Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:25

Курманжан датканын кызынын арзуусу


Айтылуу Актан Тыныбек уулу айылында Курманжан датканын кызы тууралуу биралдын уламышка айланып кеткен кызык аңгемени айтчу. Күлүк ат, сулуу кыз, ашык болгон жээн, бактысын издеп качып чыккан эки жаш акыры тилегине жетиптир.

Касымбек Тазабековдун “Курманжан датканын кызы” баянында сүрөттөлгөн окуя.

Актан Тыныбек уулунун аңгемеси

Кыркынчы жылдардын аягында айтылуу манасчы Тыныбектин уулу Актан Кыргыз филармониясындагы ишинен бошонуп, айылына келип жашап калат. Залкар өнөрпоздор менен айлап гастролдордо жүргөн кезинде ал түштүк жергесинен Курманжан датканын кызы тууралуу кызык кепти укса керек. Социалисттик заманда Курманжан датканын аты аталбай, коммунисттик идеология ”эзүүчү таптын өкүлү” деп өткөндүн мыктыларын кыртышы сүйбөй турган кез эле. Ошондон автор айткандай, “Курманжан датка илгери-илгери өткөн бир жомоктой, уламыштай сезилчү”.

Бийик тоолуу Нарында Алымбек, Курманжан даткалар жөнүндө кеп деле болчу эмес. Кийин-кийин улуу инсандардын укум-тукумдары, балдары Маамытбек, Камчыбек жана башкалар жөнүндө кеп болуп, бирок да датка эненин кыздары тууралуу кабар жок эле.

“Деги эле Курманжан эне кыз төрөгөнбү, жалаң эле уулдары бар беле? Кыз балдары да болсо керек. Болбосо атактуу залкар Актан агабыз жок жерден Курманжан датканын бир кызынын укмуштуу, сырдуу баянын бекер жеринен айтпаган чыгаар”, - деп белгилейт автор.

Окуянын башталышы мындай, Анжиянга мал алып барып сатып, карым-катнашка жарап калган Сейиткожо деген тың жигит алайлык Зууракан аттуу кызды жактырып калып, өңөрө качып Нарынга алып келет да чоң той берип турмуш куруп жашап калышат. Жыл айланбай эркек уулдуу болуп, атын Турдубек коюшат. Турдубек тестиер болуп калган кезде Сейиткожо аттан жыгылып каза болуп, анын белдүү туугандары, каралашар жакыны жоктуктан Зууракан жалгыз уулун алып төркүн жагына оойт.

Тууган деп эш тутуп, апасы Курманжан датканын казан-аягын кармап, кара жумушка жарап калган Турдубек Маамытбектин күлүк аттарын багып, жем-чөп берип, сугарып, аттын терин алып саяпкерликти үйрөнөт.

“Бат эле чоң үй, чоң ашка аралашып, датканын өз балдарындай сөзгө алынып кетет. Балдар-кыздар менен кошула түнкүсүн "ак чөлмөк, күндүзү алабакан селкинчек тебишип, датканын кызы Зуура менен бирге чоңоёт”.

Эс тартып, кыз-келиндерге көз арта баштагандан тарта таежеси Зуурага көзү түшүп, кыздын да ага ыкласы бурулуп, экөө тымызын көздөшүп жүрүшкөн учурлардын биринде түнкү ак чөлмөк – ал кездеги жаштардын “дискотекасы” башталып калат. Сөөк ыргытылып, айдын жарыгында күйүккөн жаштар эки-экиден издеп жүрүшкөндө Турдубек менен Зуура жанаша туруп калышыптыр. Зуура ак чөлмөктү биринчи көргөн, экөөнүн ашыктыгы мына ушул жерде ачыкка чыкты, кыз каршылык кылбады.

“Башка жаштар тээ обочодо. Дагы эле чөлмөктү издеп жүрүшөт. Турдубек акырын эңкейип билмексенге сала аппак чөлмөктү куурайдын арасынан алды да, Зууранын оң колуна карматты.
Сунган колду Турдубек коё бергиси жок, аны шап кармады. Зууранын колунун ысыктыгы, кебездей жумшактыгы кандай керемет, коё бергиси жок, анын колун өзүнө тартты да, белинен бек кучактады. Зуура деле көп каршылык көрсөткөн жок, эмне болуп атканын билбей деле калды. Өзүн жоготуп койду. Ичинен канчалык ылым санап жактырып жүрсө дагы, кыз каадасы кылып бетин ала качкансыды. Турдубек сөз айтууга жарабай дароо дудук боло түштү.

