Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунун тайпалык баскычында Кыргызстандын улуттук курама командасы Сауд Арабиясынын оюнчулары менен беттешип, 0:2 эсебинде жеңилди. "Акшумкарларды" сүрөгөн күйөрмандар Эр-Райян шаарындагы Ахмед бин Али стадионун шаңга бөлөдү.
Атактуу төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин көзү тирүү болгондо быйыл 17-январда 46 жашка чыкмак. Акындын туулган күнүн утурлай "Айтыш" коомдук фондундагы шакирттери өзү түптөп кеткен “Төкмө келсе төр бошот” долбоорунун негизинде эскерүү концертин тартуулашты.
Бишкектеги Балдардын тез жардам ооруканасында чарчап калган эки жашар наристенин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Дене табы көтөрүлүп, оор дем алып келген наристе ооруканада 13-январда чарчап калган. Анын ата-энеси дарыгерлерди күнөөлөп, укук коргоо органдарына кайрылган.
Ооруга чалдыккандардын көбү эмделбеген жаш балдар. Казак бийлиги жүз миллиондогон долларга вакцина сатып алынганын жарыялап, балдарын эмдөөдөн баш тарткан ата-энелерге нааразылыгын билдирди. Бийлик элге маалымат каражаттары аркылуу эмдөөнүн маанисин жайылтууну зарыл деп эсептейт.
Мамлекеттик мүлк агенттиги Кара-Суу базарын толук алууга аракет кылып жатат. Соттун эки инстанциясында алардын пайдасына өкүм чыкты. Учурда алып-сатуу келишимдерин жокко чыгаруу арызы сотто каралууда. Базаркомдор, жер ээлери муну "рейдерлик басып алуу" аракети катары сыпаттап келет.
Кыргызстанда азык-түлүк, күйүүчү май, курулуш материалдары жана башка товарларга баалар акыркы эки-үч жылдан бери көтөрүлүп жатат. Айлык-акы көтөрүлгөн менен ал бааларды кубалап жетпей жатканына даттангандар көп. Жаңы жылдагы базарлардагы маанай кандай?
Адистердин айтымында, акыркы жылдары Кыргызстанда бөйрөгү иштебей калган жаштардын катары калыңдап баратат.
Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бөйрөк трансплантациясы боюнча кезектеги операция жасалды. 43 жаштагы Жаныбек Калманбетовго анын бир тууган карындашы, 36 жаштагы Атыргүл Калманбетованын бир бөйрөгү салынды. Акыркы беш жылда аталган ооруканда 44 операция жасалды.
Жалал-Абад облусттук балдар клиникалык ооруканасында сасык тумоо жана кызамык менен кайрылгандар көбөйдү. Ушул тапта жугуштуу оорулар бөлүмүндө жыйырма беш бала кызамык оорусунан дарыланууда. Балдар клиникасына күнүгө сасык тумоо же башка оорулар менен кайрылгандардын саны 100гө чыгып жатат.
Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында быйылкы кургакчылыктан улам тоют жакшы болбой калып, айрым фермелер мал-жандыктарынын санын азайтып, базарга алып чыгууга аргасыз болууда. Бир таңгак чөп 450-500 сомго чейин чыкты. Ашуу ашып, бир чөлкөмдөн экинчисине чөп сатып алып кеткендер болууда.
Бишкекте үч жаштагы Алия Кубанычбекова аттуу кыз тиш дарылоо маалында чарчап калганы маалым болду.
Дагы жүктөңүз