"Айла жок күтөбүз"
Кыргызстандык Рахат (аты өзгөртүлдү) Мексиканын Тихуана шаарында жашы жете элек үч баласы, күйөөсү менен отурат. Анын CBP One тиркемесинде турган каттоосу тиркеме жабылган соң жокко чыккан. Аялдын үй-бүлөсү менен АКШга барам деп жолго чыкканына бүгүн 63 күн болду.
"Бир нече күн Тихуана шаарындагы "мечитте" баш калкаладык. Бирок көп балалууларга шарт жок. Айла жок, ижарага батир алып, чыгып кеттик. Азыр ар бир күнүбүз кошумча чыгым. Трамп чек араны жапканы тууралуу маалыматты уккандан кийин баарыбыз сарсанаа болуп жатабыз. Бирок артка жол жок. Анткени АКШга барабыз деген чечимге келүү оңой болгон эмес", - деди ал.
Күйөөсү мамлекеттик кызматкер болгонун айткан Рахат анын Кыргызстандагы ишинде маселе жаралып, кетүүгө туура келгенин, үй-бүлөсүнө 30 миң доллардай каражат кеткенин кошумчалады:
"Ушунча акчаны коротуп коюп, кайра артка кайтуу деле оор экен. Азыр бир чечимге келип калса экен деп Кудайдан тилеп отурабыз. Бул жактагылардын баарынын эле үмүтү чоң. Биз эки ай жол жүрүп, ушунча каражат сарптап келгенден кийин кете албай отуруп калдык".
Рахат айтып жаткан Тихуана шаарындагы "мечит" - мусулман мигранттар баш калкалаган убактылуу жай. Кыргызстандыктар аны "мечит" деп атап алышкан. Адатта ондогон күндөр бою Мексикада калып, кезегин күткөндөр мындай жайларда баш калкалайт. Мексиканын шаарларында жогоруда сөз болгондой бир нече "мечит" бар.
"Тихуана эле эмес, Мехико шаарында да мындай "мечиттерден" бир нечеси бар. Кыргыздар көбүнчө Тихуанада ушундай жайларда баш калкалашат. Анткени бул туристтик шаар болгондуктан, өтө кымбат. Тамак-аш, жаткан жерге каражат көбүрөөк кетет. Мехикодо жашоо бир аз арзан. Ал жерде биздин мекендештер чогулуп, ижарага батир алышат же хостелдерде түнөшөт. Азыр да чек арадан өтөм деп ошондой жайларда күтүп отурган кыргыздар бар. Алардын так санын айтуу оор. Болжол менен 100дөн ашык болушу мүмкүн", - деди АКШга жетүүнүн жолдорун баяндаган Телеграм каналдын биринин администратору.
"Мексика аркылуу Америкага жол" же "Туристтер" сыяктуу Телеграм каналдарында бир күндөн бери чек арадагы кырдаал утур-утур талкууланып жатат. 7000дей катталуучусу бар тайпалардын биринде 80ге жакын адам телефондон Мексиканын чек арасындагы соңку кырдаалды талкуулап жатканына "Азаттыктын" кабарчысы да күбө болду.
Алардын арасында ушул тапта АКШга сапар алып, жолдо бараткандар басымдуулук кылат экен. Айрымдары аты-жөнүн ачык айтпай сүйлөп берүүгө макул болду.
"Азыр бул жакта деле жагдай оор жана түшүнүксүз. Бир жагынан CBP One тиркемеси буга чейин бир нече ирет иштебей калган учур болгон жана ал аркылуу чек арадан өткөн кыргыздар өтө аз. Ошондуктан тиркеме жабылды, баары токтоду деп айта албайбыз. Азыр Мексикада күтүп отурганы деле, кетсемби дегени деле бар. Акыркы эки күн ичинде бизге жазгандар аябай көп болду. Негизинен АКШга Мексика аркылуу баргандардын саны Трамп президент болуп шайлангандан кийин кескин азайды. Бирок таптакыр жок болуп калган жок. Себеби бул айрымдар үчүн аргасыз чара. АКШга бул жолду тандап бараткандардын баары эле мигрант эмес. Арасында Орусиядан кайткандар, орус паспорту менен кеткендер өтө көп. Журналисттер, блогерлер, айрым оппозициялык саясатчылардын тарапташтары, укук коргоо кызматкерлери, мамлекеттик кызматкерлер, керек болсо аткаминерлер бар. Биздин тажрыйбада зомбулук көргөн аялдар да болгон", - деди алардын бири.
Мексикага кыргызстандык мигранттар кеминде беш-алты, ал тургай онго жакын өлкө аркылуу жетет. Алар чытырман токойлордо далай күн жол жүрүп, кенедей кайык менен сууда сүзүп өткөн учурлар болот. Мексикага жетүү үчүн эле өтө көп акча керектелет.
