Украинадагы согуш окопторунан Борбор Азиядагы базарларга чейин... "Азаттыктын" кабарчылары 2024-жылы дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн тарткан таасирдүү сүрөттөрдүн топтомун сунуштайбыз.
Кошмо Штаттардын мурдагы президенти Жимми Картер 100 жашында акка моюн сунду. Ал мамлекетти башкарып турган маалда Израил менен Египеттин ортосундагы биринчи тарыхый тынчтык макулдашуусуна Кэмп-Дэвидде кол коюлган. Израил ошондо Египетке Синай жарым аралын кайтарып берүүгө макул болгон.
Мурдагы футболчу, оңчул популист Михаил Кавелашвили өлкөдөгү саясий кризистин тушунда Грузиянын жаңы президенти катары ант берди. Буга чейинки мамлекет башчы Саломе Зурабишвили кызматтан кетүүдөн баш тартып, Кавелашвилинин дайындалышы "мыйзамсыз" экенин айтууда.
Орусия тарапта согушуп жүрүп украин армиясынын туткунуна түшкөн түндүк кореялык аскер набыт болду. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Улуттук чалгын кызматы билдирди.
Бир катар эксперттер белгилегендей, далилдер "Азербайжан аба жолдору" компаниясына караштуу жүргүнчү учак Чеченстанда эле "жер-аба" классындагы ракета менен аткыланган болушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө. Андан соң гана учак Каспий деңизинин үстүнөн өтүп, Актау шаарынан анча алыс эмес жерде кулаган.
Израил ХАМАСтын лидери Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшүнө катышын моюнуна алды. АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган радикал уюмдун саясий бюросунун жетекчиси быйыл 31-июлда Тегеранда жок кылынган.
Украинанын Коргоо министрлиги Татарстанда "Шахед" дрондорунун тетиктерин ташып бараткан поезддер жок кылынганын 23-декабрда маалымдады. Бул кабарды көз карандысыз булактардан текшерүү азырынча мүмкүн эмес.
2024-жылдын 51-жумасы. "Азаттык" радиосунун кабарчылары дүйнөнүн булуң-бурчунан тарткан кызыктүү сүрөттөр топтому.
Украин президенти Владимир Зеленский Брюсселде өтүп жаткан Европа лидерлеринин бейформал жолугушуусуна жана Еврокеңештин саммитине катышты. Ал тапта Орусиянын президенти Владимир Путин жылдык маалымат жыйынын куруп, Украинадагы согуш тууралуу суроолорго жооп берди.
Москвада жогорку кызматтагы орус генералы Игорь Кирилловдун киши колдуу өлүмүнө шектелип өзбек жараны кармалганы тууралуу жаңылык Орусияда жашаган мигранттарды катуу нес кылды.
Дагы жүктөңүз