Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:15

Путин менен Трамп качан жолугат?


АКШнын президенти Дональд Трамп жана орус президенти Владимир Путин. (коллаж)
АКШнын президенти Дональд Трамп жана орус президенти Владимир Путин. (коллаж)

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын Украинага каршы ачкан согушун тынчтык жолу менен жөнгө салуу багытында иштер башталганын айтып, чукул арада орус президенти Владимир Путин менен жолугушууга ниеттенип жатканын кайталады. Кремль Путин Трамп менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.

Орусиянын бейшембиде Украинын түштүк-чыгышында жайгашкан Запорожье шаарына жасаган аба чабуулунан турак-жай талкаланып, бир адам набыт болду.

Запорожье шаары.
Запорожье шаары.

"Жардыруу болгондо, келинчегим бомбадан баш калкалоочу жайга барайын деп эшикти көздөй чуркады. Мен дивандан туруп эле кийим алайын деп шкаф жакка бурулганда, уранды басып калды. Андан араң суурулуп сыртка чыкканда, аялымдын үнүн уктум. Анын кансырап жатканын көрүп, тезирээк бомбадан баш калкалоочу жайга алып барууга шаштым".

Запорожьенин тургуну Сергейдин келинчеги, дагы чабуулдан жабыркаган 24 киши ооруканага жаткырылды. Арасында эки айлык ымыркай да бар.

24-январда Украинын Өзгөчө кырдаалдар кызматы жарыялаган видеодо куткаруучулар имараттан түнкү чабуулдан жабыркаган тургандарды алып чыгып баратканын көрүнөт. Маалыматка караганда, орус армиясынын жумага караган түнкү аба чабуулунан Киев облусунда үч адам набыт болду.

Киев облусунун жергиликтүү бийлиги орус армиясынын соккусу 10 кабат үйгө тийгенин кабарлады.

Ал тапта Орусиянын Коргоо министрлиги өткөн түнү алардын аймагында 123 учкучсуз аппарат атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Маалыматка караганда, алты дрон Москва облусунун жана дагы бирөө Москва шаарынын үстүнөн жок кылынган.

Москванын мэри дрондор Щелково, Коломна, Раменское, Подольск шаарларында жана Москванын Троицкий районунда атып түшүрүлгөнүн билдирди. Чабуулдан улам Москванын Внуково, Домодедово жана Жуково аэропортторунун иши убактылуу токтотулган. Алты учак кошумча аэродромдорго жиберилген.

Сергей Собянин
Сергей Собянин

"Коргоо министрлигинин абадан коргонуу күчтөрү Щелково шаарчасында Москваны көздөй учкан дронду атып түшүрдү. Окуя болгон жерде өзгөчө кырдаалдар кызматынын кызматкерлери иштеп жатат", - деди Москванын мэри Сергей Собянин.




Орус бийлиги куткаруучулар ошондой эле Рязань шаарына болгон аба соккусунан кийин иштеп жатканын кабарлады.

Жума күнү социалдык тармактарда жарыяланган видеодо Рязанда аба чабуулунан кийин мунай иштетүүчү заводдон жалын аралаш түтүн чыгып жатканы көрүнөт.

Бул завод "Роснефть" компаниясынын курамына кирет. Рязань облусунун башчысы Павел Малков аба чабуулу болгонун ырастап, атып түшүрүлгөн дрондун сыныгы менчик турак жайга тийип, өрт тутанганын кошумчалады. Ал мунай заводундагы кырдаал тууралуу үн каткан жок.

Путин Трамп менен жолугууга даяр

АКШнын президенти Дональд Трамп Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумга видео байланыш аркылуу катышып, Орусиянын Украинага каршы ачкан согушун тынчтык жолу менен жөнгө салуу багытында иштер башталганын билдирди. Ошондой эле Трамп жакын арада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууга ниеттенип жатканын кайталады:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

"Бир маанилүү нерсе - президент Путин менен мүмкүн болушунча тезирээк жолугуп, бул согушту токтотууну каалайт элем. Бул бир гана экономика же башка көз караштан эмес. Буга миллиондогон өмүр кыйылып жатканы да себеп. Кырчындай өмүрлөр кыйылып, жаштар согуш талаасында каза таап жатат."

Орусиянын президенти Владимир Путин Кошмо Штаттардын жаңы кызматка киришкен мамлекет башчысы Дональд Трамп менен сүйлөшүүгө даяр экенин

Дмитрий Песков.
Дмитрий Песков.

24-январда Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди:

"Путин даяр. Биз белги берилишин күтүп жатабыз. Баары даяр. Бул жерде кофенин тунмасына карап төлгө тарткандай бир нерсе айтыш кыйын. Эгер кандайдыр бир маалымат болсо, бөлүшөбүз", - деди Песков.

Ал ошондой эле орус-украин согушунун жүрүшү "мунайга болгон дүйнөлүк баадан" көз каранды эмес экенин кошумчалады. Маалымат катчы "согуш Орусия Федерациясына болгон улуттук коркунучтан улам жүрүп жататканын" айтты.

Мунун алдында Трамп мунайдын баасы өтө жогору экенин жана бул Орусияга Украинадагы согушун улантууга шарт түзүп жатканын айтып, негизги мунай өндүрүүчүлөрүн, өзгөчө Сауд Арабиясы менен ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондун согушту токтотуу үчүн өндүрүштү көбөйтүүгө жана бааларды арзандатууга чакырган.

АКШнын президенти Дональд Трамп эгер орус президенти Владимир Путин Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүдөн баш тартса, анын администрациясы Орусияга каршы санкцияларды киргизе турганын 21-январда айтты.

Орусия Украинага ар тараптан басып кирип, согуш ачканына үч жылга чукулдады. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде, 2024-жылдын ноябрь айына карай Украинада 12 миңдей адамдын өмүрү кыйылып, жараат алгандардын саны 27 миңге жеткен. Эл аралык уюм бул сан толук эмес экенин эскертет.

Москва Украинанын аскердик жайлары гана бутага алынганын билдирип, далилдерге карабастан карапайым тургундар кабылган соккуларды четке кагат.

Шерине

XS
SM
MD
LG