Алкымыңды тозчу, бир жыттап алайын дегенге да жарабады. Суроо-сопкуту жок эле тал чыбыктай татынакай таежесинин бетинен "чоп" эттирип өөп алды. Оо, жыргал ай, бул убакытты канча күттү эле. Асмандан тилегени колго тийип, колго тиймек кана турсун Турдубектин кучагында, анын эки бетин аймалап жатты, соруп жатты. Коё бергиси жок.

Олдо касиеттүү караңгы түн ай. Сен сүйүшкөн жарлардын канчасына күбө болгонсуң. Канчасына "ак жол, ак тилек каалайсың, ушундай түндөр көп болсо, атаганат”.

– Апээй жээн, ушундай да болобу, балдар көрсө эмне дейт, уят эмеспи! Коё бер колумду, деги бошотчу боюмду, думугуп да кеттим, деги акырын өбүңүзчү, алкымым көгөрүп калат. Анан эртең энем эмне дейт, катыгүн. Анда эле мен өлдүм. Экинчи мени эч жакка чыгарбай коёт. Кайтарыкта калам. Ал, чөлмөгүңдү, чурка марага!”

Ошондон көп өтпөй Турдубек Маамытбектин келишкен күлүгүн байгеге чапмай болуп калды. Ага жарашыктуу кийим кийгизишип, башын жоолук менен байлап, эчен күн, эчен түн суутулган кара кашка аргымакка мингенде датка энеси баш болуп бата беришип, көпчүлүктүн катарында Зуура сулуу да турду. Ат чабышка алыс-жакындан оголе көп күлүк келген.

Күлүк

Аттар коюлчу жерге жетип, ат айдоочулар “Омийин” деп бата берип жарышка уруксат бергенде шарт бурула берген жерден кара кашканын басмайылы үзүлүп, ооп түшкөн Турдубекти жылкы кыйла жерге сүйрөп кетпедиби. Дагы жакшы ичер суусу бар экен Турдубек аман калып күлүгүнүн артынан барса жаныбар кишенеп ээсин күтүп туруптур.

“Бети-башын чаң баскан, аз да болсо эси оой түшкөн, өзүн эми "өлдүм" деп ойлогон Турдубек чымылдаган тейден кара кашкага жете келди да, жайдак чап секирип минип калды. Жылкы баласынын мындай кылган жакшылыгына ичи жылып, ат жалын өөп койду. Аттар көп эле узап кеткен экен, тээ алда кайдан карааны араң көрүнөт. Эң артында кара кашка караандабай калган.
Эми көрүп ал, жарыктык аргымакка канат бүткөнбү, учкан куштай зымырайт. Мал да болсо мындай ызалыкты күтпөгөн, ар убак астыга ат салдырып көрбөгөн буудан эми арыш таштады белем!

Эңкейишке келгенде "эликтей буту сайылат" дегендей, эчен атты басып өттү.

Эми дагы ат үстүнөн учуп түшпөйүн деп Турдубектин эки колу аргымактын жалында карышкан. Өр таяна бергенде он эки атты басып өттү. Түзөң жерге келгенде эми кызып калган белем учкан куш менен жарышкандай араандай оозу ачылып, ак көбүгү чачылып, кулактын түбүнөн тер жаңыдан чыпылдап таамп, башын жерге сала бир келатат дейсиң, тим эле аткан октой зымырайт.

Турдубек эки тизгинди бош койду. Кара кашка өз билгениндей арыш таштап келе берди. Саяпкердин баланча жерден тарта чап, баланча жерден камчы сал, баланча жерден оозун коё бер дегени эсинде жок, тек гана Турдубек башын эңкейте ат жалына жазданып камчысын күүлөөдө. Анда-санда алды-артын карап коёт”.

Ээленген Кара кашка алдыда бараткан атаандаштарынын баарын басып өтүп марага биринчи келди, Маамытбектин жылдызы жанып, опсуз байгеге ээ болуп, үйүндө кызмат кылган эне-балага өзүнчө үй көтөрүп, жашоо-турмушу ирденди.