"Ушундан улам да кетпей, жообун угалы деп жатабыз", - деди "Азаттык" менен сүйлөшкөн дагы бир кыргызстандык. Анын айтымында, чыгым ар кимдики ар кандай:
"Орус паспорту барлар Мексикага түз учуп келгендиктен, арасында 4-5 миң доллар короткону деле болгон. Ошол эле кезде 10-12 же 15 миң долларга чейин акча сарптаганы да бар. Бирок бул жол опурталдуу жана түшүнүксүз. Чыгым да ар кандай болушу мүмкүн. Күтүлбөгөн учурлар да бар. Тайпада жазгандар арасында кечээ чек арадан кирип кеткени болду. Бирок маалымат бере элек. Бүгүн кыргыздардан эч ким кирген жок. Бир нече күн туралы деп жатабыз. Мексика аркылуу келген мигранттардын аркасы менен акча тапкан адвокаттар көп болот. Алардын кызмат акысы кымбаттап, кээде такталбаган деле маалымат бериши мүмкүн".
"Тырмагымдын кирин сорсом да мекенге кайтканым оң"
"Азаттык" ушул тапта Мексиканын шаарларында баш калкалап жаткан онго жакын кыргызстандык менен байланышты. Айрымдары чек арадагы өзгөрүүнү күтүп жатса, арасында мекенге кайтууну пландап жаткандар да бар. Алардын бири Жоомарттын Мехикого келгенине бир айга чукулдаган:
"Үч бала менен бир батирде жашап жатабыз. Бизге эң арзаны ушул болду. Тамак-ашты үйдөн жасап жеп жатабыз. Болушунча акча үнөмдөп отурабыз. Кечээтен бери маанайыбыз жок. Негизи бул күтүлгөн нерсе эле, ошентсе да даяр эмес болчубуз. Мен негизи CBP One тиркемесине каттоого турсамбы деп ойлогом. Бирок ага дагы үлгүргөн жокмун. Ушу күнгө чейин 7000 АКШ долларын сарптадым. Азыр адвокат менен сүйлөшсөм, андан дагы көп акча керек болорун айтты".
Жоомарт Дубай аркылуу Мексикага келгенин айтты. Бирок "Азаттык" белгилүү себептерден улам анын так маршрутун ачыктабайт. Ал буга чейин Орусияда, Европа өлкөлөрүндө иштеп келген.
"Бүгүн артка билет алдым. Анткени чек арадан өтүп кирген күндө деле тынымсыз текшерүүлөр жүрөт деп айтып жатышат. Демек, депортация болуу коркунучу чоң. Бүгүн эле кайра артка билет алдым. Эртең кетем. Тырмагымдын кирин сорсом да мекенге кайтканым оң. Акча кетти, чыгым болдум. Бирок анын баары табылат деп ойлойм. Акчаны табам. Азыр Кыргызстанга кетсем, кийин Европага барып иштегим келет. Буга чейин да баргам. Себеби, угушумча, АКШдан деле кеткендер бар экен. Мексикага жетип деле мага окшоп кеткендер бар".
Чек арадагы кырдаал тууралуу талкуу Телеграм-каналдарда "детеншн" (detention) тайпаларында да кызуу жүрүп жатат. Детеншн АКШ менен Мексиканын чегиндеги атайын режимдеги иммиграциялык борбор, же, башкача айтканда, түрмө. Андан чыккан жарандын тагдыры сот аркылуу чечилет. Депортация болуп артка кайтарылат же АКШнын аймагына киргизилет.
Биз менен сүйлөшкөн дагы бир кыргызстандык жакындары ушул тапта Калифорниядагы ошондой борборлордун биринде кармалып турганын айтты:
"Алар жубайлар. Кеткенине 7-8 ай болуп калды. Борборго кармалганына 200 күндөн ашты. Бүгүн кабарлашсам, дагы 10 күндөй отурабыз, болбосо артка кайтарууну суранабыз деп айтышты. Азыр тайпада жакындары детеншнде отургандар арасында дүрбөлөңгө түшкөндөр көп. Жагдай өтө оор. Алар 15 миң доллар коротуп, дагы кошумча кейске 2500 доллар сарпташты. Негизги себеп катары саясий куугунтукту көрсөтүшкөн. Кейси реалдуу эле, бирок адвокаттар көркөмдөп бериш үчүн да акча алышат экен. Мен азыр алар кабылган жагдайды карап отуруп эле барбай коёюн деп чечтим. Антпесе, мен да ушул айда жолго чыгайын деп жаткам".
