабу тирүүнүн өлүгү болуп жаткан немени ушунчалык сүйөт тура. Линдейге мынчалык берилген эмес эле. "Мени ойлобой иш деп эле жүрчүсүң" деп атпайбы.
Иш дегени деле туура. Уккан жердин баарынан Линдейди издегендер, алыстан чакырткандар, сый-урмат көрсөткөндөр, талантына таазим кылгандар көп эле го. Аялы кеткенден кийин анын баары түккө арзыбай калганы да чындык. Америкага деле ошондой чакырыктын шылтоосу менен келип калып калганы баарына дайын болчу.
Анан суугуна карабай "алтын азгырыгына" алдангандар катарына келди. Бул жерде баары кымбат баа темир менен өлчөнөт экен. Ден соолукту жоготуп, бирок баалуу металлды көтөрүп жүргөндөрдүн канчасынын ажатын ачты. Көбүнө бекер операция жасады, анысы кенчилер арасында атын чыгарды. Аялынын кылганын кара, сүйүү деп аяздуу кышы алты айга созулчу жерге келип, тигил аюу менен кармашса жанында аюу болуп, илбирс менен алышса жанында илбирс болуп желпилдеп жүрүптүр. Баарынан да, муну айыктырып сени кайра алам десе, макул көрүп баш ийкеп атпайбы. Демек чындап сүйөт тура.
Мына ушул ачуу чындыкка ишенгенден кийин Линдей аялын тартып алган душманын какас сакайтууга бел байлады. Колу жеңил дарыгер эчен күн, эчен түн аракеттенип жүрүп Стренгди ажалдын оозунан жулуп алды, анын саламаттыгынын ушунчалык мыктылыгына, кара күчүнүн көптүгүнө таң калды. Андан да кызыгы, аялы сүйгөнүнүн жанынан карыш жылбай, анын көзүн ачканына сүйүнүп, алсыз колдорун кармалап, анысы Линдейдин жинин огобетер келтиргенине карабай, шайтан көпөлөктөй чарк уруп жүрдү.
Адам ит жандуу болот деген чын белем, ала-шалбыртта башталган иш күзгө чейин уланды. Линдей кандай гана амал-арга жасабады. Таза чүпүрөк, мурдуна жыттатканга наркозу жок жерде адам акылын айран калтырчу ишти аягына чыгарды. Анысына өзү да таң калды. Стрэнгдин жаны темирден окшойт, эчен операцияларды, сөөктөрдү тазалап, тамырларды жалгаштырып, булчуң эттерди кыймылга келтирген дарыгердин өнөрүнө табият да тен берип, бейтап жай өтүп кадимкидей басууга жарады, күчтүү жаш организм мурдагы калыбына келди. Бул баарына жаңылык болду, Меджден башкасы жан-алы калбай сүйүнүп жүрүштү.
Стренгдин иниси, досу ушунчалык күйүмдүү немелер экен, Линдейдин оозунан чыккандын баарын аткарып турушту. Дарыгер болсо иш убагында бейтаптын кантип оңолгонуна байкоо салып, бош убакыт боло калганда аялы экөөнүн ташпишин акыл элегинен өткөрчү. Атаганат, сүйүп алган аялы ага ушунчалык мээримин төккөндө Женевасынан чыкпай, канча оорулардын ажатын ачып, дарыгерлик өнөрүн дагы өркүндөтмөк. Ээн тоодо үй-бүлөлүк бактысын бузуп, жактырып алган жарын ээрчитип кете берген бир шүмшүктү карап отурат. Аялын айтпайсыңбы, тигинин жанынан чыкпай, чарк айланат го, чиркин!
Ортодогу убада дегендин убакты-сааты да жакындап келатты. Линдей көр оозунда турган бейтапты катарга кошуп кадимкидей бастырды, бир жеринде кынтыгы жок дарылады, таптаза сакайтты. Адам организминин ушунчалык бекемдигине өзү да таң калды, аялынан башкасы дарыгердин ичинде кандай ит өлүп жатканы менен эч иши жок Линдейдин сөзүн угуп алыска кетишти, ал жактан кайтып келиши кеминде үч күндүк жол. Меджи баарын түшүндү, айласыз макул болду:
" – Бол, даярдан, – деди Линдей Меджге кайрылып, – аяк-башыңы жыюуга бир саат убакыт беремин, а мен кайыкка кеттим. Билл болсо бугу уулоого кетти, күүгүмгө чейин келбейт. Биз бүгүн эле менин алачыгыма жетип барабыз, бир жумадан кийин Доусондо болобуз.
– А мен үмүттөнгөн элем... – деп намысынан Медж сөздүн аягын айта албады.
– Мени жол чыгымдан качат деппи?
– Жок, макулдашканын макулдаштык, бирок мынчалык ырайымсыз болуунун кереги эмне эле! Эмне үчүн мени аны менен коштоштурбастан, үч күндүк жолго кууп жибердиң? Бул адилеттүүлүккө жатпайт!
– Кат жазып калтыр.
– Мейли эмесе, баарын жазамын. – үчөөбүздүн бири-бирибизден сыр жашыра турган жерибиз калган жокко, – деди Линдей".
Линдей кайыкты алып келгенде аялы кетишке даяр болуп калыптыр. Дарыгер аялынын сүйгөнүнө жазган катын окуп чыгып: "Жеткилең, ачык-айрым жазылыптыр", – деди. Мунусу какшыкпы же мактообу – билип болбойт эле.
Аялы кайыкка түшөрдө Линдей жомокту тамамдады.
"Угуп тур! Аял эркектин көзүн дары менен сүртө коюп, бура тартып жөнөйт, бирок кокусунан күзгүгө карай салса өзүнө сулуулук кайта пайда болгонун көрөт. А сүрөтчү көзү ачылар замат, супсулуу жарын көрөр менен кубанычына чыдабай кыйкырып, бооруна кысат…"
Линдей аялына кош айтып кайыкка отура бергенде калып жатканына ишенбеген бечара күйөөсүнүн калтыраган колдорун өпкүлөп жиберди.
Жек Лондондун "Жомоктун аягы" аңгемесин кыргызчага Сагымбай Эрматов которгон.
Шерине