АКШ президенттеринин соңку 100 жылдагы ант берүүсү
АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп 20-январда ант берип, кызматка киришет. Вашингтондогу суукка байланыштуу ал инаугурацияны Капитолий Ротондасында өткөрө турганы маалым болду. Буга чейин инаугурациялар имараттын жанында өтчү. "Азаттык" АКШнын мурдагы президенттеринин инаугурациясында тартылган сүрөттөр топтомун сунуштайт.

1
Президент Калвин Кулиж (алдыңкы машинада арткы орунда отурган жылаңбаш киши) экинчи инаугурациясы. 4-март, 1925-жыл. Анын кызматка киришүү аземи алгачкы жолу улуттук радиодон чагылдырылып, 23 миллиондой америкалык президенттин сөзүн түз обдо угуу мүмкүнчүлүгүн алган.

2
Герберт Гувердин инаугурациядагы сүйлөгөн сөзүн угуу үчүн Капитолийдин алдына жана чатырына чогулган эл. Вашингтон, 4-март, 1929-жыл.
Буга чейин америкалык президенттердин кызматына расмий киришкен күн деп 4-март белгиленген. Бирок эки администрация ортосундагы өткөөл мөөнөттү кыскартуу үчүн 1933-жылы Конституцияга түзөтүү киргизилип, ант берүү 20-январга жылдырылган.
Буга чейин америкалык президенттердин кызматына расмий киришкен күн деп 4-март белгиленген. Бирок эки администрация ортосундагы өткөөл мөөнөттү кыскартуу үчүн 1933-жылы Конституцияга түзөтүү киргизилип, ант берүү 20-январга жылдырылган.

3
Жаңыдан ант берген президент Франклин Делано Рузвельт (ортосунда, чаарала галстукчан) жубайы Элеанор жана уулу Жэймс менен. Вашингтон, 4-март, 1933-жыл.
Рузвельт кызматта төрт мөөнөт, 1933-45-жылдары турду.
1951-жылкы конституциялык өзгөртүүдөн кийин бир эле киши президенттик кызматты эки мөөнөт гана аркалай алат.
Рузвельт кызматта төрт мөөнөт, 1933-45-жылдары турду.
1951-жылкы конституциялык өзгөртүүдөн кийин бир эле киши президенттик кызматты эки мөөнөт гана аркалай алат.

4
Президент Гарри Трумэн инаугурациясында кайрылуу жасап жатат. Капитолий, 20-январь, 1949-жыл. Трумэн ага чейин вице-президенттик кызматты ээлеп, Рузвельт 1945-жылдын апрелинде көз жумгандан кийин анын ордуна келген.

5
Ковбой Монти Монтана инаугурация маалында президент Дуайт Д. Эйзенхауэрге тамашалап лассо (аркан) ыргытып жатат. Капитолий, 20-январь, 1953-жыл.
Эйзенхауэр жогорку кызматта эки мөөнөт турду.
Эйзенхауэр жогорку кызматта эки мөөнөт турду.

6
Президент Жон Кеннединин кортежи кызматка киришүү аземинен кийин Вашингтондогу Пенсильвания-авенюда баратат. 20-январь, 1961-жыл. Кеннеди 1963-жылдын 22-ноябрында киши колдуу болуп өлгөн.

7
Линдон Жонсон Капитолийде 36-президент катары экинчи жолу ант берип жатат. 20-январь, 1965-жыл. Кеннединин өлүмүнөн кийин ал президенттикти аркалаган.

8
Президент Ричард Никсон (солдо) жана анын алдынкы президент Жонсон үй-бүлөөлөрү менен. Вашингтон, 20-январь, 1969-жыл. Никсон жогорку кызматка эки ирет шайланып, бирок "Уотергейт" жаңжалына байланыштуу экинчи мөөнөтүн аягына чыгарбай отставкага кеткен.

9
Жеральд Форд АКШнын 38-президенти катары ант берип жатат. (оң жакта аялы Бетти турат). Инаугурация 1974-жылы 9-августта, Никсон отставкага кеткен күнү болгон.

10
Президент Жимми Картердин кызматка киришүү салтанаты. Вашингтон, 20-январь, 1977-жыл.

11
Президент Рональд Рейган жубайы Нэнси менен инаугурация учурунда. 20-январь, 1981-жыл. Ал АКШнын башында эки мөөнөт турду.

12
Президент Жорж Буш жана биринчи айым Барбара инаугурацияга чогулгандарга кол булгап жатышат. 41-президент 1989-жылдын 20-январында ант берген.

13
Билл Клинтон жубайы Хиллари жана кызы Челсинин коштоосунда ант берип жатат. Капитолий, 20-январь, 1993-жыл.
Кызматка киришип жаткан президент "Кошмо Штаттардын конституциясын сактоого жана коргоого" ант берет.
Кызматка киришип жаткан президент "Кошмо Штаттардын конституциясын сактоого жана коргоого" ант берет.

14
Президент Жорж Буш жубайы Лора (солдо) жана вице-президент Дик Чейни аялы Линн менен инаугурациядан кийин Капитолийдин тепкичинде. 20-январь, 2001-жыл. Буш президенттик кызматты эки мөөнөт аркалады.

15
Президент Барак Обама ант бергенден кийин мурдагы президент Жорж Буш менен кетип баратат. Капитолий, 20-январь, 2009-жыл.
44-президент Обама эки мөөнөт Комшо Штаттарды жетектеди.
44-президент Обама эки мөөнөт Комшо Штаттарды жетектеди.

16
Президент Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания инаугурация маалында. Пенсильвания-авеню, 20-январь, 2017-жыл.

17
Президент Жо Байден жубайы Жилл менен кызматка киришүү салтанатынан кийин Ак үйдүн жанында. Вашингтон, 20-январь, 2021-жыл.