Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:01

“Сириядагы террордук топтордун катарында 20дай кыргызстандык согушкер бар”


Уран Ботобеков
Уран Ботобеков

Сирияда Башар Асаддын бийлиги кулагандан кийин бул өлкөдөгү радикал топтордун катарында согушкан борбор азиялык жоочулар маселеси кайрадан күн тартибине чыкты. Дамаскка көзөмөлүн орноткон топ теги тажикстандык согушкерге жаңы кызмат жана наам бергени белгилүү болду.

Сирияда борбор азиялык согушкерлер, анын ичинде кыргызстандыктар канчалык көп? Экстремисттик уюмдардын катарында согушуп жүрүп кызматка жеткен жоочулар өз өлкөсү үчүн кандай коркунуч жаратышы мүмкүн? “Азаттыктын” ушул жана башка суроолоруна экстремисттик уюмдарды изилдеген эксперт Уран Ботобеков жооп берди.

- Уран мырза, болжол менен канча борбор азиялык согушкер Сирияда ар кандай куралдуу топтордун катарында согушуп жатышы мүмкүн?

- Бир санды так айтыш абдан татаал. Себеби алардын саны ар дайым өзгөрүп турат, аларга утур кошулгандар, набыт болгондор бар. Сирияда ички саясий кырдаал курчуп, согуш башталганда “жихад кылабыз”, “халифат курабыз”, “ислам динин коргойбуз” деп биринчи борбор азиялык согушкерлер Ооганстандан барышкан.

Алардын көбү “Өзбекстан ислам кыймылы” террордук уюмунун мүчөсү болгон. Уюткусу ошолор болуп саналат. Андан кийинки катмарлар Борбор Азия өлкөлөрүнүн өзүлөрүнөн, Тажикстандан, Кыргызстандан, Өзбекстандан, Казакстандан барышкан. Көбү, албетте, Тажикстан менен Өзбекстандан болгон. Ошондой эле 2015-жылдары Орусия Сирияга (президент Башар Асадды колдоп) кирген кезде Орусияда жүргөн борбор азиялык мигранттар “жихадга чыгабыз” деп Түркия аркылуу Сирияга жөнөшкөн. Ошондуктан так санын айтыш кыйын. Менимче, эки жыл мурда 600дүн тегерегинде болчу.

Ал жакта борбор азиялыктардан турган бир нече уюм бар. Алардын арасынан “Катибат Таухид вал-Жихад” эң кубаттуу уюм деп саналат. Андан тышкары уйгурлардын “Чыгыш Түркестан партиясы” кыймылы бар. Ошондой эле өзбектерден, негизинен Кашка-Дарыя тараптагы өзбектерден турган “Катибат ал имам Бухари” террордук тобу бар.

Булардан тышкары “Катибат Мухажеддин Гураба” деген террордук топ кыргыз, өзбек, уйгур жана башка борбор азиялык жоочулардан куралган. Бул уюмдун катарына сириялык эмес, тактап айтканда иорданиялык жана башка жактардан барган арабдар дагы кирген. Ошондой эле башында кыргызстандык жаран турган “Ислам жихад биримдиги” деген террордук уюм бар.

Алар баары өзүн борбор азиялык түрк тилдүүлөр же болбосо “бухаричилердин неберелери” деп аташат. Аларды Сирияда "мухажир" деп коюшат. Ал Мухаммед пайгамбардын убагынан келген терминдерден.

Сырттан келген иммигрант дегенди билдирет. Жергиликтүү элди "ансар" деп коет. Мына ошол жергиликтүү эл менен, жергиликтүү сунни арабдар менен биригип, “Хаят Тахрир аш-Шам” (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмунун алдында иш жүргүзүп келишет.

Сириянын де-факто лидери Ахмед ал-Шараа козголоңчу террордук топтордун лидерлери менен жолугуп жатат. 24-декабрь, 2024-жыл.
Сириянын де-факто лидери Ахмед ал-Шараа козголоңчу террордук топтордун лидерлери менен жолугуп жатат. 24-декабрь, 2024-жыл.

-Бул террорчул топтордун арасындагы кыргызстандыктар тууралуу эмне айта алабыз?

- Кыргызстандыктар ар кайсы уюмдардын ичинде бар. Мен билгенден, ал жакта жыйырмадан ашуун кыргызстандык бар. Алардын көбү өзбек улутундагылар. Ошол кыргызстандыктардын арасында жихадчылар ичинде бийик макамга жетишкендери бар.

Маселен, Абу Салох дегенди алсак. Ал «Катиба Таухид вал-Жихад» уюмун түптөп, “Ал-Каидага” киргизген. Көп өтпөй “Хаят Тахрир аш-Шам” уюмунун курамына кошулган.

Кийинчерээк “Хаят Тахрир аш-Шам” менен “Ал-Каида” 2016-2017-жылдары ажырашкан. Мына ошол ажырашуу убагында Абу Салох “Ал-Каидага” берген убадамды бузбайм дегендей кылып 50дөй өзбек жоочуларын алып, башка уюмга өтмөкчү болгондо аны Ахмед ал-Шараа же Абу Мухаммед ал-Жулани каматып салган.

Абу Салохко курал-жабдык үчүн берилген миңдеген долларды өзүнүн жеке кызыкчылыгына пайдаланган деген айып тагылган. Ал бир нече ай түрмөдө отуруп чыккан. Азыр деле Сирияда жүрөт. Бирок ал «Катиба Таухид вал-Жихад» курамынан чыгып, өзүнчө бир башка уюмдарга кошулбаган өзбек тектүү жоочуларды жетектеп жүрөт. Ал азыр Ахмед ал-Шараага каршы чыга ала турган күч-кубаты, кудурети да жок.

Болгону, айта кетүүчү жагдай, Абу Салох азыр деле жихадий террорчу уюмдардын чоң идеологдорунун бири. Диний билими, диний даярдыгы абдан жогору террордук уюмдардын көрүнүктүү идеологдорунун бири болуп саналат. Азыр дагы пропагандасын, идеологиялык иштерин жүргүзүп, борбор азиялыктардын ичинен чыккан көзгө көрүнө турган жихадий уюмдардын жетекчилеринин бири.

Бул жакка келген согушкерлер өзүлөрүнүн чыныгы аты-жөнүн жашырып жүрүшөт. Ошондойлордун дагы бири, кыргызстандык Аюб Хок деген өзбек жигит. Ал Оштун Шейит-Дөбө деген жеринен болот. Ошол "Мухажир тактикал" деген аскерлерди даярдаган мектеп ачып алган. Бул “Вагнер” сыяктуу менчик аскердик компания. Ал сириялыктарды дагы, “Хаят Тахрир аш-Шам” уюмунун мүчөлөрүн дагы, өзбек жана башка жоочуларды дагы, айтор жаңы келген согушкерлердин баарын аскердик көндүмдөргө үйрөтүп, даярдап турган мектеп.

Аюб Хок ошондой эле Интернет аркылуу дагы террордук пропаганданы кеңири жайылтып жүргөн идеологдордун бири.

Андан сырткары дагы бир кыргызстандык кыргыз жигит бар. Ал жалаң онлайн пропагандалык иштерди жүргүзөт. Ал телеграм каналы аркылуу Сириядагы террордук топтордун ишмердүүлүгү тууралуу кеңири айтып берип турат.

- Эмне үчүн Сириянын жаңы өкүмдарлары чет элдик согушкерлерге кызмат берип, аларды саясий структураларга аралаштырып жатат?

- Башар Асаддын бийлигин кулаткан 11 күндүк чабуул алдында буларга атайын убада берилген. "Эгерде бийликке келсек жарандык, паспорт беребиз жана күч түзүмдөрүнүн катарына киргизебиз" деген убадалар. Менимче, Асад бийликтен кулатылгандан кийин Сириянын жаңы лидерлери өзүлөрүнүн убадасына туруп, онго жакын чет элдик согушкерден турган уюмдардын жетекчилерин Коргоо министрлигинин курамына алып жатат.

Маселен, «Катибат Таухид вал-Жихад» уюмунун жетекчиси Абдул Азиз дамла дегендин Сайфуддин ал-Узбеки деген орун басары бар. Чыныгы аты Сайфуддин Тажибаев. Өзү тажикстандык өзбек болот. Мен билгенден ошону кабыл алышты.

Ошондой эле "Чыгыш Түркестан Ислам партиясынан" Абу Мухаммед ал Туркестани деген бар. Ага дагы, биздин тил менен айтканда, полковник наамын жана бир кызмат беришти.

Бул деген чет элдик согушкерлердин жетекчилерине гана кызмат берип жатат дегенди билдирет. Алар жаңы кызматында арабдарды башкарбайт, баягы эле өз топторуна көзөмөл жүргүзүп жүрө берет. Мен билгенден, дайындалгандардын баары Ахмед ал-Шараа менен тыгыз байланышта.

- Өз анализиңизде чет өлкөлүк согушкерлер менен ал-Жуланинин ортосунда диний пикир келишпестиктер бар экенин белгилеген экенсиз. Бул ажырым канчалык чоң? Бул өлкөдөгү чыңалууга таасирин тийгизбейби?

- Идеологиялык ажырым бар. Маселен, Ахмед ал-Шараа бир кезде “Ислам мамлекети” террордук тобунан бөлүнгөн “Ал-Нусра фронт” деген өзүнүн уюмун түзгөн Сирияда. Анын көз карашы бара-бара трансформация болуп отуруп, глобалдык жихаддан жергиликтүү калкка таяна турган күч керек экенин түшүндү дагы, ошондой жол менен кетти. Ал эми борбор азиялык террорчулар Сирияга “исламды коргойбуз” деп барышкан.

Экинчиден, сунни аалымдар “Башар Асадга каршы күрөшкүлө” деп фатва чыгарып, алардын баары Ооганстандан, Борбор Азиядан, Орусиядан барышкан. “Халифат” болбосо дагы “ислам эмиратын” түзүү көз карашы алардын приоритети.

Ал эми Ахмад ал-Шараа бул “Сирия элинин революциясы” деген ураан менен чыгып жатат.

Борбор азиялык согушкерлердин глобалдык халифат куруу тууралуу ураан чакыра турган кудурети жок. Ошондуктан алар мындай өткөөл мезгилде “Хаят Тахрир аш-Шамдын” алдында болуп, убактылуу болсо да ошол жактан жарандык, орун-очок алып жашаганга аргасыз.

Сириянын де-факто лидери Ахмед ал Шараа (Абу Мухаммед ал-Жулани). Дамаск. 30-декабрь, 2024-жыл.
Сириянын де-факто лидери Ахмед ал Шараа (Абу Мухаммед ал-Жулани). Дамаск. 30-декабрь, 2024-жыл.

- Кытай Сириядагы уйгур согушкерлеринин кызматка жетишин дароо сынга алып, эл аралык коомчулукту аларга каршы күрөшүүгө чакырды. Батыш мамлекеттери дагы чет элдик согушкерлердин кызматка отурушуна каршы экен. Сириянын жаңы бийлиги аларга кулак салабы?

- Менимче Ахмед ал-Шараа абдан прагматик лидер. Жеке ишенимимде, Сириянын жаңы өкмөтү бүгүнкү күндө борбор азиялык жихадчыларга, борбор азиялык террордук топторго муктаж болуп турат. Себеп дегенде, Асаддын жактоочулары баш көтөрө башташат.

Анын үстүнө Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи Сириянын жаштарын азыр бийликке каршы көтөрүлүүгө чакырды.

Ошондуктан мына ошондой карама-каршылыктарды алдын алуу үчүн чет элдик согушкерлерден турган жихадий уюмдарга бийликтин муктаждыгы бар. Шараа канчалык сырттан басым болбосун, аны башка жол менен чечүүгө аракет кылат. Себеби ага бийлигин бекемдеп алганга убакыт керек.

- Борбор азиялык согушкерлер өз өлкөсүнө барып “ислам революциясын” уюштуруу ыктымалдуулугу канчалык жогору? Дегеле ошондой тобокелчилик барбы? Алар кандай коркунуч жарата алышы мүмкүн?

- “Баканын өзү чөлдө болсо да көзү көлдө” деген кыргыздын бир макалы бар эмеспи. Борбор азиялык жихадчылар өзүлөрү Сирияда болсо дагы эңсегени, тилегени Борбор Азия.

Акыркы кезде алардын идеологиялык-пропагандалык материалдарында Борбор Азияга абдан көңүл бурушуп, диний, экономикалык абал, мусулмандарга жоолук, сакал жана башка маселелер боюнча кандай басым болуп жатат деген темаларды аябай көп көтөрүп жатышат.

Алар “эгер Борбор Азияда Сириядагыдай мусулмандарга каршы басым болуп, куралдуу жаңжал тутанса, барып исламды коргогонго даярбыз” деп ачык эле айтып жүрүшөт. Алар жергиликтүү калкка таянганга аракет кылышы мүмкүн. Бул жихадчылардын Борбор Азияга болгон, анын ичинде Кыргызстанга, Өзбекстанга анан айрыкча Тажикстанга болгон коркунучу бар.

Мунун баары Борбор Азиядагы саясий, диний кырдаалдан көз каранды. Олку-солкулук жаралса алар элдин арасына киргенге, чөлкөмгө көчүп барганга аракет кылышат. Айтор, алардын максаты Фергана өрөөнүндө кандайдыр бир ислам эмиратын куруу.

- Мындай жагдайда Борбор Азия бийликтери, анын ичинде Кыргызстан эмнени эске алышы керек?

- Өтө таң калганым, Сирияда Асаддын бийлиги кулап, ал жакта борбор азиялык жоочулардын иши эл аралык аренада ачык көрүнүп калгандан кийин борбор азиялык мамлекеттер Сириядагы процесстерге ачык пикирин билдире элек.

Менимче, Сириянын де-факто лидери ал-Шараага, утурумдук өкмөттүн башчыларына чыгып, алар менен байланыш түзгөнү оң болот. Себеп дегенде, ошол эле террордук уюмдардын коркунучун алдын алуу үчүн байланыш түзүү керек.

Анткени ал-Шараа Борбор Азия жөнүндө, ал жактагы исламдын орду, бийликтин мусулмандарга жасаган мамилеси жөнүндө маалыматты ошол эле согушкерлерден алат. Мындан улам Борбор Азия өкмөттөрү жалгыздан чыкпай, бирдиктүү бир платформа, бирдиктүү бир көз караш менен чыкса жакшы болот эле. Анткени террорчулар бардык беш мамлекеттен бар.

Сириянын азыркы бийлиги санкциялардан арылуу үчүн эл аралык коомчулукка кайрылып жатат. Эл аралык коомчулукка муктаж болуп турганда ошондон пайдаланып, коопсуздук маселелерин чечип алыш керек. Түркия өкмөтүнүн Сириянын азыркы бийлигине таасири чоң. Түрк шериктешик уюмун деле колдонсо ыңгайлуу болмок деген ойдомун.

- Убакыт бөлүп, маек курганыңызга рахмат.

Шерине

XS
SM
MD
LG