Украин президентинин Межигорье резиденциясы, түркмөн лидеринин Огузхан сарайы жана Анкрадагы президенттик комплекс. Булардын баары эбегейсиз акчага салынып, көз жоосун алчудай жасалгасы жайылып жаткан кең талаалары менен айырмаланат.
12-январда Түштүк Корея украин күчтөрү Түндүк Кореянын эки аскерин туткунга алганын ырастады. Сеул туткундардын бири "Украинага каршы согушка эмес, машыгууга бара жатканын" айтканын билдирди. Булар Түндүк Кореянын украиндерге туткунга түшкөн алгачкы аскерлери экенин белгиленди.
Сириянын жаңы лидерлери жогорку аскердик кызматтарга бир нече чет элдик согушкерди дайындашты. Алардын арасында Кытайдан барган уйгурлар, этникалык албандар жана Тажикстандын жараны бар. Бул жаңылык алардын мекенинде кооптонуу жаратууда.
Газанын ар кайсы бөлүгүнө Израил армиясы абадан сокку уруп, соңку бир суткада 20дан көп адам каза тапты. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги жазды. Израилде ондогон адам митингге чыгып, АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС уюмунун барымтасындагы туткундарды бошотууну талап кылды
Жасалма интеллект, же акылдуу компьютер ооруну аныктап, аны дарылоонун жолдорун изилдөөдө молекула, ДНК, РНК жана андан майда деңгээлдеги миллиондогон даталарды тез арада изилдеп, андагы өзгөрүүлөргө байкоо салуу иштерин болуп көрбөгөндөй тездете алат.
5-январдын таңында украин армиясы Орусиянын Курск облусунда жаңы чабуулун баштады. Аналитиктер чарчап-чаалыгып, техникасы жана жоокери жетишпей жаткан украин армиясынын бул чабуулу күтүүсүз болгонун белгилешет. Эмне себептен Киев мындай кадамга барды?
Жаңы жылдын биринчи аптасында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун ар кыл кызматтарынын журналисттери тарткан сүрөттөр жыйнагы.
Эгер тынчтык келишими түзүлсө эки коңшу өлкөнүн 2014-жылдан бери уланып келаткан куралдуу кармашына чындап чекит коюлабы? АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп шайлоо маалында Украинадагы урушту 24 саатта токтоторун айткан. Ал убадасынын өтөөсүнө чыгабы?
3-январга караган түнү Киев облусунда Орусиянын чабуулунан бир киши набыт болуп, бир нече адам жараат алды. Орус армиясы Украинанын Курахово жана Шевченко багыттарында катуу чабуулга өттү. DeepState долбоорунун картасы Курахово шаарынын батыш ыптасында салгылашуу жүрүп жатканын көрсөтүп турат.
АКШнын Жаңы Орлеан шаарындагы 15 кишинин өмүрүн алган кол салууну Федералдык иликтөө бюросу теракт деп иликтеп баштады. 1-январда көчөдө жаңы жыл тоскону чогулгандарды машинеси менен тебелеп, кийин туш келди ок чыгарган адамдын тек-жайы аныкталды.
Дагы жүктөңүз