Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:43

Министр Төрөбаев 960 айылда таза суу жок экенин айтты


Алай районундагы айылдардын бириндеги суу көйгөйү. Иллюстрациялык сүрөт.
Алай районундагы айылдардын бириндеги суу көйгөйү. Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул тапта Кыргызстандагы 960 айылда таза суу жок. Ал айылдарга таза суу жеткирүү үчүн 1 млрд доллар керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин 12-марттагы отурумунда билдирди. Анын сөзүнө караганда, 1 млрд доллардын 800 млн доллары таза сууга, 200 млн доллары саркынды суу үчүн керек.

"Учурда биз 168 айылда долбоорлоо жана курулуш иштерин жүргүзүп жатабыз. Быйыл 40 айылда бүтүрөбүз", - деди Бакыт Төрөбаев.

Министр каражаттын булагын ачыктаган жок.

Таза суу маселеси өлкөдөгү көйгөйлөрдүн бири. Айрыкча ичүүчү суунун тартыштыгы аймактарда курч. Ичкенге таза суу жеткиликтүү болбогон айылдарда күз мезгилинде ичеги-карын ооруларына, жугуштуу илдеттерге байланыштуу маселе жаралат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жайы министрлиги былтыр жайында берген маалыматында Кыргызстандагы 1906 айылдын 637си гана таза суу менен камсыздалганы айтылган. Дагы 1071 айылга жакын арада ичүүчү суу киргизүү зарылчылыгы бар. Мекеме учурда өлкө боюнча 260 айылга таза суу киргизүү программасы иштеп жатканын маалымдаган.


2011-жылы республиканын жүздөгөн айылдарын таза суу менен камсыздоо максатында “Таза суу” долбоору ишке кирип, 2023-жылы Азия өнүктүрүү банкы каржылоону токтоткон. Долбоор болжол менен 20 миллион долларды түзгөн. Төрт жыл мурун бийлик 2023-жылга чейин өлкөнүн калкын таза суу менен толук камсыз кылууга убада берген.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG