Израилдин бийлиги ХАМАС менен акыркы мүнөттөрдөгү пикир келишпестик келишимди толук бекитүүгө жолтоо болуп жатканын билдирди. ХАМАСтын өкүлдөрү арачылар жарыялаган келишимдин жол-жобосун сактоого даяр экенин ишарат кылышты.
Бейшембиге караган түнү Газанын бардык аймактарында жана Израилдин бир нече шаарында көптөр кубанычтан уктай алган жок. Баары согуш бүттү деп бири-бирине сүйүнчүлөп, көзүнө жаш алып, куттуктап жатышты.
"Бизге үйдүн да кереги жок, тынч уктап, тынч ойгонсок болду. Бир жыл үч айдан бери дурусураак тамак ичип-жеп, уктай элекпиз. Азыр жакшы жаңылык угуп жатканыбызга Кудайга миң мертебе шүгүр", - деп Газанын тургуну кубанса, Тель-Авивдин жашоочусу Уоррен Стайл ашыкча сүйүнүүдөн дагы коркуп турганын айтты.
"Эмоциялар толуп, сезимдер аралашып, толкунданып турабыз. Албетте, бул жарым-жартылай келишимди биздикилерди үйгө кайтаруунун башталышын билдирет. Бирок ошону менен катар кооптонуу дагы бар. Анткени буга чейин бизде ийгиликсиз тажрыйбалар болгон. Бул жолу да башталбай жатып үзгүлтүккө учурабаса экен. Баары ойдогудай болуп, туткундар мекенине кайтса экен", - деди Уоррен Стайл.
Кооптонгондой эле айрым газалыктардын сүйүнчүсү көпкө созулган жок. Ушул эле түнү жана 16-январдын таңында Израилдин армиясы абадан соккуларын күчөттү.
Аймактын саламаттык сактоо башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, соңку чабуулдардан 40тай палестиндин өмүрү кыйылды. ХАМАСтын согушкерлери да жөн турбай, Израилдин аймагын ракеталар менен аткылады. Ал жакта жараат алгандар тууралуу кабарланган жок.
Келишимдин шарттары
Ок атышууну токтотуу тууралуу келишим жетишилгенин жарыялаган АКШнын президенти Жо Байден ал бир нече баскыч менен ишке ашарын айткан.
Алты аптага созула турган биринчи фазасында ок атышуу токтоп, Израил күчтөрү Газанын калктуу конуштарынан чыгып кетиши керек. Ошондой эле ХАМАСтын барымтасындагы бир катар туткундар бошотулуп, Израилдин абагындагы айрым палестиндер да эркиндикке чыгат жана газалыктардын үйүнө кайтышына, тилкеге гуманитардык жардамдын жеткирилишине мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Жо Байдендин айтымында, экинчи этапта согушту биротоло токтотуу боюнча Израил менен ХАМАСтын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрөт. Ошондой эле калган туткундар, анын ичинде аскердик кызматкерлер бошотулат. Мындан тышкары Израилдин Газадагы калган күчтөрү чыгып кетет жана ок атышууну токтотуу боюнча убактылуу мунаса туруктуу келишимге айланат.
Үчүнчү этапта каза тапкан туткундардын сөөгү үй-бүлөлөрүнө өткөрүлүп берилет жана Газа тилкесин кайра калыбына келтирүү иши башталат.
Нетаньяху ХАМАСты күнөөлөдү
Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху ХАМАС радикал уюму менен акыркы мүнөттөрдөгү пикир келишпестик келишимди толук бекитүүгө жолтоо болуп жатканын билдирди.
Премьер-министрдин кеңсеси тараткан билдирүүдө ортомчулар ХАМАС келишимдин бардык жол-жобосун кабыл алганын жарыяламайынча Израил өкмөтү аны жактырууга чогулбастыгы эскертилет.
ХАМАСтын өкүлдөрү арачылар жарыялаган келишимдин жол-жоболорун сактоого даяр экенин айтууда.
Эгер Израилдин өкмөтү ок атышууну токтотуу келишимин бекитсе, ал 19-январдан тартып күчүнө кирет.
Нетаньяхунун өкмөтүндөгү ашынган улутчул министрлер келишимдин кабыл алынбай калышына үмүт артууда.
Каржы министри Бецалел Смотрич ХАМАС толук жок кылынмайынча Израил согушту кайра жандантса гана өкмөттө каларын эскертти.
Ички иштер министри Итамар Бен-Гвир дагы согушту токтотуу тууралуу келишим жетишилсе министрлер кабинетинен кетерин айтты.
Газадагы согушка ХАМАСтын 2023-жылдын күзүндө Израилге кол салуусу түрткү болгон. Анда 1200дөй кишинин өмүрү кыйылап, 250дөй адамды согушкерлер барымтага алып кетишкен.
Барымтадагылардын 100дөн ашууну согуштун алгачкы жумаларында ок атышууну токтотуу боюнча жетишилген убактылуу келишимдин алкагында бошотулган. Газада калган 100дөй туткундун үчтөн бир бөлүгү набыт болгон деген кабарлар бар. Алардын айрымдары чабуул маалында, башкалары туткунда кармалып турганда каза болгону айтылып келет. Израил алты туткунду бошотуп, ондон көбүнүн сөөгүн чыгарган.
ХАМАСтан өч алуу максатында Израил Газада баштаган согуш 46 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.
Шерине