20-январда Мексиканын чек ара пункту аркылуу АКШнын аймагына өтүү үчүн колдонулган CBP One миграциялык тиркемеси жабылды. Тиркемени АКШнын Бажы жана чек ара кызматы иштеп чыккан. Кызматтын веб-сайтындагы жарыяда программа мындан ары иштебей турганы жана буга чейинки каттоо жокко чыгарылганы жазылып турат.
CBP One тиркемеси аркылуу чек ара жана бажы кызматтарына алдын ала катталып, АКШда эмне менен алектенери тууралуу кабар берип, күнүнө болжол менен 1450 адам чек арадан кирип турган. Тиркемени колдонуучулардын басымдуу бөлүгү Кубанын, Венесуэланын, Гаитинин жана Мексиканын жарандары болгон. Аталган система иштеп турган чакта бир миллиондон ашык мигрант АКШга кирүүгө мүмкүндүк алганы айтылат.
Буга чейин "Азаттыктын" кабарчылары менен сүйлөшкөн борборазиялык мигранттар да АКШга кирүү үчүн CBP One тиркемесин колдонорун айтып беришкен.
Трамп ишин миграциядан баштады
20-январда Дональд Трамп АКШнын президентинин кызматына расмий киришип жатып сүйлөгөн сөзүндө Кошмо Штаттардын түштүктөгү чек арасында өзгөчө кырдаал жарыялай турганын, мыйзамсыз мигранттарды Мексикадан АКШга киргизбей турган саясатка басым жасарын айткан:
“[АКШга] мыйзамсыз киргендердин баары дароо токтотулат жана биз миллиондогон, миллиондогон кылмыштуу чоочундарды келген жагына кайтаруу жараянын баштайбыз”.
Трамп ант берери менен дароо ондогон буйруктарга кол коюп, Мексика менен чек арада жана энергетикада өзгөчө кырдаал киргизерин, мыйзамсыз мигранттар өлкөдөн чыгарыларын жарыялады.
“Мексикада калгыла” деген саясатты калыбына келтиребиз, “кармап, кайра коё бергиле” деген тажрыйбаны токтотобуз. Мен өлкөбүзгө кирген агымды токтотуш үчүн түштүк чек арага аскерлерди жиберем", - деди Трамп ант бергенден кийинки сөзүндө.
Трамп иммиграция маселесине жана Мексика менен чек арага байланыштуу жарлыктарын Американын улуттук коопсуздугун жана суверендүүлүгүн коргоо аракети менен түшүндүрүүдө. Маселен Мексика менен чек арада өзгөчө кырдаал киргизген жарлыгында Американын “суверендүүлүгү коркунучта” деп белгиленген. Документте Американын түштүктөгү чек арасын картелдер, кылмыштуу топтор, керек болсо террордук топторго байланышы бар кишилер, адам аткезчилери көзөмөлдөп калганы, чек арадан америкалыктарга залакасын тийгизген маңзаттар кирип жатканы белгиленген.
Чек аранын коопсуздугун жакшыртууга байланыштуу дагы бир жарлыгында “АКШнын аймагына мыйзамсыз жолдор менен кирген чет элдиктердин арасында потенциалдуу террорчулар, тыңчылар, трансулуттук кылмыштуу топтордун өкүлдөрү жана ниети бузук кастык маанайдагы тараптар бар” экени жазылган.
Ошондой эле Трамптын жарлыктарында ар бир өлкө чек арадан өтүп жаткан жарандарды тыкыр текшерүүгө укуктуу экени көрсөтүлгөн.
АКШда жашаган кыргызстандык Эркин Урманбетов Трамптын саясаты кыргызстандык мигранттарга кандай таасир этерин боолголоду:
"Трамптын келгени Мексика аркылуу кирген кыргыздардын маанайын бир топ түшүрдү. Анын саясаты негизинен мыйзамсыз келген мигранттарга багытталган. Азыр эми рейддер да жүрөт деп айтып жатышат. Рейддер бирок Орусиядагыдай көчөмө-көчө кыдырып жүрбөйт. Бул жерде соттун чечимине жараша мигранттар жашап же иштеген объектилерди текшерүүгө алат. АКШда сыртта баратканда эле адамды токтотуп, документтерди текшерүү деген жок. Ал укук бузуу болуп саналат".
Эл аралык уюмдар, мигранттар менен иштеген бирикмелер жана мамлекеттик мекемелер жарандарга эмгек миграциясына мыйзамдуу жолдор менен гана барууну такай эскертет.
Өткөн жылы Борбор Азиядан АКШга барган мигранттардын саны көбөйгөнү, 50 миңдейи мыйзамсыз киргени айтылган. Алардын 17 миңдейи Өзбекстандын, 7 миңдейи Кыргызстандын, 3 миңдейи Тажикстандын, 2700ү Казакстандын жана 2 миңи Түркмөнстандын жараны.
Шерине