Курманжан датканын кызы Зууранын сулуулугу артып, ыгы келген жерде Турдубек менен жашыруун жолугуп жүрдү. Экөөнүн жашыруун мамилесин билбеген апасы кызына кайсы жерден жуучу келет, эркемди кимге берсем деген ойдо болчу. Сулууну үй жумушун кылган кызматкерине бербесин билген эки жаш тымызын даярдык көрүп, бактысын тобокелге салып качып кетүүнү ойлой башташкан.

Турдубек байгеде алдына күлүк салбаган Кара кашканы, Зуурага тору күлүктү камдады. Керектүү деген буюмдарын эки куржунга толтура салып түн жамынып эки жаш качып чыгышты. Ашыктык илебине баткан эки жаштын артынан куугун экинчи күнү жетти. Артынан чыккан чаңды илештирбей демитип кирип келгендерден эки күлүк атчан кыйла узап кеткенден кийин артын карашса чолок куйрук Чаар бээни минген агасы Маамытбек жетип калыптыр.

“Өңү кумсарып, көзүнөн чаары чыгып” аябай ачуулуу.

“– Мынчалык болбосо болот эле, жээн. Эми баягынын агасы карындашын кууп жетип, кайра алып келиптир деген биз үчүн намыс өлүмдөн да катуу. Эзели илгертен бери ата-бабабыз кыз чыкканда ак бата менен узатуучу. Биз сени Зуура каада-салт менен узатсак болмок эле. Мен силердин махабатыңарды түшүнөм. Эми ушунчалык болгондон кийин, атаң Алымбек датканын көзү өтүп кеткен, энең Анжиян – Аркага, Бухара – Орусияга аты чыккан улуу инсан. Силерди ойлоп, көз жашын төгүп отуруп калды. Бул жерде энең болбосо да мен бир туугандарыңдын улуусу болгондон кийин, агаң болсом дагы атаңдай көрүп, силерге ак батамды берем. Карындашымды сага тапшырдым, сени кудайга тапшырдым, Оомийин, ак жолуңар ачылсын, кармашкан колуңар бек болсун, – деп бата тиледи, кичирээк баштыкка түйүлгөн дилдени Турдубекке ыргытты да, кайра тартты”.

Туз тарттыбы же жолу болбодубу иши кылып, агасынын батасын алып белгисиз жакка кетип бараткан эки жаш ойдо жок жерден башка эле чоочун бирөөлөрдүн колуна түшүп, алар Курманжан датканын кызын жээни менен айылына кайтарып, келери менен Турдубек орго салынды. Арадан бир жыл өткөндөн кийин ал ордон бошотулуп, тууруна аз калган Чаар бээни кайтарып отурду. Кирпик ирмебей таң атырды, туулган кулундары өлүп калган буудандын тукуму аман калганына сүйүнгөн Курманжан датка айласы куруп турган жээнине чыгарган бүтүмүн айтты:

“Ошол кезде оң билегине илинген жалаң кылыч кыны жок жаркылдап илинип турганын Турдубек көргөндө, кучактаган кулуну менен кулап түштү.

– Эми акмак жээним, ажалың жок экен. Кымындай көзүң илинип кеткенде башың алынмак эле. Сенин акмактыгыңды эми кечирдим. Ал, тигил Зуураны, колукту кылып ал. Бул кашка кулунду да сага энчиледим. Эми энелик мээрим менен ак батамды берем. Бир айдан кийин чоң той берилет. Кызымды ошондо каада-салт менен бөлөйүн. Бул кулун сенин байлыгың. Оң менен солго атак-даңкты чыгарган кара кашка буудан болот.

Айтканындай жер дүңгүрөткөн чоң той берилип, мал-мүлкү менен үй көтөрүлүп, энчи бөлүнүп, Турдубек менен Зуура чыныгы баш кошот. Кийин алар бала-чакалуу болуп, айткандай кара кашка буудан көп жыл бою кыргыздын намысын алып берип турган күлүк чыгат...Ушинтип Актан Тыныбеков атабыз аңгемесин аяктаган эле”.

Күлүк ат, сулуу кыз, жетим бала – бактылуу жыйынтыкталган апсананын кыскача мазмуну ушундай. Чыгармада урунттуу окуялар гана тизмектелип, тагдырдын ыкласы менен табышкан эки жаштын бактысы үчүн кантип күрөшкөнү, артынан кууп барган агасынын карындашына ак жол каалап батасын бергени, жыйынтыгында келип эки жаш эненин каалоосуна жараша бактысын тапканы кызыктуу баяндалган.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG