Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:58

Газа: Израил абактан 90 палестинди, ХАМАС үч туткунду бошотту


20-январда Израилдин абактарынан бошотулган палестиндер жакындарына кайтып келди.
20-январда Израилдин абактарынан бошотулган палестиндер жакындарына кайтып келди.

Газадагы ок атышууну токтотуп, туткундарды бошотууну көздөгөн макулдашуу 19-январда күчүнө кирди. Анын шарттарына ылайык, АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАС радикал тобу үч израилдик туткунду барымтадан бошотуп, Израил 90 палестинди абактан чыгарды.

15 айдан бери бул күндү күткөн палестиндер дүйшөмбүнүн таңында оккупацияланган Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги Рамалла шаарына жакын көчөлөргө чогулушту. 20-январда Израил менен АКШ менен Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАС радикал тобунун ортосундагы ок атышууну токтотуу келишиминин алкагында Израилдин абактарынан бошотулган палестиндер жакындарына кайтып келди.

Палестиндер оккупацияланган Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги Рамалла шаарына жакын көчөлөрдө чогулушту.
Палестиндер оккупацияланган Иордан дарыясынын Батыш жээгиндеги Рамалла шаарына жакын көчөлөрдө чогулушту.

Абактан бошотулгандардын бири Абделазиз Атавнех израил абагында эмне көргөнүн айтты:

"Мен тозоктон азыр бейишке түштүм. Бизге зомбулук көрсөтүп, уруп сабап, көздөн жаш агызуучу газа менен атышчу. Күтүлбөгөн жерден алар камераларга кирип, газ менен атып калышчу. Алар бизге жаман сөздөрдү айтышчу. Тамак-аш, таттуу, туз, эч нерсе жок жашадык".

Миңдеген киши күтүп турган Рамаллага абактан бошотулгандар автобустар менен жеткирилип, бул күнү фейерверк атылып, майрамга айланды. ХАМАСтын маалыматы боюнча Израилдин абактарынан бул жолу 90 киши - 69 аял жана 21 өспүрүм бошотулган.

Абактан бошотулган жарандар автобустар менен жеткирилди.
Абактан бошотулган жарандар автобустар менен жеткирилди.

Газа: Барымтадагы 15 ай

Жекшембиде Газадагы согушту токтотуу келишими күчүнө киргенде анын шарттарына ылайык, ХАМАС радикал тобу үч израилдик туткунду барымтадан бошотту.

15 айдан ашуун радикал топтун барымтасында турган үч аялды "Кызыл чырым" эл аралык уюму Газа тилкесинен алып чыгып, Израилдин күчтөрүнө өткөрүп берди.

Алар - Дорон Штайнбрехер, Эмили Дамари жана Роми Гоненди.

  • 31 жаштагы Штейнбрехер ветеринардык клиникада иштечү. ХАМАСтын жоочулары аны Кфар-Аза кибуцундагы батиринен барымтага алып кеткен.
  • 28 жаштагы Дамари да Кфар-Аза кыштагында барымтага алынган. Ал Израилдин жана Британиянын жараны.
  • 24 жаштагы Роми Гонен "хамасчылар" Supernova фестивалына чабуул койгон маалда жоочулардын барымтасына алынган.
19-январда барымтадагылардын бошотулган учурун жүздөгөн израилдиктер Тель-Авив аянтында чоң экрандан көрүштү.
19-январда барымтадагылардын бошотулган учурун жүздөгөн израилдиктер Тель-Авив аянтында чоң экрандан көрүштү.

Бул күнү жүздөгөн израилдиктер Тель-Авивдеги аянтка чогулуп, барымтадагылардын бошотулган учурун чоң экрандан көрүштү. Арасында 15 ай ичинде жакынын жоготкондор да бар.

Алардын бири Шей Дикмандын эжеси согуш башталганда 2023-жылдын 7-октябрында ХАМАСтын согушкерлеринин колуна түшүп, былтыр күзүндө туткунда каза болгон.

"Толкунданган маал. Алар аман-эсен энесинин кучагына кайтып келсе экен деп абдан күттүм. Үч кыз - Роми, Дорон жана Эмили 471 күн террористтердин колунда болушту. Эми алар Израилге, энелерине аман-эсен баратышат. Эми бул ачылган эшик жабылбашы керек. Барымтадагылардын барды - 94 кишинин үй-бүлөсүнө кайтып келишине мүмкүнчүлүк түзүлүшү керек", - деди Дикман.


Эл аралык медиа каражаттары жазгандай, Газада согуш башталгандан бери хамасчылардын барымтасындагы ондогон туткун бошотулган же сөөгү табылган.

Израил бийлиги учурда Газада 90дон ашуун туткун бардыгын, бирок алардын бир бөлүгү каза болгону ыктымал экенин билдирүүдө.

АКШ, Катар жана Египеттин арачылыгы менен дээрлик бир жылдан ашык убакытка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин жетишилген ок атууну токтотуу келишими 19-январда дээрлик үч саат кечигип күчүнө кирди. Буга ХАМАСтын жоочулары жекшемби күнү барымтадан бошотула турган үч туткундун аты-жөнүн убагында бербегени себеп болду.

Жекшембиде премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси барымтадагы үч израилдик кайтарылганы тууралуу видеону жарыялады.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху.

"Алар тозоктон өткөнүн баарыбыз билебиз. Алар караңгылыктан жарыкка чыгышты. Кулчулуктан эркиндикке жетишти. Буга биз жоокерлердин — Израилдин баатырларынын өлүмү жана күрөшү менен жеттик", - деди Нетаньяху.

Газа: Гуманитардык жардам

Жекшемби күнү Газада ок атышпоо келишими күчүнө киргенден кийин Египеттин Рафах өткөөлү аркылуу анклавга гуманитардык жардам жеткирүү жанданды.

Келишимге ылайык, алгачкы алты аптада Газага күн сайын 600 жүк ташуучу унаа гуманитардык жардам, анын ичинен 50 жүк ташуучу унаа менен күйүүчү май кирет. Алардын басымдуу бөлүгү буга чейин ачарчылыкка батып баратканы айтылган Газанын түндүгүнө жеткирилет.

Египеттин Рафах өткөөлү аркылуу Газа секторуна бараткан гуманитардык жардам.
Египеттин Рафах өткөөлү аркылуу Газа секторуна бараткан гуманитардык жардам.

"Бүгүнкү күндө Газага жүк ташуучу унаалар жетишсиз. 2000 жүк ташуучу унаа болгон күндө да газалыктардын бир жылдан ашуун азап-тозогун эске алганда, алар жетишсиз. Палестин эли чыныгы катастрофаны башынан өткөрдү. Бардык араб өлкөлөрү жана эл аралык коомчулук бул оор мезгилден өтүү үчүн бизди колдойт деп үмүттөнөбүз", - деди жергиликтүү тургундардын бири.

2023-жылы 7-октябрда ХАМАС радикал тобу Газа тилкесинен Израилге кол салып, бир күндө 1200дөй кишини өлтүргөн жана 250дөй кишини барымтага алып кеткен. Буга жооп катары Израил Газадагы чабуулдарын баштаган. Андан бери Газада 47 миңге чукул адамдын өмүрү кыйылганын ХАМАС башкарып келген тилкенин саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө.

Израил менен ХАМАС радикал тобу ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу боюнча макулдашууга жетишкенин сүйлөшүүлөргө арачылык кылган АКШ менен Катардын бийлиги 15-январда жарыялаган. Бул макулдашуунун жарыялангандан бери Газада жер которгон миңдеген тургун өз үй-жайына кайта баштады.

Газадагы абал. 20-январь, 2025-жыл.
Газадагы абал. 20-январь, 2025-жыл.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюму аба чабуулдарынан жана бомбалоолордон улам Газада 10 адамдын тогузу анклавдын ичинде жер которууга аргасыз болушу мүмкүндүгүн маалымдаган.

Согушту токтотуу тууралуу макулдашуу бир нече баскычтан турат. Алдыдагы алты жуманын ичинде Израил түрмөлөрүндөгү 1900 палестинди бошотот. Ал эми ХАМАС барымтасындагы 33 туткунду эркиндикке чыгарат.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG